Прошедшее мероприятие

Фейсбукта түз видеоберүү: "Карантин талаптарын кантип аткарыш керек? Дарыгердин кеңештери" | ЦППИ

26-майда саат 19:00до Саясий-укуктук изилдөө борборунун Фейсбук баракчасында түз видеоберүү башталат. Коногубуз - "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы" мамлекеттик мекемесинин дарыгери – жалпы хирург Эрмек Исмаилов.
 
Тема: "Карантин талаптарын кантип аткарыш керек? Дарыгердин кеңештери"
 
1. Санитардык-эпидемиялык эрежелерди туура аткаруу.
2. Жакындарыбызды коронавирус илдетинен кантип сакташыбыз керек?
3. Кимдер тобокелдик факторлорго кошулат?
4. Коронавирус тууралуу мифтер менен фейктерди талкуулоо.
5. Пандемия качан аяктайт?
6. Вакцина сентябрда даяр болобу?
 
Бул видеоберүү «Сорос-Кыргызстан» Фондунун «COVID-19 - Медиа кол кабыш» долбоорунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну СУИБ уюмунун жоопкерчилиги болуп саналат жана "Сорос-Кыргызстан" Фондунун көз карашын билдирбейт.
Организатор: Саясий-укуктук изилдөө борбору