Статья

Жогорку Кеңештин депутаттары параллелдик шайлоо системасы аркылуу шайланышат: сунушталган түзүлүштөр жана алардын аракети

Партиялар үчүн 55 орунга шайлоо босогосу мыйзам долбоорунда жазылгандай 3% эмес, иш жүзүндө - 6,3%.

Өзгөртүүлөрдүн демилгечилеренин ою боюнча парламенттик шайлоолор 2020-жылдын октябрь окуяларына байланыштуу демократиялык добуш берүүлөр циклин жыйынтыктайт. Кыргызстандын тажрыйбасы көрсөткөндөй, парламенттик шайлоо өтө чоң саясий оюнга айланат. Өнөктүк адатта ар кандай толкундоолорго, ал тургай өлкөдөгү төңкөрүштөргө негиз болуп келет. Мындан улам өлкөнүн негизги саясий күчтөрү да, шайлоочулар да шайлоо мыйзамдарынын өзгөрүшүн кызыгуу менен күтүп жатышты.

Мурдараак пропорционалдык же аралаш системада бирдиктүү жалпы республикалык округ системасы тандалышы мүмкүн экендиги тууралуу кеп болуп жаткан. Кыргыз Республикасынын Президентинин сайтында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын долбоору жарыяланды. Мындагы өзгөртүүлөрдү жаңы Конституциянын кабыл алынышы гана эмес, шайлоо системасына олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү убадалары да шарттады. Бул макала КР парламентине шайлоо системасында иш жүзүндө эмне өзгөрөт, ошондой эле мыйзам долбоорунда шайлоочу жана депутаттыкка потенциалдуу талапкер үчүн эмне жаңычылдыктар бар экенин түшүндүрөт.

Жаңы шайлоо системасы

КР Президентинин мыйзам долбоорунда Жогорку Кеңештин (ЖК) 90 депутаты шайлоо системасынын эки көз карандысыз түрү боюнча шайланат:

  • 55 депутат мурдагыдай эле бирдиктүү жалпы республикалык шайлоо округунан пропорционалдык системада шайланат, мурдагыдай эле партиялык тизме менен келишет. Мандаттар да баштапкыдай пропорционалдык системада Хэйра квотасы боюнча бөлүштүрүлөт:
  • а калган 35 депутат салыштырмалуу көпчүлүктүн мажоритардык системасы боюнча бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат (бул системанын башкача аталыштары да бар). Округ боюнча шайлоого катышкан шайлоочулардын эң көп добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.

Шайлоо системасын өнүктүрүүдөгү позитивдүү  жери - ЖК депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугунун негизги субъектиси катары саясий партиялардын сакталып калышы. Жеке талапкерлерге караганда, партиялар лидерлик көндүмдөрдү, адамдарды уюштуруу жана командада иштөө жөндөмүн талап кылган уюмдар болуп саналат.  Саясий партиянын шайлоо алдындагы программасы - партиянын позициясын жана өлкөнү өнүктүрүү боюнча идеяларын чагылдырган олуттуу комплекстүү документ. Мыйзам долбоорунда саясий партиялар өз талапкерлерин шайлоо системасынын эки түрү боюнча тең көрсөтө алышат.

Эки башка системанын шайлоо жыйынтыктары бири-бирине таасир этпейт. Андыктан маалымкат-негиздемеде берилгендей аралаш эмес, параллелдик система сунушталып жатат. Параллелдик система Япония, Литва, Россия, Казакстанда бар.

Аралаш системада эки башка система боюнча мандаттарды бөлүштүрүү бири-бири менен тыгыз байланышта, пропорционалдык система элементи бир мандаттуу округдардын диспропорционалдуулугун жабат. Аралаш мүчөлүк системасы Боливия, Германия, Лесото, Мексика, Жаңы Зеландия, Улуу Британия, Шотландия, Уэльс, Финляндияда бар.  

Түштүк Корея жана Таиланд паралеллдик системадан баш тартып, 2019-жылы аралаш мүчөлүк системасын киргизишти. Анткени аралаш мүчөлүк система шайлоо системасынын прогрессивдүү түрү болуп саналат, шайланып жаткан органдагы орундарды адилеттүү бөлүштүрүүгө өбөлгө түзөт жана шайлоочулардын добуштары азыраак жоготууга учурайт.

Бирок Кыргызстанда азырынча параллелдик системаны тандашты. Бир мандаттуу шайлоо округдары шайлоочулардын саны боюнча болжолдуу теңдикте түзүлөт (15 пайыздан ашпаган четтөөгө жол берилет); ошол эле учурда өлкөнүн административдик-аймактык бөлүнүүсү эске алынат жана шайлоо округун өз ара чектешпеген аймактардан түзүүгө жол берилбейт.

Шайлоо округдарынын чек аралары жана аймактык шайлоо комиссияларынын даректери, анын ичинде сүрөттөрү Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан  к үн мурунтан жарыяланат. Кыргызстандын чегинен сырткары жакта жашаган шайлоочулар анык бир шайлоо округуна камтылган деп эсептелинишет.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн жаңылыктар

Аракеттеги мыйзамга салыштырмалуу (21 жаш) эми ЖК депутаттыгына КРнын жашы бир топ улуураак жараны көрсөтүлө алат. Шайлоо өтүп жаткан күнү ал 25 жашта болушу талап. Ошол эле учурда бир адам бир эле шайлоо (бир мандаттуу же пропорционалдык системадагы бирдиктүү) округунан гана талапкер катары чыга алат. 

Мыйзам долбоорундагы дагы бир жаңычылдык - мамлекеттик же муниципалдык саясий кызматкер (Президентти, Жогорку Кеңештин депутатын жана жергиликтүү кеңштин депутатын кошпогондо), ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери  талапкер катары көрсөтүлгөн күндөн тарта өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотушат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер, ЖМК кызматкери болгон талапкерлер өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууну токтотот. Ошондой эле талапкерлер өзүнүн жана туугандарынын кирешеси, мүлкү тууралуу маалыматты, же болбосо мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин өткөн жыл үчүн киришелеринин бирдиктүү декларациясынын көчүрмөсүн бериши керек.

Депутаттыкка потенциалдуу талапкерлер үчүн мыйзам долбоору эки шайлоо системасынын бири боюнча көрсөтүлүү мүмкүнчүлүгүн карайт: бирдиктүү округдан же бир мандаттуу округдан, ошондой эле көрсөтүлүүнүн да эки жолу бар: партия аркылуу - бирдиктүү округдан же бир мандаттуу округдан, шайлоочулардын чогулушу менен - бир мандаттуу округдан.

Талапкерлерин бирдиктүү шайлоо округунан көрсөткөн сасий партиялар он миң эсептик көрсөткүчтө (1 млн сом) күрөө калтырышы керек. Ошондой эле партиялар парламенттик шайлоого пропорционалдык система боюнча бирдиктүү округдан катышуу үчүн төмөндөгүлөргө жөндөмдүү болушу керек:

  • 3% республикалык босогону жана
  • ар бир облуста, Бишкек жана Ош шаарларында 0,7% аймактык босогону өтүшү керек;
  • саны 55тен ашпаган талапкерлер тизмесин көрсөтөт;
  • талапкерлердин тизмесинде өкүлчүлүк талабын карманышы талап: бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, кезектешүү айырмасы эки позициядан ашпоосун; талапкерлердин 15%дан кем эмеси 35 жашка чейин, алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек; 15%дан кем эмеси ар кандай этностордон, алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек; кеминде 2 талапкер ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардан, булардын бири биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.

Аймактарда жана эки шаарда шайлоо босогосу 0,7%ды түзгөн үчүн иш жүзүндө жалпы өлкө боюнча босого мыйзам долбоорунда жазылгандай 3% эмес, 6,3%ды түзөт. Башкача айтканда, эки эсе жогору. Бул добуштардын 6,3%дан ашыгын алган партияларга добуш бербеген шайлоочулардын добуштары жок болуп кетет дегенди түшүндүрөт.

Мыйзам долбоорунун башка бир позитивдүү жагы - бийликтин шайлануучу органдарында аялдардын болушу боюнча Кыргызстандын эл аралык коом тааныган жетишкендиктеринин бекемделиши. Өлкө калкынын 50%ын түзгөнү үчүн гана эмес, өз үй-бүлөлөрү, анын ичинде баланы көтөрүү, төрөө, багуу, чоңойтуу, ага билим берүү үчүн жооптуу болгону үчүн да аялдар өлкөнүн шайлануучу органдарындагы өз өкүлчүлүгүн жакшыртууга татыктуу.

Мурдагы коргоо чараларына карабай, ушул тапта ЖКда аял-депутаттар 20%дан аз калды. Кароодогу мыйзам долбоорунда аракеттеги Мыйзамдын "эгер бирдиктүү шайлоо округунан шайланып келген аял депутат ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотсо, анын мандаты тизмеде кийинки болуп катталган ушул эле жыныстагы талапкерге берилет" деген талап сакталып калган.

Албетте, муну айрым өлкөлөрдүн, айталы, Бельгия же Скандинавия өлкөлөрүнүн жетишкендиктери менен салыштырып болбойт. Бирок талкуудагы мыйзам долбоору аял-депутаттардын шайланып келишине мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртты. Мыйзам долбооруна ылайык, партия тизмесиндеги бир жыныстагы талапкерлердин ортосундагы кезектешүүдөгү айырма эки позициядан ашпашы керек, аракеттеги Мыйзамдын редакциясында болсо "үч позициядан" деп белгиленген эле.

Бир мандаттуу округдарда – партияларга толуктоо катары талапкерлер (өзүн өзү көрсөткөндөр) ошол шайлоо округунда жашаган жарандардын чогулушу менен көрсөтүлө алат.

Бир мандаттуу округдан өзүн-өзү көрсөтүү үчүн ЖК депутаттыгына талапкер ошол округдан талапкер катары чыгуу ниетин билдирген арыз менен аймактык шайлоо комиссиясына кайрылат. Бирок бул жетишсиз. 100дөн кем эмес шайлоочу келген жыйын катышуучуларынын жарымынан көбү талапкерликти колдошу керек. Бул фактыны аймактык шайлоо комиссиясы текшерет.

Ошондой эле бир мандаттуу округда  талапкер кандай ыкма менен (партия же шайлоочулардын жыйыны аркылуу ) көрсөтүлгөнүнө карабастан,  100 миң сом (миң эсептик көрсөткүчтө) өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн киргизет.

Шайлоо формуласы жөнөкөй болгону (салыштырмалуу көпчүлүктүн мажоритардык системасы) - шайлоочулардын эң көп добушун алган талапкер шайланды деп эсептелгени үчүн, жеңишке шансы жок алсызыраактарда шайлоого катышууга стимул жок болот. Ошондуктан өз мүмкүнчүлүктөрүн эсептегенди билбеген талапкерлердин көп санда катышуусу, ага байланыштуу ызы-чуулар басаңдайт. 

Анын үстүнө бир мандаттуу округда шайлоого катышкан шайлоочулардын добушунун 5%дан кемин алган талапкерлерге шайлоо күрөөсү кайтарылбайт. Бирдиктүү шайлоо округунда партиялар үчүн бул талап добуштардын 1%дан кеми деп белгиленген. Эгер талапкерди, партиялардын тизмесин каттоо жокко чыгарылса же болбосо добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылса да, шайлоо күрөөсү кайтарылбайт.

Шайлоочу үчүн жаңылыктар

Шайлоого катышу үчүн биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочу сөзсүз түрдө шайлоочулардын тизмесине кошулушу керек. Өз шайлоо тилкесиндеги шайлоого шайлоочу паспорту менен барат. Ар бир шайлоочу өзү үчүн добуш берет, башкаларга добуш берүүгө тыюу салынат. БШК шайлоо тилкелери жана алардын чек арасы, даректери тууралуу маалыматты күн мурунтан жарыялашы керек.

Өзүнүн шайлоо тилкесинде шайлоочу дароо эки шайлоо системасы боюнча добуш берет. Шайлоочу эки шайлоо бюллетенин алат: бирөөсү бирдиктүү округ боюнча, экинчиси - бир мандаттуу округ.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетенде саясий партиялардын аталыштары көрсөтүлөт. Бир мандаттуу шайлоо округунда болсо бюллетенде талапкерлердин аты-жөнү, туулган күнү жазылат. Партиялардын жана талапкерлердин бюллетендеги кезеги чүчүкулак аркылуу аныкталат.

Бюллетендин эки түрүндө тең партиялардын аталышынын же талапкерлердин аты-жөнүнүн оң жагында бош чарчы коюлат. Эки бюллетендин тең аягында "Баарына каршы" сапчасы болот, анын да оң жагынан бош чарчыны көрө аласыз.

Бюллетенди толтуруу үчүн шайлоочу атайын кабинага өтөт. КР Конституциясында каралган шайлоо купуялуулугуна ылайык, ал жакта шайлоочу тандоону жеке өзү жасайт. Шайлоочу ар бир шайлоо бюллетенинде өзү тандаган талапкер же партиянын, болбосо "Баарына каршы" дегендин тушундагы чарчыны белгилейт. Адатта бош чарчынын ичине шайлоочу кимге добуш бергенин шайлоо комиссиясы түшүнгүдөй кылып галочка коюшат.

  Сунушталып жаткан шайлоо системасынын өзгөчөлүгү - бир мандаттуу округдардагы шайлоо жергиликтүү жамаат менен тыгыз байланышта. Бир мандаттуу округда жергиликтүү жамааттын мүчөсү гана добуш бере алат. Шайлоочунун жергиликтүү жамаатка мүчөлүгү жарандын паспортундагы жашаган жери тууралуу каттоо белгиси менен аныкталат (добуш берүүгө 3 айдан кем эмес убакыт калганга чейин жасалган). Бирок анда шайлоочу парламентте өз аймагынын өкүлү болушу үчүн эле добуш береби же өлкөнүн кайсы жагынан болгонуна карабай, татыктуусун тандайбы, башкача айтканда, жердешчилик эмес, жогорку жарандык позицияны карманабы - муну ЖКга өтчү алдыдагы шайлоолор көрсөтөт.

Шайлоочу өзүн шайлоочулардын тизмесинен онлайн же өзүнүн участкалык шайлоо комиссиясынан тактап, маалыматтарын текшериши керек. Шайлоочулардын алдын ала тизмеси БШК сайтына  добуш берүү күнүнө чейин 80 күн калганда административдик-аймактык түзүлүштөр  боюнча жарыяланат.  Ушул эле тизме шайлоо тилкелеринде добуш берүү күнүнө 70 күн калганда илинет. 

Шайлоочулар тизмесине өз маалыматын киргизип же оңдош үчүн шайлоочу тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына  добуш берүүгө 15 күн калганга чейин кайрыла алат.

Шайлоочулардын акыркы тизмеси добуш берүүгө 7 күн калганда шайлоо тилкелерине илинет. Шайлоочулар үчүн калган процедуралар мурдагы шайлоолордой эле болот.

Мыйзам долбоорундагы жаңычылдык - эркинен ажыратуу жайларында этиятсыздыктан жасалган кылмышы үчүн отурган КР жарандары үчүн добуш берүү укугу камсыздалат. Бул ЕККУнун сунушу болгон эле. Кыргызстандан сыртта жүргөн шайлоочулар мурдагы шайлоолордогудай эле добуш берүүгө катышышат.

Шайлоо мыйзамдарын бузуу коркунучтары

Мыйзам долбоорунда шайлоо мыйзамдарын одоно бузууга: добуш сатып алууга жана административдик ресурсту колдонууга каршы олуттуу чаралар кабыл алынган. Алсак, эгерде талапкер же партия тарабынан одоно бузууларга жол берилсе жана бул жагдай добуш берүүнүн жыйынтыгын ишенимдүүлүк менен аныктоого жол бербей жатса же шайлоочулардын эркин билдирүүгө таасирин тийгизсе, анда БШК ошол талапкер же партия тизмеси боюнча добуш берүү жыйынтыгын жараксыз деп табууга укуктуу.

Добуш берүүнүн жыйынтыгын добуш берүү күнүнөн кийин да жокко чыгара алышат. Бул учурда бузууга жол берген талапкерге же партияга берилген шайлоочулардын добуштары жараксыз деп табылат. Депутаттык мандаттарды бөлүштүргөнгө келгенде шайлоочулардын бул добуштары жалпы добуш берүүгө катышкандардын катарында эсепке алынбайт. Бул башка партиялар же талапкерлер алган добуштардын пайызын эсептөөгө таасир этет да, айрымдарына мандатты бөлүштүрүүгө жол ачат. Ушунун баары жалпысынан алганда талапкерлерди жана партияларды шайлоо мыйзамдарын бузбоого, добуш сатып алуу менен алектенбөөгө же админресурсту колдонбоого  түртөт. Ошондой эле атаандаштар бири-бирин бузуулар үчүн кармай башташат. Алган добушу жокко чыгарылган талапкер же партия Жогорку Кеңештин депутаттарын кийинки шайлоого катыша албайт.

Мурда мыйзамда төмөндөгү учурларда талапкерди каттоодон баш тартышат эле: талапкер, анын ыйгарым укуктуу өкүлү, ишенимдүү адамдары, байкоочулары, ошондой эле жакын туугандары тарабынан шайлоочуларды сатып алуу фактысы же талапкердин добуш сатып алууга катыштыгы далил тапкан учурда. Азыр болсо талапкердин гана эмес, жогоруда саналган бардык тараптардын сатып алууга же кайрымдуулук ишмердүүлүккө катыштыгы болсо, каттоодон баш тартышат.

Мыйзам долбоорунда атайын белгиленбей  калган дагы бир жагдай бар. Бул - үй, көчө, кварталдык комитетттердин, ошондой эле турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башчылары өткөн шайлоолордо өз ыйгарым укуктарынан кыянат пайдаланганы. Эми бир мандаттуу округдан өзүн-өзү көрсөткөндөр ошол округда жашаган  жарандардын чогулушу аркылуу көрсөтүлүшү керек болгону үчүн,  үй, көчө, кварталдык комитет жана ТСЖ башчылары эч кандай тоскоолдуктарды жаратпашына, ошондой эле ЖКга талапкерди көрсөтүү чогулуштарын уюштурууга бардык талапкерлерге бирдей шарттарды түзүшүнө аймактык шайлоо комиссиялары жана БШК жетиштүү көңүл бурушу керек.

Канат Рыскуловдун сүрөтү, RFE/RL.

1931

Написать комментарий: