Статья

КР Конституциясынын долбоорунда принципиалдуу жаңы эмне бар?

Референдумга коюлган Конституциянын долбоору аракеттеги Баш мыйзамдын текстин дээрлик толугу менен өзгөртөт. Ошол эле учурда өзгөртүүлөрдүн - новеллалардын басымдуусу биздин мурдагы айрым конституцияларыбыздын тексттеринде болгон. КРде Конституция онунчу ирет өзгөртүлүп жатканын эстесек эле жетиштүү болот.

Конституция адам укуктарын жана өлкөдөгү конституциялык тартипти коргоого багытталат. Мунун негизги куралы - мамлекеттик бийликти натыйжалуу уюштуруу. Ошондуктан бардык конституцияларда мамлекеттик бийликтин эң жогорку органдарына жана алардын өз ара аракеттенүүсүнө арналган бөлүктөр өтө маанилүү блок деп саналат.

Жаңы Конституциянын долбоорунда новеллалар көп. Алардын бир бөлүгү принципиалдуу мүнөзгө ээ, калганы формалдуу. Мисалы, сот системасы түзүмүндөгү позитивдүү өзгөртүү деп КР Жогорку сотунун Конституциялык Палатасынын ордуна Конституциялык соттун түзүлүшү белгиленип жатат. Бирок ал орган кандай иштейт, Конституцияга негизделген көз карандысыз чечимдерди чыгара алабы - бул жагы белгисиз.

Мамлекеттик бийлик органдарынын ишинде жана жалпы эле коомдук турмушта биздин пикирибизче өзгөчө маанилүү болгон өзгөртүүлөргө ушул макалада көңүл бурабыз.

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү процедуралары

2021-жылдын 11-апрелине референдумду дайындоо Мыйзамы менен чогуу Конституция долбоорун кабыл алуу процессиндеги маанилүү новелла Жогорку Кеңеш (ЖК) тарабынан эреже жана процедуралардын бузулушу болуп калды. Конституциянын долбоору боюнча толук кандуу коомдук талкуулар жана ачык парламенттик угуу өткөрүлгөн жок, текст Жогорку Кеңеш тарабынан тийиштүү деңгээлде жарыяланбады, КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бүтүмү берилген жок, белгиленген Мыйзамдын кабыл алуу мөөнөттөрү жана окууларды өткөрүү мөөнөттөрү бузулду. Негизги милдеттүү процедуралар бузулганына карабай, ЖК депутаттары мыйзам долбоорду кароодон баш тарткан жок.

Министрлер Кабинетинин жана жалпы эле аткаруу бийлигинин ишине Президенттин жоопкерчилиги тууралуу

Долбоорго ылайык, Кыргызстан президенттик республикага айланат, мында президент бийликтин аткаруу бутагынын башчысы деп саналат. Өкмөттү түзүү, аткаруу бийлигиндеги бардык дайындоолор жана алардын бардык чечимдери эми президенттин колунда болот. Конституциянын долбоору Президент мамлекеттин гана башчысы болбой, "эң жогорку кызмат адамы" жана "КР аткаруу бийлигин башкарат" деп аныктайт (66-берененин 1-бөлүгү). 88-берене "КР аткаруу бийлигин Президент ишке ашырат" деп дагы бир жолу кайталайт (1-бөлүгү). Ошол эле учурда Конституция долбоорунун структурасында "Аткаруу бийлиги" Президенттен ажыратылып, Президент тууралуу 1-глава жана Жогорку Кеңеш тууралуу 2-главадан кийинки 3-главада берилет. Эгер Президент аткаруу бийлигине жооп берсе, анда "Аткаруу бийлиги" деген өзүнчө главанын кереги жок. Аткаруу бийлиги президенттик институттун түзүүчү бөлүгү жана башкаруунун таза президенттик формасындагы өлкөлөрдүн конституцияларындай эле президент тууралуу главанын ичинде кетиши керек.

Долбоордо: "Президент Министрлер Кабинетинин жана аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары үчүн жеке жоопкерчиликти алат" деп жазышкан. Ага улай эле "Эгер Жогорку Кеңеш республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту канааттандырарлык эмес деп тапса, Министрлер Кабинетинин жоопкерчилигин Президент карайт" деген эреже менен бекемдешет (89-берененин 5- жана 6-бөлүктөрү). Президент өз кызматкерлери менен кантип маселе чечерин Конституция долбооруна жазыштын кажети жок. Алардын ишине Президент жооп берет, ал чечимдерди кабыл алат. Долбоордо жазылгандай: аткаруу бийлигинин бөлүгү катары өкмөттүн ишине жоопкерчилик толугу менен Президенттин моюнунда болушу керек. Таза президенттик системалардагы дүйнөлүк практикага карабай, Конституция долбоорунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы деген кызматты калтырып коюшкан, ал эч нерсни чечпейт, бирок аны өкмөттүн начар иши үчүн президент айдай алат.

Ошол эле учурда Министрлер Кабинетинин Төрагасы президенттин администрациясынын башчысы да болот (89-берене). Бул эч жерде кездешпеген новелла. Президент өз Администрациясын жана Өкмөттү түзөт. Президенттин Администрациясы менен Президенттин Өкмөтү бир эле нерсе менен алектенет. Башкаруунун президенттик формасынын логикасы боюнча Конституцияда бир эле администрация болушу керек – бул президенттик, ал бир эле учурда Министрлер Кабинети да, аткаруу бийлиги да болот.

Мындан сыркары Конституциянын долбоору боюнча президент да, министрлер кабинетинин башчысы да мыйзамды демилгелөө укугуна ээ. Бул башкаруунун президенттик формасынын логикасына таптакыр сыйбайт, себеби өкмөттүн башчысы – президент, ал ансыз деле өкмөттүн атынан чыгат. Министрлер Кабинетинин Төрагасы деген кызматты алып салып, Президент өкмөттү өзү жетектеши керек; Перизденттин Администрациясын башчысын кошуп алып салуу зарыл. Ансыз деле бүтүндөй Өкмөт Президентке иштеп жатат, ошондуктан ага жана Кыргызстанга бири-бирин кайталаган мамлекеттик органдарды багып отуруунун кереги жок.

Конституция долбоорундагы дагы бир новелла – референдумду дайындоо сыяктуу мыйзам чыгаруучу функциянын президенттик колго берилиши. Чындап келгенде А.Акаевдин да, К.Бакиевдин да тушунда президент референдумду дайындай алчу. Бирок 2010-жылдагы Конституция мындай ыйгарым укукту жоюп, референдумду дайындоо укугун парламентке гана калтырган.  Парламент кабыл албай жаткан мыйзамды парламентти айланып өтүп, референдум аркылуу өткөрүп алууга жол ачкан президенттеги бул мүмкүнчүлүк парламенттин негизги мыйзам чыгаруу функциясынын баасын кетирет. Референдумду дайындоо укугу президентте эмес, Жогорку Кеңеште гана болушу керек.

Конституция долбоору боюнча бийликтин соттор бутагын түзүүдө да президенттин катышуусу күчөтүлгөн. Эгер аракеттеги Конституция боюнча Жогорку Соттун жана Конституциялык сотун төрагаларын соттор өз ичинен өздөрү тандашса, жаңы Конституциянын долбоору боюнча Жогорку жана Конституциялык соттордун төрагаларын соттор кеңешинин сунушу жана ЖКнын макулдугу менен Президент дайындайт.  Жергиликтүү соттордун судьяларын да президент дайындайт (Сот адилеттүүлүгү боюнча кеңештин көрсөтмөсү менен).

Парламент үчүн жаңычылдыктар

Долбоордо Жогорку Кеңешке карата чоң өзгөрүүлөр каралган. Конституциядан пропорционалдык шайлоо системасы тууралуу норма алынат, буга чейин парламент ушул норманын негизинде түзүлчү. Эми болсо шайлоо системасы өзүнчө мыйзам менен аныкталат.  

Долбоорго ылайык, депутаттардын саны 120дан 90го азайтылат. К.Бакиевдин тушундагы конституция боюнча мурда парламентте токсон эл өкүлү болгон. Парламенттин азыркы чакырылышынын ишине карата терс пикирлер көп болуп жаткан чакта депутаттардын санын кыскартуу тууралуу норма, балким, элдин бир бөлүгүнүн колдоосуна ээ болуп жаткандыр. Бирок депутаттардын санын 90го чейин азайтуу жогорку мыйзам чыгаруу органынын салмагын анык бир деңгээлде түшүрөт, Жогорку Кеңештин депутаттарынын ишинин натыйжалуулугун жана жоопкерчилигин көтөрбөй, бийликтин аткаруу бутагынын алдында алсыздантат.

Конституция долбоорундагы олуттуу новелла – парламент депутатын чакыртып алуу мүмкүнчүлүгүнүн киргизилиши. Социализм доорунан бери КРде мындай болгон эмес. Ооба, көпчүлүк депутатты чакыртып алуу мүмкүнчүлүгү болушу керек деп эсептеши мүмкүн. Бирок маселенин күңгөй-тескейи бар.  

Дээрлик бардык өнүккөн өлкөлөрдө императивдик мандаттан эбак эле баш тартышкан, себеби бул популизмди жана парламенттин сапатсыз ишин шарттайт. Депутат ким каалаган маалда чакыртып алат дегенден коркуп, талылуу жана татаал, бирок өлкө жана коом үчүн керектүү чечимдерди кабыл албай коет. Мындан сырткары шайлоодо утулуп калган талапкерлер депутат болуп келген ийгиликтүү атаандаштарын чакыртып алуу процедурасын тынбай демилгелей бере турган абал түзүлөт.

Дагы бир олуттуу тобокелдик –  административдик ресурстарга ээ болгон бийликтин аткаруу бутагы чакыртып алуу процедурасын уюштуруу менен коркутуп, оппозициялык депутаттарга басым жасоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Биздин коомдо, тилекке каршы, жек көрүү күч жана мындай норма манипулияцияланган башаламандыктын күчөшүнө алып келет. Депутатты чакыртып алуу укугун киргизүү нормасын баалаганда ушул тобокелдиктерди сөзсүз түрдө эске алуу керек.

Элдик курултай

Курултай институту новелла эмес, президент А.Акаевдин тушунан бери эле Конституцияда сакталып келет. Бул орган К.Бакиевдин убагында активдүү колдонулган. Конституциянын жаңы долбоорунда Элдик Курултайга коомдук түзүм үчүн тийиштүү болбогон ыйгарым укуктар берилген: Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн жана аткаруу органдарынын башчыларын кызматтан алууну сунуштоо укугу (70-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пункту), ЖКга мыйзам долбоорлорун киргизүү (85-берене), Сот адилеттиги боюнча кеңештин курамынын үчтөн бирин түзүүгө катышуу.

Элдик Курултайдын мындай ыйгарым укуктары бул органды бийликке таасир эте алгыдай жана аткаруу бийлигинин эл алдындагы жоопкерлигин көрсөткөндөй таасир калтырууга мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда Курултайдын көз карандысыздыгы, компетенттүүлүгү жана объективдүүлүгү кагазда эмес, иш жүзүндө кантип камсыздала турганы таптакыр түшүнүксүз.

Курултай Жогорку Кеңештин айрым ыйгарым укуктарын кайталаганы долбоордон көрүнүп турат. А бул парламентти алсыздатып, Курултайга бийлик жана таасир үчүн ЖК менен жарышууга мүмкүндүк берет. Алсак, Президент өз тандоосу менен элге, Жогорку Кеңешке, Элдик Курултайга өлкөдөгү абал тууралуу жылдык кайрылуусун жолдой алат; Жогорку Кеңештин жана Элдик Курултайдын отурумдарында сөз сүйлөөгө укуктуу (70-берененин 3-бөлүгүнүн 3-пункту жана 6-бөлүгү).

Адамдын жана жарандын укуктары боюнча

Кыргызстанда адамдын жана жарандын укуктарынын сакталышы -Конституциянын негизги максаты. Ошол эле учурда өлкөбүздүн эл аралык имиджин да эстен чыгарбашыбыз керек, мындан көптөгөн экономикалык жана социалдык долбоорлорубуз көз каранды.

Конституциянын адам укуктары боюнча блогуна карата дароо белгилей кетчү жагдай бар. Киргизилчү өзгөртүүлөргө карабай, БУУнун тиешелүү органдары (Адам укуктары боюнча кеңеш, Келишимдик органдар – комитеттер ж.б.) Кыргыз Республикасы (КР) адам укуктары боюнча ыктыярдуу кабыл алган милдеттемелердин аткарылышын көзөмөлдөй берет.

Юридикалык техника жагынан караганда Конституциянын долбоору начар аткарылган. Анда кайталоолор көп, бири-бири менен байланышкан маселелер өз-өзүнчө каралат. Мисалы, адам укугун коргоо тексттин ар кайсы жеринде чачыранды берилген. Бул кайталоолор жана бир эле укукка карата ар кандай туюнтмалар ал нормаларды чечмелегенде жана колдонгондо чатактарды, карама-каршылыктарды жаратат. Алсак, коомдук бирикмелер тууралуу (8- жана 36-беренелер), дин тууралуу (9- жана 34-беренелер), ЖМК тууралуу (10-, 33- жана 66-беренелер), ата-энелердин жана балдардын укуктары тууралуу (20-, 26- жана 27-беренелер), маданият тууралуу (21- жана 48-беренелер), билим берүү тууралуу (22- жана 46-беренелер) нормалар.

Жалпысынан алганда Конституциянын азыркы долбоору  КР катышуучу болгон БУУнун эл аралык келишимдери кепилдеген адамдын универсалдуу укуктары жана эркиндиктеринин бүт тизмесин камтыйт. Бирок укуктар жана эркиндиктерди баяндоодо эл аралык келишимдер менен КР Конституциясынын долбоорунун ортосунда айырмачылыктар бар.

Бул айырмачылыктардын бир бөлүгү аз болсо да ошол укуктарды ишке ашырууга таасирин тийгизет. Мисалы, айрым укуктар башкача аталган же ар кайсы беренелерге бөлүштүрүлгөн, айрым укуктар жана эркиндиктер, тескерисинче, бириктирилген. Конституциянын долбооруна кирбей калган адамдын айрым маанилүү укуктары жана экриндиктери да бар (мисалы, согуштуу пропагандалоого тыюу).

Ошол эле учурда КР Конституциясынын айрым башка беренелери боюнча адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин ишке ашырууда тобокелдиктер орун алган. Айталы, укукту чектөөнүн жол берилген чегинен ашып кетишинен улам (укуктарды чектөөнүн шайкештик принцибинин бузулушу) укукту коргоо укук колдонулуучу иш-тажрыйбада кыйынчылыктарга бет келиши мүмкүн. Мисалы, Конституциянын долбоорунда укуктар жана эркиндиктерди чектөөнүн негиздери тууралуу жалпы берене бар. Ага ылайык, адамдын бардык укуктары жана эркиндиктери “улуттук коопсуздук, коомдук тартиптип коргоо, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында” чектелиши мүмкүн. Эл аралык келишимдерде болсо адамдын ар бир укугу боюнча өзүнчө чектөө шарттары аныкталат.

Конституциянын долбоорунда адамдын укуктары жана эркиндиктерине карата эл аралык келишимдерде жок жаңы терминди ойлоп табышкан. Кесепеттери боюнча бул укуктар жана эркиндиктер үчүн коркунучсуз дегенге болбойт. Алсак, 1-берененин 4-бөлүгүндө “Өсүп келе жаткан муунду коргоо максатында Кыргыз Республикасынын элине таанылган адеп-ахлактык баалуулуктарына, аң-сезимине карама-каршы келген иш-аракеттер мыйзам менен чектелет” деп жазылган. Мындагы Конституция долбоору боюнча чектелиши мүмкүн болгон “иш-аракеттер” деген сөз эл аралык келишимдерде жок. Ал Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пактыда каралган укуктарды жана эркиндиктерди камтышы мүмкүн, мисалы, пикир айтуу эркиндигин, ЖМК эркиндигин. Булар долбоордун ушул жобосунда сүрөттөлгөн негиздерден улам чектелүүгө жатпайт. “Моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктар”, “элдин коомдук аң-сезими” дегендер аныкталбаган түшүнүктөр, алар ар кандай чечмелөөгө жатат жана өз билемдик менен колдонуу коркунучун жаратат.

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү коомдук турмуштун дээрлик бардык чөйрөлөрүнө барандуу жаңычылдыктарды киргизүү потенциалына ээ. Андыктан өлкө жарандары Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча алдыдагы референдумда терең ойлонуп чечим кабыл алышы керек.

Жогоруда белгиленгендей, өлкөдөгү бийликтин эң жогорку органдарынын (президент, өкмөт, парламент, ошондой эле сот бийлиги) түзүлүшүнө, алардын бири-бирин тең салмакта кармап турушуна, жалпы коом үчүн маанилүү болгон башкаруу чечимдери кандай кабыл алынарына өзгөчө көңүл буруу керек. Мындан өлкө канчалык деңгээлде натыйжалуу өнүгө турганы, Кыргызстандын жарандарынын укуктары жана эркиндиктери иш жүзүндө кантип сакталып жана корголору көз каранды.

Сүрөттүн автору Дастан Үмөтбай уулу, RFE/RL 

3189

Написать комментарий: