Статья

#МедиаКолкабыш: COVID-19 маалында кыргыз медициналык кызматкерлеринин абалы

Бул макала «Сорос-Кыргызстан» фондунун «COVID-19 - Медиа кол кабыш» долбоорунун колдоосу менен даярдалган.

Коронавирус менен күрөшүү дүйнөдөгү саламаттык сакчылары үчүн өтө кымбатка, ал тургай  өмүргө тете болууда. Он миңдеген дарыгерлерге оору жугуп, андан өмүрү өчкөндөр улам көбөйүп барат. Тилекке каршы, Кыргызстандын медициналык системасы да бул көйгөйдөн кыйгап өтө албады.

Эмнеге вирустун эң алдыңкы курмандыктары доктурлар, медайымдар, оорукананын кызматкерлери болуп жатат? Кыргызстанда медициналык кызматкерлерди коргоого атайын шарттар жетиштүү болдубу? Аларга ооруганы үчүн кенемте төлөп берүү маселеси кандай чечилүүдө?

Коомчулук COVID-19га чейин медиктерге карата ача пикирде болуп, көп учурда аларды негативдүү кабылдап келишен. Бул жеке эле Кыргызстанга эмес, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө да таандык көрүнүш болгон. А бирок коронавирус баш көтөргөндө коомчулук догдурларды жактап, алардын коопсуздугун ойлонгондор көбөйдү. Эми вирустан кийин аларга мамиле өзгөрөбү?

Эмне үчүн Кыргызстанда стратегиялык жактан өтө маанилүү болгон бейтапканалар, башкача айтканда, үй бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлери, төрөтканадагы акушерлер, онкологиялык борбордогулар бул ооруга көп чалдыгууда?

2020-жылдын июнь айына карата Кыргызстанда коронавирусту жуктурган медициналык кызматкерлер 300дөн ашты. Алардын 80 проценти оорудан сакайып чыкты. Бишкектеги №3 үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева медиктер арасындагы вирустун алгачкы курмандыгы болду.

Өмүрүнүн 40 жылдан ашуун учурун медицинага арнаган бул дарыгер биринчи звенодогу, башкача айтканда бейтапканалардагы ак халатчандарга оору жугуу тобокелчилигин биринчилерден болуп айтканы менен, анын эскертүүлөрү учурунда угулбай калганын жакындары жазып, массалык маалымат каражаттарына маек берип чыгышты.

Андан кийин ушул эле биринчи звенонун дарыгери, Кара-Кулжа райондук үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун фтизиатры Альберт Исмаилов көз жумду. Өмүрүнүн дээрлик жарымынан көбүн жугуштуу оорулар менен күрөшүүгө арнаган бул адам бүтүндөй бир райондун элин кургак учуктан дарылачу.

Вирусту кайсы топ көп жуктурду?

Алгач коомчулукта вирус менен күрөшкөн дарыгерлердин образын жугуштуу ооруларды дарылаган эле инфекционист адистер, эпидемиологдор түзүп келген. Мындай ой пикирге балким дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө коронавирус оорусу менен түздөн түз байланышкан догдурлардын өлүмү себеп болушу мүмкүн.

Маселен, COVID-19 биринчи катталган Кытайдын Ухань шаарында бул вирус тууралуу 2019-жылдын декабрь айында алгач ирет көз догдур Ли Вэнлян ачык айтып чыгып, бийликтин кысымына кабылган. Көп өтпөй 34 жаштагы дарыгер бул вирстан көз жумгандан кийин дарыгерлерге болгон бийликтин өкүмзордук мамилесине каршы коомчулук баш көтөргөнүн Британияда чыккан “Economist” журналы февралдагы санына “Ли Вэнляндын өлүмү Кытай башкаруучулары үчүн жаңы көйгөй” деген тема менен жарыялаган эле.

Буга кошумча вирус азуусун өтө катуу кайраган Испания, Италия, АКШ сыяктуу өлкөлөрдө коронавируска көбүнчө ооруканадагы дарыгерлер көп кабылууда.

Ал эми Кыргызстанда тескерисинче, жугуштуу оорулардын ооруканасындагы дарыгерлер эмес, үй бүлөлүк дарыгерлердин мобилдүү топтору, Бишкектеги бир нече үй бүлөлүк дарыгерлер, медайымдар чалдыгышты. Башкача айтканда, вирус инфекциялык ооруканадан эмес, сырттагы эл эң көп барган, кокус бир жери ооруса биринчи кайрылчу жайлардан табылып олтурат.

Кыйналган үй бүлөлүк медицина борборлору

Мунун себебин Бишкектеги 17-үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Гүлнара Ташыбекова үй карантинде жаткан адамдарга коргонуучу каражатсыз баргандыктан болгонун айтат.

Бейтапкана дарыгерлерине коргонуучу каражат алууга вирус алгач чыкканда эч ким маани деле берген эмес.

“Бизге Европада, Кытайда вирус чыкканда эле Саламаттык сактоо министрлиги улам жаңыланган буйруктарды жиберип жатты. Кокус аныкталса кандай иш аракет кыларыбызды тактаган алгоритмдерди да айтышты. Ушунун баарында вирус чыккан, байланышта болгон адамдарга дарыгерлер коргоочу кийимдерди кийип алып анан барышы керек дешкен. Бирок, бул кийимдер бизде жок эле.

Ошентсе да мен дарыканаларды түрө кыдырып, январда эле халат, чепчик, базила, бет каптарды көп санда сатып алып, ката баштагам. Ал маалда атайын коргоочу комбинезон костьюмдар сатыкта жок болчу. Себеби, мен кол алдымда иштегендердин коопсуздугуна жооп беришим керек да.

Чет өлкөдөн коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгондор кайтып келе баштаганда февраль, март айынын ортосуна чейин биздин дарыгерлер жөө үйлөрдү кыдырышып, кээде аларды мен жеке машинеме салып алып, карантиндеги элди эч кандай коргонуучу кийимдер, респиратордук маскалар жок эле кыдырып жүрдүк. Карасам алардын саны улам көбөйүп жатат.

Анан дароо жетекчиликке кабарлап, биздин медиктерди жеке коргоочу каражаттар менен камсыздоосун талап кылдым. Бирок, Бишкек шаардык үй бүлөлүк дарыгерлер борборун башкарган бөлүм биз коргоочу каражаттарды алгыдай акча бөлүп берген жок, же сатып да берген жок. Ал тургай карантинде жаткандарды текшерүүгө шаардык эпидемиологиялык кызматтын адистерин биз өз машинебизге салып алып ташып жүрдүк.

Албетте, мунун баары чоң тобокелчилик да. Бирок, биздин айткан талаптарды жетекчилик уккан жок. Ушундан улам мен башкарган бейтапканадан COVID-19 аныкталып жатпайбы. Эмнеге жетекчилик биздин, кызматкерлердин коопсуздугуна мындай кайдыгер мамиле кылат?” – деген Ташыбекова.

Апрелдин ортосунда № 17 үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун бир нече медигинен вирус аныкталгандан кийин  жыйырмадан ашуун кызматкери обсервацияга, карантинге алынган. Алардын арасында Гүлнара Ташыбекова өзү да бар.

Бул окуядан бир нече күн өтпөй эле Бишкектеги дагы бир нече үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун адистеринен вирус чыгып, № 3 үй бүлөлүк борбор да карантинге алынып, анын бир нече кызматкери ооруканага жаткырылган, арасында башкы дарыгер Жүзүмкан Көкүмбаева да болгон. Учурунда ал да ооруларды аныктоого үйлөргө барган мобилдүү топторду бейтапканадагы дарыгерлерге кошпош керек деп айтканы менен анын бул өтүнүчү аткарылган эмес. 

Аймактарда да биринчи звено жабыр тартты

Нурбек Наастын иллюстрациясы.

Аймактарда да Бишкектегидей эле абал өкүм сүрдү. Биринчи кезекте ооруга каршы турган звено бейтапканалар болду. Алар да Ташыбекова айткан көйгөйдү айтып, коомчулукка чыкканы менен бийлик тарабынан кысымга алынып, “кечирим суратуу” толкуну болуп өттү. Маселен, Ысык-Ата райондук үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун догдуру Бектур Апышевдин окуясы коомчулукта резонанс жаратты. 

Ал  үлбүрөгөн даки беткапты көрсөтүп чыккандан кийин дарыгерлердин проблемасы Жогорку Кеңеште, өкмөттө, шоу бизнес дүйнөсүндө жана эл арасында кызуу талкууланды. Ош облустук жугуштуу оорулардын клиникасында коронавирус жуктурган Тамиля аттуу дарыгердин окуясы да коомчулукту дүрбөттү.

Ооруга каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдын жетекчилиги  атайын брифингде дарыгер Тамиля Нуркамилова вирусту Умрадан келгендер менен учурашууга барып, жуктуруп алган деп айтканы үчүн дарыгерлер менен коомчулуктун катуу сынына кабылып, Нуркамилова абалы оорлоп, кычкылтек жабдуусу менен дем алып жаткан жеринен массалык маалымат каражаттарына бийликтин бул айткандарын төгүндөгөн эле.

Медиктерге бийликтин жетиштүү кам көрө албаганы Кыргызстанга эле мүнөздүү проблема болгон жок. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө, ал тургай өнүккөн Британия, АКШ, Белгияда да инфекция менен күрөшкөн дарыгерлер өз башкаруучуларына нааразычылык билдиришти.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон COVID-19га чалдыгып, айыгып чыккандан кийин өлкөнүн улуттук саламаттык кызматы андан “Биз сизди айыктырдык, эми бизге жакшы кам көрүңүз!” деген видео флеш мобду өткөрүштү.

Вирус кенен жайылган чөйрөдөгү жана медицина тармагында иштегендердин канчалык коркунучта экенин ал тургай Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да ченей албай жаткан учуру. Аталган уюм 2002-2003-жылкы SARS оорусу маалында дарыгерлердин 21%и ооруга чалдыкканын так эсептеп чыккан. Азыркы статистика андан алда канча жогору.

Медиктер менен бийликтин келишпестиги Францияда да курч болду. Атайын бет каптар, коргоочу каражаттарсыз кыйналган француз дарыгерлер өкмөттү сотко беришти. Зимбабвенин догдур жана медайымдары массалык түрдө иш таштап, өлкөдө үч апталык карантин маалында иштебей туруп алышты.

Британияда саламаттык сактоо тармагындагы кызматкерлердин конфедерациясынын директору Нил Диксон жеке коргоочу каражаттардын жетишсиздигинен улам догдурлар менен медайымдардын бийликке болгон ишеними жоголгонун айтты. Британ бийлиги буга дароо чара катары армия кызматкерлери тарабынан медиктерге бет кап, кол кап таркатканы менен жоголгон ишенимди калыбына келтирүү убакытты талап кыларын эксперттер белгилешет.

Анан калса дүйнөдө медициналык коргоочу каражаттар жетишсиз болду. Белгияда премьер министр жугуштуу оорулардын клиникасында барганда медиктер ага далысын салып, дүйнөдөгү эң өзгөчө каршылык акциясын жасашты.

Бул көйгөйдү кыргызстандык ыктыярчылар жана жергиликтүү тигүү цехтери чечүүгө аракет кылды.

Мындай окуялар өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында катталгандыктан, эл аралык уюмдар, жергиликтүү активисттер оору менен күрөшкөн медициналык кызматтарды жеке коргоочу каражаттар менен камсыз кылуу акциясын азыр да жүргүзүүдө.

Акциялар тууралуу “Сорос-Кыргызстан” фондунун коомдук саламаттык боюнча программанын директору Айбек Мукамбетов социалдык медиадагы өз баракчасына буларды жазган:

“Акыркы айларда бизге көптөгөн кайрымдуу адамдар, бейөкмөт уюмдар кайсы ооруканалар жеке коргоочу каражаттарга өзгөчө муктаж болуп жатканын, кимдерге жардам берсе туура болорун сурап кайрылышты. Биз аларга бул боюнча багыт берип, муктаж ооруканалардын жетекчилеринин телефон номурларын таап байланыштырып, биздин медиктерге жардам берүүнү уюштурдук.

Маселен, Жаш ишкерлер ассоциациясы дарыгерлерге жалпы суммасы 2000 АКШ долларына барабар миң жеке коргоочу каражаттын комплекттин таратты. Дагы бир ишкер социалдык медиада биздин бул боюнча постторду окугандан кийин Бишкектеги мобилдик топторго 2500 доллардык каражат берди. Ошентип, жардам кулачы кеңейип отуруп, азыркы тапта жалпысы Республика боюнча 200 миң доллардык жеке коргоочу каражаттарды тарткаттык.

Биздин кылып жаткан иштерди Моңголияда маалымат технологиясы тармагында иштеген Туру аттуу жөнөкөй жаран угуп калып, Улуттук госпиталдын дарыгерлерине 31 жеке коргоочу костьюмдарды, 15 термометр жана өз чөнтөгүнөн 150 миң сом бөлдү”.

Айбек Мукамбетов (оң жакта) дарыгерлер менен. Сүрөттүн автору Дмитрий Мотинов.

Ошондой эле депутаттар дарыгерлердин укугун коргоп, оор шартта иштегендерге кенемте жана кошумча акы төлөп берүү маселеси көтөрүлдү.

Төлөмү кечеңдеген кенемтелер

Вирус жуктурган дарыгерлерге бир ирет төлөнчү кенемтелер үчүн бюджеттен 50 миллион сом бөлүнгөн. Ооруга чалдыккандарга 200 миң сомдон, ал эми бул дарттан каза тапкандарга 1 миллион сом кенемте төлөнөт деген чечим чыккан. Азырынча ооруп айыккандардын канчасы кенемте алганы же албаганы тууралуу так маалымат жок.

Далилдөөчү медицина боюнча адис, эксперт Бермет Барыктабасованын айтымында, дарыгерлер ашыкча иштеген убактысы үчүн төлөнчү кошумча эмгек акылар берилбей көптөр нааразы болуп, анонимдүү түрдө ага кайрылып, укугун коргоону суранып жатышат.

“Убада кылынган акча төлөнгөн жок. Медиктер апрель айында ал тургай айлыктары азайып чыкканын айтышып, мага атын атабай эле кайрылып жатышат. Мунун себебин Вице премьер министр Аида Исмаиловадан чечип берүүсүн өтүндүк. Анткен менен көп ооруканалардагы начар башкаруу системасы, эсептөөчү адистердин жетишсиздиги сыяктуу факторлор кечигүүгө башкы себеп болуп жатыптыр. Дарыгерлер айлыгын ала албаса, 24 саат тынбай иштегени үчүн кошумча бир тыйынга жетпесе кантип жашайт? Кантип оорубайт? Эмнеге бийлик азыр эң аялуу жана эң керек болуп жаткан катмарга кам көрө албай жатат?” – деген суроону салат Барыктабасова.

Коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанда каалоочулар акча которо алгыдай бирдиктүү эсеп ачылган. Ага ишкерлер, саясатчылар, жөнөкөй жарандар болуп, күнүгө акча которулуп жатат. Бирок, медиктерге төлөнчү компенсация дал ушул атайын эсептеги акчадан берилеби, же кандай бөлүштүрүлөрү белгисиз.

Жыйынтык

Коронавирус эң көп аныкталган кыргыз медицинасындагы тармактар – бейтапкана, төрөткана, онкологиялык оорукана, Бишкек жана Оштогу Улуттук эне жана баланы коргоо борборлору жана ушул жайларда иштеген адистер болду.

Медициналык кызматкерлер коронавирус менен күрөшүүдө вирусту жуктуруу тобокелчилигиндеги биринчи топ экени талашсыз. Алардын өмүрүн коргоо үчүн эксперттер азыр ар бир кишинин санитардык, өздүк гигиенага көңүл буруусу маанилүу деген пикирде. Болбосо ансыз да алсыраган медицина массалык ооруган адамдарды дарылай албай калат.

Ал арада 2020-жылдагы пандемия дарыгерлердин баркын көтөрүп, алардын коомдогу маанисин арттырды. Кыргызстан коомчулугу да азыр баарынан мурда вируска каршы турган дарыгер, медайымдарга кам көрүү зарылдыгын билип турган маалы. Анткен менен аларга өз маалында айлык акыларын, кошумча акчалай төлөмдөрдү ишке ашыруунун кечеңдеши ансыз да вирустан кыйналып турган дарыгерлердин ден соолугу, психикалык абалына зыянын тийгизбей койбойт.

Азыр Кыргызстанда киши калкына дарыгер, медайымдардын саны жетишсиз болуп турган маал. Маселен ар бир 100 миң кишиге 22 догдур туура келсе, азыр алардын саны 17, айрым алыскы райондордо 7-8ге чейин түшүп калган. Ал эми инфекциялык, эпидемиологиялык багыттагы адистерди колдун манжасы менен санаса болот.

 Ушундан улам COVID-19 пандемиясынан сабак катары өлкөдөгү санитардык эпидемиологиялык дарыгерлердин санын, сапатын арттыруу зарыл. Бул үчүн медициналык окуу жайларда эпидемиология, инфекциялык ооруларды дарылоочу кафедраларга таланттуу жаштарды сынаксыз, акысыз окутуу практикаланып, тажрыйбалуу лаборант, дарыгерлердин “устат-шакирт” мектептери болушу керек.

Ошондой эле бул адистиктегилердин башталгыч айлык маянасын 3-5 миң сом эмес, кеминде 20 миң сомдон жогору кылса, дарыгерлерге үй куруп берүү, социалдык төлөмдөрдү жеңилдетүү, сиңирген эмгегине жараша ден соолугун калыбына келтирүүчү иш аракеттер колго алынып, алардын иштөө шарттары, өзүн коргоочу каражаттар, күнүмдүк кийе турган халат, чепчик, бахила, кол кап сыяктуу кийимдери, ал тургай жаза турган калем, кагазына чейин камсыз кылуу бул кесипке кызыккандар, аны сапаттуу алып кетүүнү каалагандар көбөйөрү шексиз.

Ошентсе да пандемия бүтөрү менен догдур жана медайымдын баркын унутуп, кайра эле мурдагыдай коомдун алсыз, аяр катмарына салып коюу ыктымалы жогору.   

Башкы сүрөт Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине таандык.

       

Бул макала «Сорос-Кыргызстан» фондунун «COVID-19 - Медиа кол кабыш» долбоорунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну Саясий-укуктук изилдөө борборунун жоопкерчилиги болуп саналат жана "Сорос-Кыргызстан" Фондунун көз карашын билдирбейт

1366

Написать комментарий: