Статья

#МедиаКолкабыш: Өкмөт элди коронавирустан сактоо аракети менен кошо адам укуктарын аксаттыбы?

Гүлжан Эшбаева

Бул макала «Сорос-Кыргызстан» фондунун «COVID-19 - Медиа кол кабыш» долбоорунун колдоосу менен даярдалган.

Коронавирус илдети ааламды каптап, дүйнөнүн ири державаларынын да шаштысын алды. Медицинасы алсыз да, күчтүү да мамлекеттер жарандарын түрдүү жол менен илдеттен сактап калууга аракет кылып атышкан кези. Көпчүлүк өлкөлөр үйдөгү өздүк изоляцияны туура көрдү. 

Анын ичинде Кыргызстан 25-мартта өлкө боюнча өзгөчө абал режимин киргизген. Тургундардын кыймыл-аракети комменданттык саат менен көзөмөлдөнүп, кечки саат 20:00дөн таңкы 7ге чейин көчөгө чыгууга тыюу салынды. Бул учурда азык-түлүк дүкөндөрү жана дарыканалар гана иштеп турду. Зарыл жумушу барларга уруксат кагазы менен гана жумушун бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк берилди.

Жалпысынан, кыргызстандыктар коронавирустун жыйылышынын алдын алуу үчүн дээрлик эки айдай карантинде болушту. Ошентип, 25-майдан тарта коомдук транспорттордун иштөөсүнө уруксат берилип, эл жай турмушка кайта баштады.

Бирок, адистер бул убакыт аралыгында адам укуктары одоно бузулганын айтып, коңгуроо кагышууда. Өкмөт калктын саламаттыгын ойлоп жаткан маалда киши эркиндиги тепселген жокпу? Кыргыз өкмөтү кандай жол тутса элдин саламаттыгына жана эркиндигине удаа кам көрө алмак?

Назгүл Абдыкеримова бөйрөгү ооруп, 10 жылдан бери диализ алат. Анын айтымында, карантин киргизилгенден тарта өнөкөт оорулуулардын мүшкүлүнө түйшүк кошулган.

«Комменданттык саат учурунда бейтаптардын 60 пайызы диализ алганы келе албай жатышты. Анткени, айрымдар шаардын четинен катташат. Калаага киргенден кийин карантиндик-санитардык пункттагылар өткөрбөй, Министрликтин алдындагы штабга чалып аттык. Алар маалымкатты көрсөткүлө дейт, аны пункттагылар кабыл албай, айтор башында көп кыйынчылыктар болду. Кийинчерээк, комменданттын “гемодиализ алгандар маалым каты менен өткөрүлсүн” деген буйругу чыгып, абал жумшара түштү. Шаар ичиндегилерди атайын маршруттар ташыганы менен узактан келгендерге оңой болгон жок», — дейт ал.

Карантин маалында үй-бүлөлүк зомбулук күч алды

Карантин киргизилгенине толук бир ай толгондо Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев өзгөчө абал учурунда үй-бүлөлүк зомбулуктун көрсөткүчү 62 пайызга көбөйгөнүн маалымдады.

«Зомбулуктун көрсөткүчү былтыркыга салыштырмалуу 61,7 пайызга өстү. Өткөн жылдын ушул айында жалпы 100 учур катталган болсо, быйыл бул сан 162ге жетти. Мындан улам, кризистик борборлордун ишин жандантуу маселесин карап көрө алабыз. Бирок, бир шарт менен — аталган борборлор санитардык-эпидемиологиялык карантиндин эрежелерин сакташы зарыл болот. Бишкек комендатурасы алардын коопсуздугун камсыздап бергенге даяр», — деген Орозалиев.

Үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси парламентте да көтөрүлдү. Тагыраак айтканда, март айынын аягында Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева Жоруктар жөнүндө кодекске кошумча киргизүүнү сунуштап, зомбулук көрсөтүүчүгө штраф төлөтүү талабын жокко чыгарууну сунуштаган. Эл өкүлү штрафтын ордуна үй-бүлөдөгү агрессорлорду 15 суткага убактылуу кармоочу жайда кармоону демилгелеген.

Асылбекова үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу арыздардын баары эле соңуна чейин иликтенбейт деп эсептейт. Ошондой эле, кээде арыздануучулар штраф төлөөгө каражаты жоктугунан арыздарын кайтарып алган учурлар кездешет.

«Жыл сайын үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары көбөйүп, анын 96 пайызында аялын урган эркектер күнөөлүү болууда. Ошондой эле, беш учурдун төртөөсүндө зомбулук мас абалда жасалат. Анткени, ошол агрессорлордун басымдуусу жумушсуз экени аныкталган. Ошондуктан, административдик жоопкерчилик эч бир натыйжага алып келбейт. Себеби штраф жабырлануучуга эмес, мамлекетке берилип жатат», — деп билдирген депутат Гүлшат Асылбаева.

Эл өкүлү бул маселени парламенттин жыйынында да айтып, саламаттыгына коркунуч келген аялдар үйдөн качып чыгуусуна шарт түзгөн норма кабыл алууну сунуштады.

«Үй кожойкелери карантинде агрессивдүү өнөктөштөрү менен бир үйдө калганга аргасыз болушууда. Бул аялдар үчүн чоң сыноо, алар аман калуу үчүн күрөшүүгө аргасыз. Эмне кылсак болот? Карантинде өмүрүнө, саламаттыгына коркунуч келген аялдар үйдөн качып чыгуусуна шарт түзгөн норманы кабыл алсак болобу?», — деп суроо салган эл өкүлү. Ички иштер министринин орун басары Памир Асанов аталган маселени изилдешерин жана «мүмкүнчүлүккө карай» маселени чечүүчү иш-аракеттерди жүргүзүшөрүн айткан.

Кыргыз өкмөтүнүн кайдыгерлигинин фонунда коңшу казак өкмөтүнүн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо аракеттери көзгө урунат. Нур-Султан шаарынын полициясы жабырлануучулар үчүн сыр сөз ойлоп табышкан. Башкача айтканда, үй-бүлөсүндө зомбулукка кабылып жаткан аял 102 номерине чалып, «антисептик жана беткаптар келдиби?» деген фразаны айтышы керек болгон. Андан соң жабырлануучу жашаган дарегин айтмак.

Ал арада Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) генералдык катчысы Антонио Гуттериш: «Көпчүлүк аялзаты үчүн эң коопсуз делген өз үйү эң коркунучтуу жерге айланды», — деп билдирүү жасады. Ал мындай маалда өлкө жетекчиликтери үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандарга да колдоо көрсөткөндү унутпашы зарыл деп эсептээрин кошумчалады.

«Мен баардык өкмөттөрдү СOVID-19 илдетине каршы күрөшүү боюнча улуттук пландарына аялдарга каршы жасалган зордуктун алдын алууну жана бул багытта чара көрүүнү негизги бөлүк катары киргизүүгө чакырам. Бул онлайн кызматтарга жана жарандык коом менен иштешкен уюмдарга инвестиция бөлүү дегенди билдирет. Ошондой эле кылмышкерлер сот системасы аркылуу жазаланууга тийиш», — деди БУУнун баш катчысы Антонио Гуттериш.

Мындан тышкары, Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулуктун өсүшү өлкөдө кризистик борборлорду көбөйтүү зарылдыгын далилдеди. Укук коргоочу Авазкан Ормонова Ош облусу боюнча бир канча кризистик борборлор ачылганы менен алардын бирөсүндө гана баш калкалоочу жай бар экенин айтат: «Аялдар зөөкүр күйөөсү менен эртеден кечке бир үйдө калды. Эч жакка кете албай, жардам сурап, чала да албайт, себеби транпорт, карантиндик-санитардык пункттардан өтүү маселеси да бар».

Ал эми «Бир дүйнө — Кыргызстан» уюмунун башчысы Төлөйкан Исмаилова үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун өсүшүнө айрым редакцияларга аккредитация берилбегендиги себеп деген ойдо. Анткени, жарандардын пикири журналисттерсиз жеткиликтүү болбой калды дейт ал.

«Өкмөттүн үй-бүлөдөгү зомбулукту күчөдү деп  таянган сандар — расмий гана көрсөткүч. Андан башка айтылбаганы канча? Кандай кырдаал болбосун журналисттер — “фронттун” кишилери. Алар иштебесе бийлик чыныгы абалды сезбей, көзү көрбөй калат. Коронавирустун алдын алууда журналисттердин ишмердүүлүгүн чектөө аркылуу өкмөт фундаменталдык укуктарды тепседи», — деди Исмаилова.

«Маалымат каражаттарына аккредитация бербөө — авторитардык режимге жакындоо»

Кыргызстанга өзгөчө абал режими киргизилгенден беш күн өтүп, 30-март күнү Бишкек комендатурасы журналисттерге аккредитация берилбейт деп жарыялаган. «Биз кырдаалды талдап чыктык. Журналисттердин өздөрүнүн саламаттыгы үчүн аларга аккредитация бере албайбыз. Бул, эң алгач сиздердин ден соолугуңуздардын коопсуздугу үчүн керек», — деген комендант Алмазбек Орозалиев.

Мындан улам медиа өкүлдөрү аралыктан иштөөгө өткөн. Расмий маалыматтардын жетишсиздигинен улам фейк маалыматтар арбыйт экенин эл өкүлдөрү Жанар Акаев менен Садык Шернияз айтып чыккан. Ал арада Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) такталбаган маалымат тараткандарды кечирим суратуу менен алектенип калды. «УКМК коронавирустун жайылышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды тараткандарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук саясий абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш-аракеттерди улантып жатат. Жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат», — деген УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов.

Институт Медиа полиси уюму өкмөттүн мындай кадамы Конституцияга каршы келерин жана журналисттерди чектөө «Өзгөчө абал жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна туура келбейт экенин билдирген. Ал эми политолог Алмаз Тажибай карантин учурунда мамлекеттик каналдар иштеп, эркин, жеке менчик редакцияларга аккредитация берилбегени — авторитардык режимге жакындоонун белгиси дейт:

«Өкмөт балким кайсы бир мүчүлүштүктөрүн жааш-жашыргысы келди. Журналисттердин эркин кыймылына чектөө коюунун жыйынтыгында бийлик менен элдин арасы алыстап кетти. Бири-бирин түшүнүүсү кечеңдеди, ал арада түрдүү калп маалыматтардын күнү тууду. Өкмөт ошентип оркоюп чыгып калган каталардын алдын алса болмок».

Ал арада өкмөт COVID-19ду жугузуп алган медициналык кызматкерлерге 200 миң сомго чейинки суммада кошумча акы төлөнөрүн маалымдады. Ал эми иш учурунда вирустан каза болуп калган медицина кызматкерине 1 млн сом кенемте төлөнөрүн билдирди. Ошондой эле, оорунун очогунда иштеген 46 миң сомго чейин, ортоңку медициналык персоналга 41 миң сомго дейре, тейлөө жагында иштегендерге 38 миң сомго, ал эми нөөмөт менен эмгектенгендерге 29 миң сомго чейинки каражат төлөнөрүн кошумчалаган.

Бирок коомчулукта медициналык кызматкерлердин кошумча акысы боюнча талаштуу пикир жаралды. Активисттер кызматкерлердин акысы кечигип же такыр эле төлөнбөй жатканын айтып чыгышты.

Медицина жаатындагы эксперт, «Партнерская сеть» ассоциациясынын башчысы Айбар Султангазиевдин айтымында, башынан эле өкмөттүн казынасында каражат жок экендиги белгилүү болчу. Мындан улам өкмөт дарыгерлерге акы төлөй албайт экенин ачык айтышы керек эле:

«Саламаттык сактоо министрлигинин атайын эсебине ыктыярчылардан, ишкер жана мекемелерден 137 млн сомдой акча түштү. Өкмөт ошол акчаларды таратып бүтүп, каражаты түгөнүп отуруп калды. Казынада акча жок. Балким 20 миллион сомдой калган чыгар. Мындан улам, “медициналык кызматкерлердин ооруп калганын текшерүү, иликтөө зарыл” деп кетенчиктеп, акыны төлөбөгөнгө шылтоо издей башташты. Биз эпидемиядан али чыга элекпиз, дарыгерлерге вирус дале жугууда.

Мисалы, учурда 280 дарыгер ооруп, экөө каза болду. Эгерде убадасына ылайык, 280 кызматкерге 200 миң сомдон төлөчү болсо — 56 млн сом болуп жатат. Бул очойгон сумма да. Казынасында акчасы жок экенин билген өкмөт башында ачык айтышы керек болчу. Азыр эми сырттан 41 млн доллар жардам алышты, анын жарымы насыя. Саламаттык сактоо системасына очойгон насыя жүктөлдү, анан аны баарыбыз төлөйбүз».

Саламаттык сактоо министрлиги май айында 9 054 медициналык кызматкерге ай сайын берилүүчү сый акы төлөнгөнүн маалымдады. 10 миңге чукул кызматкерлерге жалпы 107 млн 161 миң 95 сом каражат берилгенин Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди:

«2936 кызматкерге Саламаттык сактоо министрлиги 43 млн 193 миң 457 сом бөлсө, калган 6118 кишиге Милдеттүү камсыздандыруу фонду 63 млн 967 миң 638 сом төлөдү. Бул төлөм — коронавирус менен күрөшүүгө тартылган кызматкерлерге маянасынан сырткары сый акы катары берилет. Ал жумушчунун иш күнүнө карай төлөнөт жана табелди мекеменин башчысы толтурууга милдеттүү.

Ал эми COVID-19ду жугузуп алган жумушчуларга берилет делген 200 миң сом жана 1 млн. сомдук кенемте (компенсация) дук төлөм азырынча төлөнө элек — бул аракет үчүн 50 млн сом бөлүнгөн жана учурда ведомстволор аралык комиссия учурда иштеп жатат. Ал каражат качан бөлүнө баштайт экенин айта албайм. Ошондой эле, 1 млн сомдук кенемте (компенсация) Жүзүмкан Толкунбаева бир гана врачка төлөнүп берилген. Ал эми кийинки каза болгондордун ишин атайын комиссия карап чыккандан кийин гана чечилет».

Абактагылардын укуктары көз жаздымда калдыбы?

Ал арада «Бир дүйнө — Кыргызстан» уюму адам укуктарынын бузулуп жатканын айтып президент Сооронбай Жээнбековго, өкмөткө кайрылуу жолдошту. Уюм карантин маалында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук күчөп, өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салган учурлар арбыганын жана жабык жайлардагы киши укуктары үчүн тынчсызданып, буга чара көрүү зарыл экендигин баяндаган.

Уюм ошондой эле, өзгөчө абал учурунда Кыйноого каршы борбор менен Акыйкатчы институтунун жабык жайларда иш алып баруусуна уруксат бербөө абактагылардын укугун коргоону кыйындатканын билдирген. Кыргызстандык юристтер бийликти коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында камактагы айрым категориядагы адамдарды бошотууга чакырышкан. Буга негиз катары абактардагы санитардык абалдын начардыгын келтиришкен.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова абакта коронавирус жайылса, кесепети өтө оор болот деген пикирде.

«Биздин абактардагы шарттар эл аралык стандарттарга туура келбейт. Бир кичинекей бөлмөдө бир нече киши отурат. Эгер вирус бир эле адамга жукса, бүтүндөй абактагыларга тарап кетиши мүмкүн. Азыр аларды эч ким менен катташтырбай ичинен жаап коюшту, бирок тергөө абагындагыларга сырттан да инфекция келиши мүмкүн. Себеби, тергөө амалдары жүрүп жатат», — деген Сооронкулова.

Ошол эле учурда «Бир дүйнө — Кыргызстандын» президентке, өкмөткө жолдогон кайрылуусу жоопсуз калганын уюмдун башчысы Төлөйкан Исмаилова маалымдады.

«Биз таң калып бүтпөй келебиз, кайрылуубузга үн-сөз, жооп жок. “Териштирүү иштери жүрүп жатат, сот чечет” деп гана тим болушту. Мындай аракети өкмөт өзүнүн конституциялык милдетин бузуп жатканын билдирет. Адам укуктары боюнча эң алгач үн катышы керек болгон Акыйкатчы институту да виртуалдык мекемеге айланды — “милиция ишти карап жатат” дешет.

Карантин учурунда укук коргоочулар жабык жайларга кире албай, жапа чеккен же кыйноого кабылгандар көз жаздымда калышты. Жактоочулардын киришине уруксат берилген жок. Ошондуктан, бир да уюм жабык жайдагылардын абалы карантинде кандай болгонун айта албай турат. Мындан улам, 300 миңге чукул биринчи муктаждыктагы буюмдарды төрт абакка — аялдардын, балдардын, өмүр бою кесилгендердин жана СИЗО-1ге жеткирүү менен чектелдик.

Кыргызстандагы жабык жайлар мыйзамдын эмес, кылмыш чөйрөсүнүн көзөмөлүндө турат. Бул өтө опурталдуу нерсе. Ал эми абактагы оор абалда жаткандарды, 65 жаштан өткөн карыларды чыгаруу боюнча кайрылуубуз жоопсуз калды. Алардын коомчулукка коркунучу жок. Өмөт ушундай альтернативалык усулдарды карап көрүшү керек эле. Иран, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөр ушундай жол тутту.

Жалпысынан алганда балдар, аялдар, карылар жашаган жайлар кандай учур болбосун коргоого, көңүл бурууга муктаж. Мисалы, биз Чүй облусун кыдырып чыктык, Токмокто чоңдордун психологиялык диспансериндеги ордунан тура албай жаткан 60тай адамга эч кандай жардам берилбегенин тактадык», — дейт Төлөйкан Исмаилова.

Башкы сүрөт 24.kg маалымат агенттигинен алынган.

            

Бул макала «Сорос-Кыргызстан» фондунун «COVID-19 - Медиа кол кабыш» долбоорунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну Саясий-укуктук изилдөө борборунун жоопкерчилиги болуп саналат жана "Сорос-Кыргызстан" Фондунун көз карашын билдирбейт

2470

Написать комментарий: