Статья

#МедиаКолкабыш: Борбор Азия коронавирус илдети менен кантип күрөшүп жатат?

Бул макала «Сорос-Кыргызстан» фондунун «COVID-19 - Медиа кол кабыш» долбоорунун колдоосу менен даярдалган.

2019 жылдын декабрь аягында Кытай мамлекети вирустун жаңы түрү пайда болгонун жана тез жайылып жатканы тууралуу маалымат бергенде  эч ким маани берген эмес. Аз убакыттын ичинде вирус 114 мамлекетке жайылып , бейтаптардын саны 2020 жылдын 11-мартына карата 118 миңге кишиге жеткен.

Кезектеги брифингте Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирус (таажы сымал вирус) илдетин “пандемия” деп жарыялап, бүткүл дүнүйөнү күрөөшүүгө чакырды. 

Борбор Азия өлкөлөрү Кытай мамлекети менен чек аралаш болгонуна карабай, короновирус илдетинин 13-мартка чейин катталбоосу Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун окумуштуулары арасында чоң суроолорду жаратты.

Бириккен Улуттар Уюмунун зл аралык вакциналар институтунун генералдык директорунун илим боюнча орун басары Михаил Фаворов 13-мартта Узбекистанга болгон сапарында Борбор Азия өлкөлөрүндө короновирустун катталбаганына бир нече себептер болушун божомолдогон.

  • Кургак аба
  • Өзгөчө климат
  • Илгертеден салт болуп келип жаткан арча түтөтүү.

"Борбор Азиянын бир дагы өлкөсүндө короновирус илдетинин катталуу учурлары болгон жок, мындан ары болбоосун каалап кетем", деди Фаворов.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн  саламаттыкты сактоо министрилиги тарабынан вирустун качан катталуусу же катталбоосу тууралуу боюнча  ар кандай ойлор айтылган.

Мисалы, 28-февралда  кезектеги пресс-конференцияда саламаттыкты сактоонун экс-министри Космосбек Чолпонбаев журналистерге мамлекетибиз коронавирус илдетин алдын алуу максатында бардык күч-аракеттерин жасап жатканын жана Кыргызстанда илдетти катталбоосуна башы менен жооп берерин айткан.

10-мартта Казакстан мамлекетинин башкы санитардык дарыгери Жандербек Бекшин кезектеги пресс – конференцияда матемикалык формула менен эсептегенде 11-16 маррта короновирус илдетии катталуусун божомолдогон.

Тилекке каршы, арадан көп убакыт өтпөй 13-мартта Алматы шаарында Германиядан учуп келген жарандарынан короновирус катталды. Казакстанда өзгөчө кырдаал 16-мартта жарыяланып, 11-майга чейин узартылган.

Өзбекстанда 15-мартта Франциядан учуп келген жарандан ПЦР анализин алганда вирус чыккан. 16-марттан баштап Өзбекстан бүткүл аймактарында карантин жарыялап, бардык мекемелерди бара-бара жабышкан. Мамлекеттин президенти Шавкат Мирзиёев коронавирус менен күрөөшүгө саламаттык сактоо министрлигине олуттуу чараларды көрүүгө буйрук берген жана коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүп пандемияны жеңүү жолдорун талкуулап жатты.

Кыргызстанда 16-мартта коронавирус илдетин Сауд Арабия мамлекетинен учуп келген жарандарда катталган. 24-марттан баштап өзгөчө кырдаал режими киргизилип санитардык-эпидемиялык абалдын туруксуз болгонуна байланыштуу 10-майга чейин узартылган.

"Reporters without Borders" жана башка эл аралык маалымат булактары Түркмөнстан бийлиги март айынын аягында “коронавирус” сөзүн колдонууга тыюу салгандыгын жазышкан. Көчөлөрдө беткап тагынган жарандарды милиция кызматкерлери  камоого укук берилген. Карантин режими жарыяланган эмес жана майрамдарды өткөрүүгө уруксат берген.

Оорунун алдын алуу максатында Түркмөнстандын президенти үйдө арча жагууну сунуштаган.

Тажикстан мамлекетинин бийлиги коронавирус илдети катталбаганына карабай, 20-мартта эл аралык аба байланышты толук жапты. Кошумча чектөөлөрдү мамлекет боюнча киргизген эмес. Бирок 18-апрелде Тажикстандын муфтии жума намаздарды өткөрүүгө тыйуу салды. Өкмөт башчынын буйругу менен 27-апрелден 10-майга чейин мектеп жана бала бакчалар жабылды. Коронавирус илдети менен чалдыккандар Тажикстанда биринчи жолу 30-апрелде 15 жарандан катталды.

АКШнын Борбор Азиядагы ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун аймактык директору Дэниэл Сингер 7-апрелде кезектеги брифингинде  Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринин короновирус илдетине күрөшүүсү жөнүндө токтолуп кетти. Анын айтымында Борбор Азияда Кыргызстан илдетке эң жакшы даярдалганын жана мындан ары аны жайылтпаганга аракет кылып жатканын билдирди.

Себеби, короновирус катталгандан кийин мамлекетибизде коомдук жайларга баруунун саны 60% азайып жана бийлик тараптан убагында чектөө чараларын киргизгенин вируска каршы оң таасирин тийгизгенине Дэниэл Сингер өзгөчө басым жасады.

Бирок, ага карабастан Борбор Азиянын саламаттык сактоо министрлерине вирус менен күрөшүү эми башталып жатканын жана алдыда бизди көп  жумуштар күтүп жатканын  эскертип кетти.

Эң башкысы илдет менен күрөшүүдө экспресс тесттер COVID-19дун генетикалык кодун аныктай албагандыктан тестирлөөнүн санын азайтууну жана ПЦР анализдерине басым жасоону сунуштады. Эскерте кетсек, АКШнын ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору COVID-19 менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга 1,38 миллион доллар бөлдү. Бул акча лабораторияларды жабдыктарды алуу үчүн жана реагенттерге жумшалат.

Борбор Азиянын саламаттык сактоо системасынын короновирус илдети бир топ кемчиликтерин ачыкка чыгарды 

Global Health Security Index - дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндөгү саламаттык сактоо системасынын натыйжалуулугун баалаган эл аралык уюмунун 2019 жылкы изилдөөсүндө өлкөлөрдү пандемия же эпидемияга канчалык даяр экенин аныкташкан.

Борбор Азия өлкөлөрү арасынан Кыргызстан 100 упайдын ичинен 49,3 упай алып, рейтингдин 47 орун алган.

Казакстан 40,7 упай менен 83 орунда. Өзбекстан 34,3 упай менен 116 орунда. Тажикстан 32.3 упай менен 130 орунда, Түркмөнстан 31.8 упай менен 135 орун алган.

Советтер Союзу бузулганына 30 жыл болгонуна карабай Борбор Азияда саламаттыкты сактоо системасында көзгө көрүнүктүү өзгөрүүлөр болгон жок. Тескерисинче союз учурунан мурас болуп калган жабдыктарды азыркыга чейин колдонуп келе жатабыз.

Кыргызстан:

Кыргыз мамлекетинде өпкөнү механикалык түрдө желдетүүчү жабдыктардын саны 649 анын 365 штебөөсүн министрдин орун басары Нурболот Усенбаев 14-апрелде кезектеги брифингинде айтып кеткен. Ал жабдыктардын аз саны гана заманбап болуп эсептелинет, калгандары совет учурунан калган.

Сымап камтылган термометрлер азыркы убакытка чейин колдонулуп келген, пандемия шартында гана электрондук дене ысымын текшерүүчү жабдыктар сатып алынды.

Дагы бир орчундуу маселелердин бири, бул короновирус илдетине чалдыккандардын ар бир бешинчиси медициналык кызматкерлер. Эксперттердин айтымында мындай көрүнүш медициналык кызматкерлдин жеке коргонуу каражаттарын өз убагында жеткирилбегени. Бийлик тараптан кемчиликтерди моюнуна албастан, тескеринче биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 8-апрелде кезектеги брифингде дарыгерлер ажы-тойго барган деп күнөөлөгөн.

Короновирус илдетине чалдыккан дарыгерлер социалдык тармактарга тойго барбаганын жана коргоо каражаттары жетишсиз болгонун айткан соң, Кубатбек Боронов 13-апрелде брифингде дарыгерлерден кечирим суроого мажбур болду.

Саламаттыкты сактоонун экс-министри Талантбек Батыралиев пандемия мамлекеттин илимге болгон мамилеси канчалык төмөн экенин жана вирусология тармагына керектүү маани бурулбаганын Саbar.Asia маалымат булагына айткан. Анын айтымында кыргыз мамлекетинде илимдик потенциалды көтөрүүнү жана аны дүйнөлүк коомчулук менен интеграциялоосун сунуштаган. 

Пандемия медицинабыздын диагностика тармагында гана эмес, дарылоо тармагында да кемчиликтери бар экенин ачыкка чыгарды. Ошондуктан мындай учурларда биз автоматтык түрдө бригадаларды, тез жардам көрсөтүүчү ооруканаларды түзүшүбүз шарт. Башкача айтканда, алдын ала илдет менен күрөшүү үчүн алгоритмдерди иштеп чыгуубуз зарыл деп эсептейт Батыралиев.

Казакстан:

Коңшу мамлекетибизде да ар бир бешинчи медициналык кызматкерлер коронавирус илдетине чалдыккан. Казахстан мамлекетенинин саламаттыкты сактоо министри Йелжан Биртанов бир гана биз эмес бүткүл дүйнө  мындай агрессивдүү вируска  даяр эмес экенин белгилеп кетти. 

Келечекте саламаттыкты сактоо системасын сөссүз өзгөртүп жаңы кырдаалдарга даяр болуусу шарт. Анын айтымында убагында көрүлгөн чаралардын негизинде короновирус илдети менен чалдыккандардын саны божомолдогондон аз болуп жатат, бул жакшы көрсөткүч.

"Коронавирус илдетине чалдыккандар үчүн атайын 3920 керебет, вируска шектелген бейтаптар үчүн 7300гө жакын убактылуу керебеттер даярдалган. Реанимация бөлүмдөрү 180 абалы оор бейтаптарды кабыл алганы даяр дана 170 өпкөнүн жасалма желдетүү аппараттары жана 38 экстракорпоралдык кабыкчанын канынын кычкылдануусу менен жабдылган", - деди Биртанов.

Жалпысынан алганда медициналык коомчулук Казакстан тарабынан коронавирустун алдын алуу боюнча көрүлгөн чараларды өз убагында жана жетиштүү деңгээлде баалашты.

Өзбекстан:

Өзбекстандык вирусологдордун айтымында пандемия саламаттыкты сактоо тармагы үчүн чоң сыноо болду. Март айынан баштап Ташкент медициналык институнда дарыгерлер үчүн атайын тренингдер өткөн, анын ичинде лаборатория шартында ПЦР анализин аныктоо ыкмаларын да үйрөнүшкөн. Короновирус илдетинин аныктоо учурунда жуктуруп алуу коркунучу аз эмес.

Адистер атайын коргоочу жабдыктарды кийип Улуттук инновациялык саламаттык палатасынын маалыматы боюнча, төрт миңге жакын дарыгерлер өз ыктыяры менен кесиптештерине коронавируска каршы күрөштүн биринчи баскычында жардам беришкен. Мамлекет башчысы ай сайын бейтаптар менен байланышта болгон дарыгерлерге 25 миллион сум (дээрлик 2,5 миң доллар), медайымдар жана лаборанттарга 15 миллион сум (дээрлик 1,5 миң доллар) берүүнү чечкен.

Ташкентте коронавирус илдети менен ооругандар үчүн атайын үч медициналык мекеме иштеп жатат - Вирусология илим-изилдөө институту, Эпидемиология, микробиология жана жугуштуу оорулар илимий-изилдөө институту, ошондой эле шаардык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында бейтаптар дарыланышып жатышат.

Өзбекстандын башкы санитары дарыгер Бахром Алматовдун айтымында аткарылып жаткан иш-чаралардын негизинде коронавирус оорусунун динамикасы төмөндөгөн.

Жалпысынан өлкө арасында карантин режими жакшы уюштурулган дейт адистер.

Тажикстан:

Эксперттердин айтуусу боюнча Тажикстан башка өлкөлөргө окшоп короновирус илдетине даяр эмес болчу.

Абу Али Ибн Сино атындагы Тажик мамлекеттик медициналык университетинин Микробиология, иммунология жана вирусология кафедрасынын башчысы, профессор Саидбек Сатторовдун айтымында, пандемияга даяр эместиктин себеби бул вирустун жаңы түрү болгону.

«Тилекке каршы, медицинанын негизги багыттары болгон микробиология, иммунология жана вирусология бөлүмдөрү өнүккөн эмес. Бардык медициналык дисциплиналар ушул үч предметке көз каранды. Ошондуктан, биз Тажикстанда ушул үч дисциплинаны жогорку деңгээлде өнүктүрүшүбүз керек.», - дейт профессор.

Тажикстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министри Насим Олимзода 8-апрелде өлкөдө 500дөн ашуун өпкөнү механикалык желдетүү жабжыктары бар экендигин жана Дүйнөлүк банктын каражаты менен дагы 100 даана сатып алууну пландаштыргандыгын айтты.

Министр ошондой эле бүгүнкү күндө Тажикстанда жогорку деңгээлдеги эл аралык лабораториялар иштеп жатканын жана анын курамында коронавирусту аныктоо үчүн Москвадан атайын окуп келген вирусологдорду иштеп жатканын белгилеп кетти.

Жыйынтык:

Советтер Союзунан бери дүйнөгө убагында белгилүү болгон орус дарыгери Николай Семашконун системасы менен иштеп келе жаткан медицина тармагыбыз толук түрдө глобалдык реформага муктаж экени билинди. 

Коронавирус Борбор Азиянын саламаттык сактоо тармагына канчалык деңгээлде кайдыгер мамиле жасаганы жана бир топ кемчиликтерди ачыкка чыгарды.

  • Жеке коргоочу шаймандардын алдын ала медициналык кызматкерлер үчүн даярдалбай алардын ар бир бешинчиси илдетти жуктуруп алуусуна себепкер болгону.
  • Медициналык кызматкерлердин укуктары 30 жылдан бери кайра каралбай пандемия шартында кысымга алынып жатканы.
  • Мамлекетте тойканалардын саны бейтапканалардан көп болуп бейтаптарда обсервацияга орун таппай калышы.
  • Вирусолог жана эпидемиолог дарыгерлердин жетишсиздиги.
  • Жугуштуу ооруларды атайын изилдөөчү лабораториялардын жоктугу Борбор Азия мамлекеттери согушка куралсыз даярданып барып алгандай болгону.

Дүйнөлүк эксперттердин айтымында келечекте адам баласы короновирус илдетинен да коркунучтуу пандемиялар менен күрөшөт. Борбор Азиянын лидерлери короновирус илдети ачыкка чыгарган кемчилектерди тез арада чечүүгө басым жасабаса келечекте жоготуулардын саны бүгүнкү күнгө салыштырмалуу жогору болушу толук ыктымал.  

Башкы сүрөт Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине таандык.

             

Бул макала «Сорос-Кыргызстан» фондунун «COVID-19 - Медиа кол кабыш» долбоорунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну Саясий-укуктук изилдөө борборунун жоопкерчилиги болуп саналат жана "Сорос-Кыргызстан" Фондунун көз карашын билдирбейт

1695

Написать комментарий: