Статья

#МедиаКолкабыш: «Эс ала турган учур келе элек» - Ошто бейөкмөт уюмдардын ыктыярчылары карантин убагында калкты кантип колдоду

Сахира Назарова, Зинакан Пасанова

Бул макала «Сорос-Кыргызстан» фондунун «COVID-19 - Медиа кол кабыш» долбоорунун колдоосу менен даярдалган.

Кыргызстандын бир топ аймактарында, анын ичинде Ош шаарында 2020-жылдын 21-мартынан тартып өзгөчө абал киргизилгенден кийин элдин турмушунда бир топ маселелер жаралды. Массалык жумушсуздук, кыймылга чектөө киргизүү жана ресурстардын жетишсиздиги менен коштолгон карантин шарттарында кантип жашоо өткөрүү керек деген суроолор туулду.

Ушундай жеңил эмес убакта жарандарды колдоо үчүн Аймактык гуманитардык форум (АГФ) жана башка жарандык коомдук уюмдардын активисттери ыкчам реакция жасашты. АГФтин курамына аялдардын, балдардын, майыптыгы бар адамдардын, аз камсыз болгон жарандардын, мигранттардын ж.б. укуктарын илгерилетүү багытында иштешкен ондогон коомдук уюмдар кирет.

Так ошол БӨУ лидерлери жана ыктыярчылары жергиликтүү калкка гуманитардык, психологиялык жана укуктук жардам көрсөтүү боюнча иштерин оперативдүү, ачык-айкындуу жана максатка ылайык уюштура алышты.

Натыйжада бир айдын ичинде алар тарабынан 200 миң сомдон ашуун акча топтолуп, ага тамак-аш азыктары жана жеке коргоо каражаттары сатып алынды.

Алардын эсебинен 230дан ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таркатылды. Ошондой эле 1500гө жакын адам атайын адистерден үч тилде психологиялык, жүздөн ашуун жаран укуктук кеңештерге ээ болушту. 

Бул БӨУ өкүлдөрүнүн өзгөчө абал шартында аярлуу жарандардын оорчулуктарына кайдыгер карай алышпай, өздөрүнүн жана жакындарынын аманчылыгын тобокелдикке салуу менен ыктыярдуу түрдө алдыңкы катарда жүргүзүшкөн иштеринин татыктуу мисалдары.

Алар кайрымдуулукка сарпталган ар бир сом боюнча ачык-айкын отчет берип турушту.

Өзгөчө абал башталары менен ресурстарды мобилизациялоо, милдеттерди өз ара бөлүштүрүү кандай жүргүзүлгөндүгү жана кандай кыйынчылыктарга дуушар болууга туура келгендиги жөнүндө төмөнкү материалдан таанышууга болот.

Лидерди ээрчи!

АГФтин курамына кирген “Интербилим-Ош” ресурстук борбордун менеджери Гульгакы Мамасалиева шаардын элине эң активдүү, демилгелүү жана профессионал укук коргоочу катары белгилүү. Ал аярлуу жарандардын укуктарын коргоо боюнча эдвокаси кампаниясын өткөрүүдө социалдык мобилизациялоону мыкты уюштуруучу катары да таанымал.

Гульгакы  адам укуктарын коргоо принциптерин жактоочу катары карапайым элдин урматтоосуна ээ, анын пикири менен жергиликтүү бийлик да эсептешет. Күнүмдүк ишмердүүлүгүндө ал мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташып келет, анткени эки тараптуу күч-аракеттерди бириктирүү менен гана жакшы натыйжага жетишүүго болот деп эсептейт.

Карантин учурунда элге жардам берүү үчүн ресурстарды мобилизациялоону баштаарда мындан он жыл мурдагы окуялар эске түшпөй койгон жок. Анда да жергиликтүү активдүү жарандар жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү максатында биригишип иштешкен эле.

Гульгакы эки учурду салыштырып, мурдагы окуя мезгилинде мобилдик байланыш начар иштеп, бирдик жүктөөгө мүмкүнчүлүк жоктугунан адамдарды мобилизациялоодо бир топ оорчулук болгонун эскерет: "Азыр бул жагынан көйгөй жок: интернет аркылуу адамдарды мобилизациялоого болот. Иштин бир бөлүгүн обочолонгон режимде жасоого да мүмкүн".

Биргелешкен иш жана күнүмдүк билдирүүлөр

АГФнын активисттери иштин башталышында банкта атайын эсеп ачылып, топтордун милдеттери бөлүштүрүлүп берилгенден кийин маанилүү этапка өтүштү. "Мындай караганда, эсеп ачуу, ага акча түшүрүү, тамак-аш азыктарын сатып алуу жана муктаждарга таркатып берүү оңой сезилет. Бирок, иш жүзүндө аны уюштуруу процесси өтө татаал болот. Биздин демилгени колдогон бейөкмөт уюмдардын 17 өкүлү күн сайын эртеден кечке иштеп жатышты. Биз өзүбүздүн ишибизди критерийлери, регламент жана нормалары алдын ала иштелип чыккан саясатка шайкеш жүргүздүк”, - деп белгиледи.

Ошондой эле бир нече топ түзүлүп, алардын бири фандрайзинг боюнча иштеди:

- Активисттер демөөрчү издешип, ишкерлерге кайрылышып, жардам көрсөтүүгө ынандырышка аракеттеништи.  Кайрымдуулуктун максатын, кимдерге кандай жардам керектигин жана жардам берүү жолдорун талкуулашты. Алар берген каражат кандай жумшалары жөнүндө да түшүндүрүү керек эле. Ар бир болжолдуу демөөрчү менен сүйлөшүүгө жок дегенде 10-20 мүнөт коротулчу. Бирок, бизди мүмкүнчүлүктөрү бар ишкерлердин баары эле колдой беришпеди.

Экинчи топтун мүчөлөрү ыктыярчыларды окутушуп, даректер боюнча үй-үйлөргө жардам жеткирүүгө үйрөтүштү. Коменданттык саат киргизилип калгандыктан, шаарда жүрүүгө уруксат кагазын алууга эки күн кетти.

Дагы бир топко жардамга муктаждардын тизмесин түзүү милдети жүктөлгөн эле. “Ар бир күнү кечинде жумушчу комиссиянын 5-6 мүчөсү менен онлайн режиминде жолугушуу өткөрүп жаттык. Биз тизмеге кимдерди кошуу зарылдыгын талкуулоочубуз. Тизмени текшерип, үй-бүлөлөрдүн  абалын жана муктаждыгын аныктап, керек болгон учурда телефон чалып тактап чыкчубуз.

Каражаттарды бөлүштүрүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу үчүн аткарылган иштер жөнүндө күн сайын социалдык желелерде кыргыз жана орус тилдеринде маалымат берилип турулду.

Бул болсо ыктыярчыларга болгон ишенимди жогорулатууга жана жардам берүүнү андан ары илгерилетүүгө багытталган олуттуу иш-аракет болду.

- Ырааттуу жөнгө салынган ишибиз бейөкмөт секторунун активисттери жеңил эмес шарттарда да өз ишмердүүлүгүн канчалык мыкты уюштура билгендигин айгинеледи. Бул убакта жергиликтүү бийлик ишин жаңы гана күчтөндүрө  баштаган эле. Активисттер гуманитардык жардамды 24-марттан баштап бөлүштүрө башташса, жергиликтүү бийликтин алгачкы жардамы 5-апрелден кийин таркатылган.

Тизменин башында - карыялар жана майыптыгы бар адамдар

Активисттер мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташуу аркылуу иштеп жатышты. Гульгакы биринчи кезекте кимдерге жардам көрсөтүлгөнүн санап өттү:

- Биз иш баштаарда адамдарда тамак-аш азыктарынын бир аз да болсо запасы бар эле. Бирок, эл карантин мындай узак созулуп кетет деп кайдан ойлошсун, ошондуктан азык-түлүктү көп камдашкан эмес экен. Албетте, алгачкы күндөрү бизге телефон чалышып, жардам сурап кайрылгандар аз болду.

Социалдык коргоо кызматы бизге алар түзгөн тизме боюнча иштөөнү сунушташты. Ошондуктан, биздин штабдын эң биринчи даректүү жардамы социалдык кызматтардын тизмесиндеги улгайган 50 адамга тапшырылды. Биз кароосуз жана колдоосуз калышкан жана тамак-аш азыктарын сатып алууга мүмкүнчүлүктөрү жок карыяларга жардам бердик.

Андан кийин майыптыгы бар адамдар жашашкан үй-бүлөлөргө колдоо көрсөттүк. Социалдык коргоо кызматчылары аларга жете алышпай кыйналышкан экен, анткени коомдук транспорт токтоп, кыймылга чектөө киргизилген эле.

Ыктыярчылар күндөлүк жашоого зарыл болгон продуктталарды жеткирүүгө жардамдашышты. Кээде адамдарга акча алуучу терминалдарга коштоп баруу сыяктуу көмөкчү кызмат да көрсөтүп жатышты. Ал күндөрү ыктыярчыларга кайрымдуулук иштерин  психологдун милдети менен айкалыштырууга туура келди.

Анткени, карантинде олтурушкан адамдар колдоого жана жеткиликтүү маалыматка жана өзгөчө абал учурунда жүрүм-турум эрежелери боюнча түшүндүрмөгө муктаж эле:

- Март айында адамдар негизинен санитайзерлерди жана жеке коргоо каражаттарынкөбүрөөк суранышчу. Ошону менен бирге эле ун маселеси боюнча да тынчсыздануулар көп эле.  Мындан тышкары, шаардын бир аймагынан башка аймагына баруу жөнүндө суроолор  болуп жатты. Ош шаарында жашашып, бирок пенсия жана жөлөкпулдарды Кара-Суудан алышкан адамдар да бар экен.

Ижара ээлери батирден чыгарып коюшкан адамдардын арыз-даттануулары да болду. Биз батир ээлери менен ижара акыны төлөө мөөнөтүн узартып берүү жөнүндө сүйлөштүк. Натыйжада батирден куулуп жаткан 23 үй-бүлөгө жардам бердик, тагыраак айтканда 76 адамды көчөгө чыгарып коюлушун алдын алдык.

«Мусаада» эске түшкөндө

Ош шаарында туруктуу жашай турган жери жок адамдар үчүн ушул кезге чейин баш паанек жай жок. Карантин мезгилинде үй-жайсыз адамдардын көйгөйү ансайын курчуп кетти:

- Биз бул маселени чечүү үчүн мэрияга кайрылып, ушул багыттагы социалдык долбоорлорду жүзөгө ашырууда тажрыйбасы бар “Мусаада” фондуна жардам көрсөтүү жөнүндө сүйлөшкөнбүз. Ал убакта аталган фонддун мэриянын социалдык буюртмасы боюнча декабрь айынан февралга чейин иштеген долбоору аяктап, мартта жабылып калган эле.

Март айынын этегинде фонд ишин кайрадан жандандырып, туруктуу жашай турган жери жок адамдарды кабыл ала баштады. Ошондой эле бул жайда батирден чыгарылгандар же аймактарга өз убагында чыгып кете албай калгандар да баш калкалап турушту.

Фондго мэрия жардам берип, биз дагы 22 адамга ылайык азык-түлүк менен жабдып турдук. Жакында бул жайдын коммуналдык кызматка төлөмдөрү үчүн 15 миң сом каражатты бөлүп берүү жөнүндө мэрия менен сүйлөшүлдү.

АГФнын эсебине түшкөн каражат …

Ыктыярчылар гуманитардык жардамды таркатуу иштерин 2020-жылдын 24-мартынан 25-апрелине чейин жүргүзүштү. Бул чымырканып иштөөнүн, бекемдикке, кайрымдуулукка жана толеранттуулукка сыноонун күндөрү болду. Ошондой эле адамдардын ак ниеттүүлүгү, ишеними да сыноодон өттү.

Кээде иштеген адамы бар туруп жардам сураган үй-бүлөлөр да болбой койгон жок. Бул жөнүндө  тамак-аш азыктарын  үйлөрүнө алып барганда билинчү. Тизмеде жокмун деп даттангандар да бир топ эле. Ошондуктан, тизмени тактоого да көп убакыт короду.

Ушундай кыйынчылыктарга карабастан бир ай убакыттын ичинде 235 үй-бүлө гуманитардык жардам алышты. Атайын эсепке демөөрчүлөрдөн 201 594 сом түштү.

Элдик штаб

Март айынын этегинде Элдик штаб өз ишин баштап, кайрымдуулук иштерине көптөгөн бизнес-уюмдарды тартууга жетишти.

- Алардын иши бир топ алдыга кетти, анткени штабдын курамында ишкерлер да болгондуктан, алар ишкердүүлүк чөйрөсүнүн өз адамы катары байланыштарынын пайдасы тийди. Салыштырып көрсөк, бизге жардам берүүнү каалоочулар мүмкүнчүлүктөрүно жараша салымын кошушса, элдик штабдын ишкерлерди тартууга көбүрөөк . шансы бар эле.

Элдик штабга жардамды азык-түлүк түрүндө алып келгендер кампага таштап кетишсе, бизде сактай турган эч бир жайыбыз жок болчу. Ошондой эле штаб жергиликтүү кафелер менен кызматташып, медициналык мекемелерди, постто тургандарды ж.б. ысык тамак менен камсыз кылууну уюштурду.

Иштин жүрүшүндө биз Элдик штаб, социалдык коргоо Башкармалыгы, Кызыл жарым ай Улуттук коому менен тыгыз байланышта болдук. Бири-бирибизди кайталап калбоо максатында маалымат алмашып туруу үчүн интернет желесинде “Жардам” деген тайпа түзүп, байланышты бекемдедик, - деп маалымдады Мамасалиева.

БӨУ активисттери дагы бир маселеге туш болушту: кээ бир бизнес уюмдар бейөкмөт уюмдар менен кызматташуудан качышып, Элдик штаб менен кызматташууну оң көрүштү.

Ошондой эле Элдик штаб өзүнүн жардамын бизнести илгерилетүүчү жарнама түрүндө берүүнү сунуштады. БӨУ өкүлдөрү мындай сунушту жайынча эле кабыл алышып, сүйлөшүү учурунда жардам көрсөтүүнүн бир нече вариантына токтолушту. Анткени ким кандай көп иш кылат деп мелдешкенден көрө адамдарга жардам берүү алда канча маанилүү эмеспи.

Бул Ош шаардык кеңешке шайлоо алдындагы мезгил болгону да шарапаты тийди.

Шайлоого катышып жатышкан саясий партиялардын талапкерлери кайрымдуулук жасоодон аянышкан жок.

Алардын  жардамынын көлөмү менен биздикин салыштырууга мүмкүн эмес эле. Бирок, биз чоң көлөмдү камсыз кыла албасак да, кандай иштешти алгачкы болуп көрсөтүп койдук. Биздин өрнөгүбүз текке кеткен жок, аны башка уюмдар улантып кетишти. Ошондуктан, муктаждарга жардам көрсөтүү көбөйгөнүнө кубанычтабыз”.

Апрелдин аягында активисттер атайын эсепке түшкөн акча каражатын толук сарптап бүтүшүп, адамдарды жардам көрсөтүү ишин улантуу үчүн башка уюмдарга жөнөтүштү.

Психологдордун иштери

Карантин шарттарында калкка колдоо көрсөтүүдө моралдык-психологиялык жактан жардам берүүнүн мааниси чоң. Ошондуктан, биздин аракетибиз менен психологдор онлайн режиминде үч тилде: кыргыз, орус, өзбек тилдеринде кеңеш берип жатышты. 

«Благодать» фондунун психолог-адиси Надежда Домашева белгилегендей, адамдар өлкөдөгү, үй-бүлөдөгү абалга тынчсызданышып, жакындарынын ден соолугу жана өмүрү үчүн коркунучка кабылышты. Көптөрүнүн туугандары эмгек миграцияда жүрүшөт. Жарандар банкттын насыя акчасын, батирдин акысын төлөө оорчулугуна дуушар болушту.

Карантин мезгилинде үй-бүлөдөгү чыр-чатактар, өнөктөштөр ортосундагы түшүнбөстүктөр, жакын адамдан айрылуу сыяктуу психологиялык көйгөйлөр боюнча да кайрылуулар көп катталды. Көп адам жашоо каражаты жок калышкандыктан, тамак-аш азыктарынан жардам берүүнү суранышкандар да болду.

Психолог аларды башка кызматтарга багытташты. Психологдорго күнү да, түнү да чалып жатышты, кээде мобилдик байланыш начар иштегени гана кедергисин тийгизбесе.

Психологдун айтымында, кайра-кайра чалышкан адамдар да болбой койгон жок, а түгүл кээ бири бир жолу кайрылгандан кийин туруктуу кардалга айланып да алышты. Бул болсо карантин убагында психологдордун кызматы канчалык өз убагында жана актуалдуу экенин айгинелейт.

- Бизге кайрылгандардын абалы татаалыраак болсо аларды  психотерапевттерге жөнөтүп жаттык. Психологиялык кеңеш берүү учурунда релакциялык көнүгүүлөрдү колдонууну сунуштадык, - деп кошумчалады Домашова.

Активисттер бул көнүгүүлөрдү аткаруу эрежелерин социалдык тармактарга жайгаштырышты, алар короновирус жөнүндө ойлордон алаксытууга, позитив тартуулоого багытталган көнүгүүлөр эле. Ошондой эле өзүн ээлеп алган коркунучту жана дүрбөлөңдүү сезимди сүрөткө түшүрүү, андан кийин бул сүрөт тартылган баракты тытып таштоо да жакшы жардам берүүчү көнүгүү. Психологдордун кеңеши менен адамдар активдүү кыймыл-аракетте болушуп, абадан туура дем алуу жолдору боюнча маалымат алышты.

АГФтин маалыматы боюнча, март-апрель айларында Ош шаары жана Ош облусу боюнча 1427 адам психологиялык жардам алышты.

«Улыбка» фондунан азык-түлүк пакеттер

АГФдан тышкары гуманитардык жардам башка коомдук уюмдар тарабынан да көрсөтүлдү. «Улыбка» фондунун жетекчиси карантин мезгилинде өз өлкөсүңө чыгып кете албай калышкан Тажикстандын жана Молдованын жарандарына кандай колдоо көрсөтүшкөнү жөнүндө айтып беришти.

Чет элдик жарандар Ошто коммерциялык иштер менен жүрүшкөн, жогорку окуу жайларында окугандары да бар экен. Өзгөчө абал башталганда кете албай калышып, ишсиз, каражатсыз кыйналышкан. Миграция боюнча эл аралык уюму “Улыбка” фонду аркылуу аларды тамак-аш азыктары, дары-дармек жана гигиеналык буюмдар жагынан камсыз кылды.

Молдовалык аялдар жана балдар кубанычтарын жашырышкан жок. Алар  бюрократтык ашыкча убарагерчиликтен коркушуп,  расмий бийликке жардам сурап кайрылышкан эмес экен. Кийинчерээк биз аларга Ош шаардык мэриясына жардам сурап кат жазууга көмөк көрсөттүк жана бул өтүнүч көңүл буруусуз калган жок. Ошентип, Молдованын 46 жараны мэриянын жардамын алышты”.

Фонддун кызматкерлери Тажикстандын 90 жараны да өлкөсүнө чыгып кете алышпай калышканын аныкташты. Аларга да тамак-аш жана гигиеналык буюмдар түрүндө жардам берилди.

Карантин – жарандардын укуктарынын бузулушу үчүн шылтоо эмес. Юристтердин ишмердүүлүгү

Карантинге чейин 27 жаштагы юрист Саидалимхан Расахождаевдин жумуш күнү мүнөт-саатына чейин бөлүштүрүлүп коюлчу: кардалдар менен жолугушуу, документтер менен иштөө, сот процесстерине катышуу жана башкалар.

- Жашоо күтүүсүз эле түп-тамырынан өзгөрүп кетти. Карантин башталгандан кийинки биринчи жумада эмне кылуу керек экендигин түшүнбөдүм. Кесиптик ишмердүүлүктү телефон чалуулар, онлайн кеңеш берүү сыяктуу жаңы деңгээлге өткөрүүгө туура келди. Көрсө, бул турмуштун жаңы талаптарына жараша ыңгайланышуу керектигин аңдап-биле турган убакыт болгон экен. Анткени, адамдар карантин учурунда деле юристтин кызматына муктаж болуп жатышты. Менин азыр ишим көп, аярлуу топтогу, аз камсыз болгон жарандардын кызыкчылыктарын коргойм, - деди Саидалимхан.

Анын айтымында, жарандар өзгөчө абалдын режими боюнча түшүнүксүз суроолору менен көп кайрылышты. Ошондой эле жергиликтүү тургундар ага шаардын аймагында орнотулган блокпосттор канчалык мыйзамдуу экени, жарандардын ден соолугун коргоо боюнча мамлекеттик кепилдик жөнүндө суроолор менен чалып жатышты:

- Адамдарды маалымат селинин чоң толкуну каптап, тилекке каршы, так маалыматты ажыратуу кыйындыкка турду. Жалган маалыматтардын кеңири таркашы коомчулукка дүрбөлөң салып, маанай чөктүрдү. Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде таркап жаткан маалыматтардын бардыгына эле ишенүүго болбостугун ар бир жолу түшүндүрүп жаттым. Маалыматты ар кандай булактардан текшерип, аныгына жетмейинче башкаларга негатив жаратуунун кереги жок.

Адвокат Иброхимжан Жураев баяндагандай, ага телефон чалып кайрылышкан адамдар кыймылга чектөө киргизилгенине байланыштуу Кара-Суу районунан Ош шаарына келе албай жатышканына даттанышкан. Анткени,  өздөрүнө тиешеси бар кылмыш жана соттук иштер кандай стадияда турганын билиши керек эле.

Коменданттык сааттын эрежесин бузду деген негизсиз айып менен кармалган жаран да кайрылган. Анын айтымында  өзүнүн эле жеке менчик үйүнүн аймагында турган экен. Милиция менен сүйлөшүү жүргүзүлгөндөн кийин ал үйүнө жеткирилди.

Ошондой эле, укук коргоо органдарына чакырылган кээ бир жарандар транспорттун жана уруксат кагаздын жоктугуна байланыштуу келе албай жатышканы боюнча кайрылышты. Аларга тийиштүү чакыруу кагаз алмайынча келбөө жана кыймылды чектөө алынышын күтө туруу боюнча кеңеш берилди. Кыстырма, ал күндөрү байланыш кызматынын иштебегендиги укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын ишине таасирин тийгизбей койгон жок.

Юристтер акысыз укуктук жардам көрсөтүүнү улантып жатышат.

Мамлекеттик органдардын жана бейөкмөт уюмдардын карантин мезгилиндеги ишмердүүлүгү

Өткөндү талдоо менен, Гульгакы Мамасалиева орчундуу бир топ мүчүлүштүктү белгиледи: ММКлардын аккредитацияланбаганы жана шаардын аймагында жүрүүгө уруксаттын жоктугу, адамдардын маалыматка жеткиликсиздиги ж.б. Элди маалымдоо функциясынын бир бөлүгүн БӨУ өз мойнуна алып, тигил же бул материалдын чын-төгүнүн аныктап, жергиликтүү лидерлер менен байланышта болуп, соцтармактарда активдүүлүгүн көрсөттү.

Гульгакы жергиликтүү бийликтин маанилүү маселелер боюнча адамдарды өз убагында маалымат менен камсыз кыла албагандыгына канааттанган жок. Мисалы, мэрия элге кайрылып: «Урматтуу шаар тургундары! Сиздерге эмне, канча өлчөмдө сатылып жаткан локациялар жөнүндө маалымат сунуштайбыз” деп, күнүгө ун жана башка керектүү азык-түлүктөр бар дүкөндөрдүн, санитайзерлер сатылып жаткан аптекалардын локациясы, алардын баасы жөнүндө маалыматтарды берип турушу керек эле. Адамдар, ошондой эле адамдар дары-дармектер жана жеке коргоо каражаттары боюнча маалыматка да муктаж болушту.  

- Бийлик обсервацияларды камдаптыр, а карапайым элдин муктаждыктарын канааттандырууга даяр эместигин көрсөттү. Өзгөчө абал шартында бул маселе жарандардын коопсуздугун жана стабилдүүлүктү камсыз кылуунун маанилүү бөлүгү эмеспи.

Адамдарды белгисиздик жана маалыматтын жетишсиздиги  дүрбөлөңгө салат. Бийлик эл менен сүйлөшкөндү, элге кайрылуу жасаганды унутуп калды. Бир гана комендант эрежени бузуп кармалгандар жөнүндө отчёт берип жатты.

Адамдарды көчөгө чыкпоого чакырышканы менен, бири-бирине жардам берүүгө, тилектештик көрсөтүүгө үндөө болгон жок. Мэрия биздин ишибизди жактырып, жакын арадагы дүкөндөрдө бар продукциянын көлөмү боюнча скрин жасоого көмөктөшүбүздү суранды. Бул шаардын кайсыл районунда кандай азык-түлүккө жана керектүү товарга  муктаждык бар экендигин билүү үчүн керек эле.

Биз шаардын ар кайсыл бөлүгүн кыдырып, 70 соода түйүнүндөгү абалды иликтеп чыктык. Бул ишке бизден 12-15 адам тартылды, - дейт Мамасалиева.

Гульгакы көп жылдардан бери жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алуу процессине активдүү катышып келатат. Ал маанилүү чечимдерге кылдаттык менен көзөмөл салып, элдин кызыкчылыгын коргоого бүт күч-аракетин жумшайт. Ошондой эле адамдарды коомдук угууга тартуу боюнча иштерди жүргүзөт. Анткени маанилүү чечимдер активисттердин катышуусуз кабыл алынса келечек үчүн бүдөмүк болот: 

- Бийлик биздин катышуубуз жок чечимдерди кабыл алса мен тынчсызданам. Бир мисал, бийлик бюджеттин деңгээлин кармоо боюнча кризиске каршы планды сунуш кылды, бирок ал план бизнес өкүлдөрүнүн катышуусу менен талкууланган жок. Жарнак тактайчалары менен кандай болгону эсиңердеби?

Мэрия жарнак баннерлерин жана көрнөктөрдү өз алдынча эле алып салганына нааразы болгон ишкерлерден арыз-даттануулар түшкөн. Азыркы учурда орто жана чакан бизнес – бул таяныч жана куткаруучу тармак. Бийлик алардын иштеши үчүн шарт түзүп берүүгө милдеттүү, а мүмкүн салык салууда жеңилдиктерди жасоого да болмок.

Тилекке каршы, кризиске каршы план да талкууга коюлган жок, анын кандай түзүлгөнүн жана ишке ашарын биз билбейбиз. Мэриянын экономика бөлүмүнүн кызматкерлери бул пландын бекитүүгө бизнес уюмдардын өкүлдөрү катышышты деп айтышса да, жалпы жарандык коомдун өкүлдөрү четте калышты

Гульгакы Мамасалиева мамлекеттик органдардын иштеринин чабал жактарын көрө билет жана жарандык сектор менен күч-аракеттерди бириктирүү боюнча бир топ сунуштарын билдирет. Социалдык коргоо Башкармалыгына аярлуу үй-бүлөлөр үчүн билим берүү тармагынын иштери боюнча ой-пикир алышып туруу үчүн БӨУ менен тыгыз кызматташууну сунуштайт:

- Эгерде эсиңерден чыкпаса, биз дагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары аралыктан окуй албай калбашы үчүн аларга телевизор жана телефон издегенбиз. Аралыктан окутуу киргизилгенде үй-бүлөлөрдүн бир тобунун ага мүмкүнчүлүгү жок болуп чыкты.

Бул керектөөнү чамалабагандыктын кесепети. Алгач баарын баалап алыш керек эле, аралыкта окуучулардын ысык тамагына бөлүнгөн акчаны окутуу жеткиликтүү болушу үчүн техникаларды сатып алууга жумшалса болмок.  

Чындыгында, карантин шарттарында билимге жеткиликтүүлүк бир топ чектелип калганы айгине. Балдардын бир бөлүгү билим алуу  системасына камтылган жок. Бул маселенин чечилишине Форум да көмөк көрсөтүп, 15 телевизор, 3 смартф, 6 антенна жана 6 тюнер муктаждарга тапшырылды.

Гульгакы билим берүүгө жеткиликтүүлүктү жакшыртуу үчүн мамлекеттик органдар менен БӨУнун кызматташуусун күчөтүү керектигин белгиледи. Анын ою боюнча, бүтүрүү экзамендерин жана жогорку жана орто окуу жайларына тапшырууга даярдык көрүүнү кандай кылуу керектиги жөнүндө азыртан баштап талкуулаш керек:

- Тамак-аш азыктарынын жетишсиздигине, билим алууга, медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктүн чектелишине байланыштуу көптөгөн көйгөйлөрдүн  негизинде адам укугу жатат. Эмне үчүн укук коргоочуларды чакырып, бул укуктарды кантип жүзөгө ашыруу жөнүндө сүйлөшүүгө болбойт.

Укук коргоочулар өздөрүнүн багыттарында иштей беришет жана жергиликтүү бийликке укук бузуулар жөнүндө так маалымат берилип турат, бул мэрия үчүн сигналдар болмок.

Анткени, укук коргоочулар эртең жарыла турган аялуу жерлерди көрүүгө жардам беришет. Бийлик социалдык чыңалуунун күчөшүн алдын алуу үчүн укук коргоочулар менен тыгыз байланышта болуп турууга кызыкдар.

Гульгакы Мамасалиева БӨУдарга карата мамиле стереотиптерге негизделип жатканына өкүнүчүн билдирди. 

- БӨУ бийликтин дарегине сын жана негатив айтуу үчүн гана түзүлгөн дешип жаңылыш ойлошот. Жергиликтүү бийликтин саясаты менен дайыма эле макул боло бербөө аларды ызалантат. ОУлардан кайсыл бир идеяларды кабыл алып жана аларды биргелешип коомдук жыргалчылыкка багыттоонун ордуна идея үчүн атаандашуу жүрүп жатат.

Ал бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү күчөтүү жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алууга болгон аракет аркылуу БӨУларга кысым көрсөтүүлөр жаңыланып жатканына тынчсызданат.

Ал өлкөнүн турмушунда БӨУнун ролун төмөндөгүчө белгилейт: БӨУ - жарандардын аярлуу доошу, алар - шайма-шай салык төлөөчүлөр, өзүнүн ишмердүүлүгүн эл алдында ачык чагылдыра алуучу.  

Гульгакы Мамасалиева көптөгөн активисттердин катарында бул мыйзам долбооруна каршы чыгарын айтты.

Аралыкта иштөө

Мамасалиева өз уюмунун менеджери катары өзгөрүлгөн шартка байланыштуу иштөө ыкмасын кайра курууга туура келди. Ишмердүүлүгүнүн бир бөлүгүн онлайн режимине которду.

- Бирок, адвокация боюнча ишмердүүлүктү аралыкта жүргүзүүгө мүмкүн эмес, биз иш-чараларга, кеңешмелерге катышууга тийишпиз, биздин кызматкерлер жарандардын кызыкчылыктарын мамлекеттик органдарда жактоого милдеттүү. Лоббирлөө боюнча биздин кампания кээ бир багыттагы иштерин жана окутуу иш-чараларын гана онлайн режиминде жүргүзүшү мүмкүн. Биз үчүн “тегерек столдор” көптөгөн маселелерди чечүүнүн натыйжалуу ыкмасы болуп саналат, анткени ага ведомстволордон өкүлдөрү, жарандар чакырылат жана маанилүү маселелер ачык талкууланат. 

Азыр биз шартка жараша “тегерек столдорду” жана коомдук угууларды өткөрө албайбыз. Ошону менен мамлекет жарандарды чечим кабыл процессине катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууда. Быйылкы жылы биз мамлекеттик ипотекалык кредиттөө Агенттиги тарабынан демилгеленген “Жеткиликтүү турак-жай” программасы боюнча 10 коомдук угууну өткөрүүгө тийиш элек. Бул маселелерди талкуулоону онлайн түрүндө уюштурмакчыбыз.

Бул, албетте, башкачараак натыйжа берээри айгине: катышуучулардын жүздөрү,эмоциялары көрүнбөйт, а биз үчүн маанай өтө маанилүү. Тилекке каршы, соцтармактарда мындай эффект жок. Анын үстүнө, БӨУнун колдоосу азайып баратат, көптөгөн бейөкмөт уюмдар тажрыйба-билимге ээ болбой туруп эле онлайн окутуу жүргүзө башташты. Жаңы талаптарга ыңгайланышууга да үйрөнүү керек.

“Эс ала турган учур келе элек”

Гульгакы Мамасалиева жана анын командасы март, апрель айларында чымыркануу менен бел чечпей иштешти. Түйүндүү маселелер жана жарандардын кайрылуулары көп болду. Алардын ишеничине доо кетирип албоо үчүн ар бир кайрылуу жана муктаж үй-бүлөлөр менен кылдат иштөөгө аракеттеништи. Май айынын аягында карантиндин алынып ташташы жана жашоо-турмуш өз нугуна акырындап түшүп келе жаткансыйт.

Бирок АГФтин өкүлдөрү азырынча эс алууну ойлошо элек.

- Дем алууга убакыт жок. Качан коронавирустун коркунучу толук жоюлганда гана жакшы реабилитациядан өтүү жөнүндө айтсак болот. Эс ала турган учур келе элек.

Ал үчүн ар бирибиз иммунитетибизди тийиштүү деңгээлге көтөрүүгө аракеттенип, ошондой эле адам көп топтолгон жерге барбай, жеке коргоо каражаттарын пайдалануу эрежелерин сактайлы. Адамдарды көп эл чогулуучу иш-чараларды өткөрбөөгө жана катышпоого чакыралы. Элдин саламатчылыгын ар кандай каада-салттардан жогору коюу керек. Стереотиптерди бузуу зарыл!

Карантин башталгандан бери эл менен иштөө тажрыйбасы көрсөткөндөй, өзгөчө жагдайларда өзүбүздүн психо-эмоционалдык абалыбызды көзөмөлгө алуу кыйындыкка турушу мүмкүн. Мында искусство жана маданият чөйрөлөрү жардам берүүгө тийиш. Онлайн кайрылуу, флешмоб, акцияларды уюштурса болот. Эң негизгиси оору-сыркоодон алыс болуп, өзүбүзду жана жакындарыбызды сактай билели, - дейт Мамасалиева.

Башкы сүрөт Аймактык гуманитардык форумдан алынган. Калган сүрөттөр АГФ менен Ош мэриясына таандык.

       

Бул макала «Сорос-Кыргызстан» фондунун «COVID-19 - Медиа кол кабыш» долбоорунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну Саясий-укуктук изилдөө борборунун жоопкерчилиги болуп саналат жана "Сорос-Кыргызстан" Фондунун көз карашын билдирбейт

673

Написать комментарий: