Статья

#МедиаКолкабыш: Маскасыз калган медицина кызматкерлери, алсыз система, үмүт берген жаңы мыйзам

Дилбар Алимова, Кымбат Турдубекова

Бул макала «Сорос-Кыргызстан» фондунун «COVID-19 - Медиа кол кабыш» долбоорунун колдоосу менен даярдалган.

Кыргызстанда 2020-жылдын 2-июндагы маалымат боюнча, коронавирус жуктурган 1845 кишинин 364ү медицина кызматкери. Бул көрсөткүч көп экенин белгилешет адистер. Кыргызстанда медицина кызматкерлерине Covid-19дун көп жукканына эмне себеп болду? Алардын укуктары корголгонбу? Келечеги кандай? Мына ушул жана башка маселелерди талдап көрөбүз.

Коңгуроо каккан көрсөткүч

Вирус жуктуруп алгандардын катарында дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор, ашкана жумушчулары жана кир жуугучтар бар.

364 деген сан көппү же нормалдуу көрүнүшпү? Бул көрсөткүчтү эсептөөнүн эки жолу бар экенин айтат адистер. Биринчиси - экстенсивдүү көрсөткүч. Аны Covid-19 менен ооругандардын жалпы санына карата 364 - медицина кызматкерлерине жуккан сандын пайызын чыгарып эсептейбиз. Кыргызстандагы 2-июндагы маалыматка караганда, бул көрсөткүч 19,7 пайызды түзөт.

Америка, Германия, Италия сыяктуу өлкөлөрдө медиктерге вирустун жугуу көрсөткүчтөрү алда канча төмөн. Washingtonpost.com’дун маалыматына караганда, АКШда covid-19ду жуктургандардын саны 11%дын тегереги болуп жатат. Ал эми Кытайда бул көрсөткүч 4%ды көрсөткөн.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус айрым өлкөлөрдө медицина кызматкерлерине вирустун жугуу көрсөткүчү 10%га жетип жатканы коңгуроо кагуучу тенденция экенин белгилеген.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов министрлик бул көрсөткүчтү интенсивдүү ыкма менен эсептей турганын айткан. Ал өлкөдөгү медицина кызматкерлердин жалпы санына карата эсептелет. Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун маалыматына караганда, бүгүнкү күндө медицина кызматкерлеринин саны 72284тү түзөт. Бул көрсөткүчкө карата пайызды чыгарсак, коронавирус жуктурган медицина кызматкерлери - 0,5%ды түзөт.

Бул көрсөткүч дагы жогорку экенин белгилейт Нурматов.

Даярдыгы жок медиктер

Аты-жөнүн ачык айтуудан баш тарткан Канат (Ред.: Аты өзгөртүлдү) ооруканалардын биринде инфекционист-реаниматолог болуп иштейт. Анын айтымында, коронавирустун келишине медициналык кызматкерлер даяр эмес болчу.

- Коронавирус менен катталган биринчи пациенттер бизге түшкөнгө чейин эле мен жабдыктар жетишпей жатканынан кабарым бар болчу. Ошол күндөрдүн биринде  күтүүсүздөн эле Covid-19 менен пациенттер обсервацияда жатканын, мен ошол жакка нөөмөткө турушум керектигин айтышты. Келсем бир гана коргонуучу костюм бар экен. Негизи мындай костюмдарды үч саатта бир алмаштырып туруш керек да. Мен ошол бир костюм менен эки сутка жүрдүм, - дейт ал.

Канаттын айтымында, Кыргызстанда коронавирус каттала электе аларды жасалма дем алдыруучу аппараттарды кантип колдонуу керектиги боюнча гана окутуудан өткөрүшкөн. Вирус менен бетме бет жолукканда медиктер ага даяр эмес экенин түшүнгөнүн айтат.

- Колдонулган кол кап, маскалар ваннада эле жатты. Алардын өрттөчүсүн өрттөп, тазалачусун тазалап бериши керек эле да. Бирок, медайымдар көз айнектерди канча пайыздык хлор менен эмне кошуп тазалаш керек экендигин билген жок. Нускама дагы жок, - деп баяндайт Канат.

Кала берсе маска жок... Дарыгер, дарыгерлердин жакындары каза болду

Бишкектеги №3 үйбүлөлүк ооруканада 9 медицина кызматкери коронавирус жуктурганы кабарланды. Бирок, факты боюнча алардын саны мындан көп болушу мүмкүн. Анткени, аталган үйбүлөлүк оорукананын айрым кызматкерлеринде коронавирустун симптомдору болгону менен ПЧР тесттер терс жыйынтык чыгарды. Бул тесттердин сапатынан дагы шек саноого негиз берет. Аталган ооруканада иштеген Айгүл (Ред.: аты-жөнү жашыруун калышын каалады) медицина кызматкерлери кала берсе маска менен камсыз болбогондугун айтат.

- Коронавирус Кытайдын Ухань шаарында жаңы башталганда мен жетекчиликке кирип “Covid-19 боюнча атайын мамлекеттик программа иштелип жатабы? Бизге бет кап бербейсиңерби?” – десем, “Бюджетте акча жок, өзүңөр сатып алгыла” - деп коюшкан. Өзүбүз маска, кол кап алып иштеп жаттык. Мамлекет камсыз кылып бериш керек эле да, - дейт Айгүл.

Анын айтымында, 3-үйбүлөлүк оорукананын медицина кызматкерлерине вирустун көп жукканына мобилдүү бригаданы башка кызматкерлерден бөлбөгөнү себеп болгон.

- Поликлиниканын ичи таза аймак, өзгөчө аймак деп бөлүнгөн эмес. Атайын мобилдүү топ коронавирус жугузуп алган бейтаптардан анализ алып, алар менен байланышта болуп, кайра ошол эле кийимдери менен биздин арабызда жүрүштү. Ошондо мен жетекчиликке “Эмнеге мобилдүү топ биздин арабызда жүрөт? Алар коронавирус жуктуруп алгандар менен байланышта болуп жатпайбы. Буларды өзүнчө бөлүш керек” деп бир нече жолу айттым. Бирок, айтканыма маани беришкен жок. Ошонун кесепетинен биздин медициналык борбордо коронавирус жугузгандар көбөйүп кетти, - дейт ал.

Аталган борбордун башкы дарыгери Жүзүм Кокумбаева коронавирустан улам каза тапты. Бул Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин арасындагы катталган биринчи өлүм болду. Аны менен катар эле эки медицина кызматкеринин жолдошу, бирөөсүнүн атасы каза болду.

Алсыз система

Далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова медицина кызматкерлеринин ичинен коронавирусту жуктуруп алгандардын санынын көп болуп жатканы Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо системасынын алсыз экендигин көрсөттү деп эсептейт.

- Эпидемия башталганда эле Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти тазалыкты сактап, больницаларды коргонуучу кийимдер менен камсыздап, медицина кызматкерлеринин жардамы менен вирустун жайылышына жол бербей көзөмөлгө алышы керек эле. Бизде, тескерисинче, врачтар жабыркап калышты, - дейт Барыктабасова.

Ооруканалардын ичи атайын аймактарга бөлүнбөгөнү дагы медицина кызматкерлеринин бири-бирине вирус жуктурууга шарт түзгөнүн белгилейт Барыктабасова.

- Бейтапканалардын ичин тийиштүү зоналарга бөлүп, тартипти катуу сактап инфекциянын кирүү булактарын тосуш керек эле. Бирок, иш жүзүндө андай болгон жок. Мисалы, №17 үй-бүлөлүк медицина борбору кызматкерлерин обсервацияга алып, борборду жабышты. Бул абдан туура кадам болду. Муну менен алар ошол аймакта жашагандардын жана медицина кызматкерлеринин коронавирус менен оорушуна бөгөт коюшту. Алардын аймагында эч ким каза болгон жок, - дейт Бермет.

№17 үйбүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Гүлнара Ташибекова бир катар кызматкерлеринде коронавирустун бар экенинен шектенип,  Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык кызматтан мекемени карантинге алууну, дарыгерлерди дарыланууга алып кетүүнү, ооругандар менен байланыш кургандарды обсервацияга жаткырууну суранган. Бирок, директордун айтымында, алардын бул суранычы аткарылбай, борбордун 23 кызматкери Чоң-Арыктан Бишкектин Медеров көчөсүндөгү «Гарден» мейманканасына чейин өздөрү келип, обсервацияга жатууну талап кылышкан. Директор Гүлнара Ташыбекова санитардык-эпидемиялык кызматтын шалаакылыгы катары баалаган. Эми Гүлнара Ташибекованын бул кадамын башка мекемелердин медицина кызматкерлери туура кадам болгонун белгилешүүдө.

“Өздөрү күнөөлүү”...

Медицина кызматкерлерине вирустун жугуу фактылары иликтенип жатат. Расмий бийлик медиктердин өздөрүн күнөөлөгөн учурлары дагы болду. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Саламаттыкты сактоо министрлиги Ош шаарындагы коронавирус жуктурган дарыгерлер өздөрү күнөөлүү экенин, алар Сауд Арабиядан ажылык сапардан келген жарандын үйүнө тойго барып жуктурганын айткан болчу, бирок дарыгерлер буга нааразычылыгын айткандан кийин Боронов кайра кечирим сураган.

Саламаттыкты сактоо мнистри Сабиржан Абдикаримов болсо брифингдердин биринде медицина кызматкерлери коргоочу кийимдерди кийип-чечкенде катачылыктарды кетирген болушу мүмкүн деген ойду айткан.  

Аны менен катар эле көйгөйдү ачык айткан медицина кызматкерлери куугунтукка кабылган учурлар дагы болду. Мисалы, Ала-Бука районундагы вирус жуктурган кызматкерлер коргоочу кийимдер жетишпегенин айтканда, жетекчилик аларды “оозуңарды жаап иштегиле” деп койгон.

Ал эми Ысык-Ата районундагы үйбүлөлүк ооруканада иштеген Бектур Апышев жука марлиден жасалган масканы социалдык тармактарга жарыялап, ошону менен иштегенге туура келип жатканын жазып чыккандан кийин анын аккаунттары өчүрүлгөн. Көп өтпөй Бектур Апышев жалган маалымат бергени үчүн кечирим сураган видеосу тараган. Укук коргоочулар муну Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кысым көрсөттү деген пикирлерин айтып чыгышты.

Миссиясын аткарбаган профсоюз

Укук коргоочулар дал ушундай учурда Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин профсоюзу үн катпай жатканын сындап чыгышты.

“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова профсоюздардын биринчи милдети кызматкерлердин социалдык, экономикалык, эмгек укуктарын коргоо экенин айтат:

- Медиктер эмне үчүн ооруп калышты? Анткени, керектүү медициналык кийимдер менен камсыз болгон эмес. Мамлекет медицина тармагына керектүү каражатты бөлүп, иш алып баргыча убакыт керектелет. Мына ошол убакыттын ичинде Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин профсоюзу өзүнүн бюджетинен акча бөлүп, медиктерди керектүү жабдыктар менен камсыз кылып койсо болот эле да.

КРнын “Профсоюздар жөнүндөгү” мыйзамында “КРнын профессионалдык союздары (Ред.: кесиптик бирликтер деп да айтышат)- өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес тармактардагы ишмердүүлүгү боюнча жалпы кызыкчылыктарынын негизинде, эмгек жана социалдык-укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн жарандардын өз каалоолору менен биригүүсү” деп жазылат.

Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин өзүнүн дагы профсоюзу бар. Аны учурда Накен Саалиев жетектейт. Анын маалыматына караганда, учурда бул профсоюзга 80 миң медицина кызматкери мүчө. Алар айлык акысынын 1%ын ай сайын профсоюздардын уюмуна которуп турушат.

Чогулган акчанын 70 пайызы ар бир мекеменин өзүнүн профсоюзуна калат, 30 пайызы жогорку деңгээлдеги профсоюздардын эсебине түшөт.

- Мисалы, Бишкек шаары боюнча бизге. Башкача айтканда, чогулган каражаттын 30 пайызы ар бир облустун жогорку деңгээлдеги профсоюзунун эсебине кетет. Ал акчалардын басымдуу бөлүгү материалдык жардамга жумшалат. Экинчи, биздин Ысык-Көлдө балдар лагери бар. Ошол лагердин төртүнчү агымын дайыма биз алып, медицина кызматкерлеринин балдарын эс алдырабыз. Лагердин ремонтуна, ал жерде иштегендердин айлык маяналарына көп каражат кетет. Учурда карантинге байланыштуу лагер иштебей турат. Бирок, кызматкерлерге айлык маяналарын азыр да төлөп атабыз. Андан сырткары, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында жыл сайын стипендия алып окуган студенттерибиз бар. Аларга беребиз, - деп түшүндүрөт профсоюз жетекчиси Саалиев.

Улуттук статистикалык комитеттин 2020-жылдын январь айына карата маалыматына караганда, Саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө кызматкерлеринин орточо айлык акысы 10 399 сомду түзгөн.

Ушул көрсөткүчтү колдонуп эсептеп көрөлү. Бир кызматкердин айлыгы 10 399 сом болсо, анын 1%ын – 103,39 сом (1,29 АКШ доллары) ай сайын профсоюз үчүн которот. 80 000 кызматкер айлыгынан бир айда 8 млн 240 миң сом (102 557 АКШ доллары) чогулуп жатат. Ал эми бир жылда болсо 99 млн сомго жакын (1,2 млн АКШ доллар) каражат профсоюзга төлөнөт.

Кошумча акылар врачтарга жете элек

Коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерине компенсация төлөө маселеси көтөрүлүп, Өкмөт өзүнүн буйругун чыгарган. Ага ылайык, Covid-19 менен ооруп калган медицина кызматкерине 200 миң сом бир жолу төлөнүүчү компенсация, коронавирустан улам каза тапкан медицина кызматкеринин жакындарына 1 млн сом компенсация төлөө каралган. Бирок, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев коронавирустун медицина кызматкерлерине жуккан фактысын адегенде комиссия иликтей турганын билдирген. Бул жерден комиссия эгерде медицина кызматкери өзү катачылык кетирген деген бүтүм чыгарса, компенсация төлөнбөй калышы мүмкүн деген кооптонуу дагы бар.

Андан сырткары, Кыргыз өкмөтү Covid-19дун очогунда түздөн-түз иштеген медицина кызматкерлеринин айлыгына кошумча акы төлөнөрүн билдирген. Кубатбек Боронов бул үчүн 35 млн сом бөлүнгөнүн, ал кошумча акылар 28 миң сомдон 46 миң сомго чейин кошулары кабарланган. Бирок иш жүзүндө медицина кызматкерлердин коронавирус менен байланышта болуп иштеген сааттары гана саналып, аз гана сумма кошулганын, же болбосо дээрлик кошулбаганын айтып нааразы болгондор бар.

“Коронавирус жаңы катталып баштаганда үч күн обсервацияда мейтаптарды карап иштедим. Он төрт күн өзүм обсервацияда жаттым. Мага эч кандай компенсация төлөп берген жок”, - дейт алардын бири атын атагысы келбеген врач-инфекционист.

Мындай нааразы болгон врачтар дагы көп чыкты. Бул боюнча вице-премьер-министр Аида Исмаилова медицина кызматкерлери өзүлөрү банктык эсептерин туура эмес толтурган, же табелдер туура эмес толтурулган деп комментарий берди.

Үмүт берген жаңы мыйзам

Эпидемия жаңы башталганда ушинтип медицина кызматкерлери коргоого алынбай калганы байкалган. Депутаттардын тобу көз карандысыз юристтер менен биргеликте “Медициналык кызматкерлердин статусу” тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңеште үч окуудан кабыл алынды.

“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова эми бул мыйзам долбоору медицина кызматкерлерин коргойт деген ишеничте.

“Мисалы, карантин учурунда медиктерде транспорт маселеси, коргоочу каражаттардын жетишсиздиги тууралуу ар кандай маселелер жаралган.  Эми мунун баары “Медиктердин статусу” тууралуу мыйзам менен кепилденип, медиктердин кем-карчысын жетекчилик камсыздап берет жана жоопкерчилик жетекчиликтин мойнунда болот”, - дейт укук коргочу.

Аны менен катар эле жаңы мыйзам менен медицина кызматкерлерине иш учурунда канчалык зыян келсе, ошончолук компенсация төлөө жагы каралган.

- Бул мыйзам азыр президенттен көз каранды болуп турат. Эгерде президент “Бюджетте акча жок” деп мыйзамга кол койбой создуктурса, анда дарыгерлерге жакшы көңүл бурулбайт. Себеби, президент кол коймоюн мыйзам күчүнө кирбейт. Эгерде президент кол коюп күчүнө кирсе, анда пандемия учурунда эле эмес, келечекте да дарыгерлердин укуктары корголуп, жакшы көңүл бурула баштайт, - дейт Чолпон Жакупова.

Башкы сүрөт Республикалык штабдын расмий Telegram-каналынан алынган.

       

Бул макала «Сорос-Кыргызстан» фондунун «COVID-19 - Медиа кол кабыш» долбоорунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну Саясий-укуктук изилдөө борборунун жоопкерчилиги болуп саналат жана "Сорос-Кыргызстан" Фондунун көз карашын билдирбейт

 

 

 

4140

Написать комментарий: