Статья

#МедиаКолкабыш: Коронавирус пандемиясынан коопсуз чыгуунун жолу

Бул макала «Сорос-Кыргызстан» фондунун «COVID-19 - Медиа кол кабыш» долбоорунун колдоосу менен даярдалган.

Кыргыз Республикасы 2020 жылдын 22-мартынан баштап 25 майга чейин өзгөчө кырдаал режиминде жашап келди. Убагында колдонулган чаралар коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу коронавирус илдетинин тез жайылышына тоскоол болду. Бүгүнкү күндө (26.05.2020) Кыргыз Республикасында коронавирус илдети менен чалдыккандардын саны 1468 адам, Казакстан – 8969, Узбекистан – 3261, Таджикистан – 3100.   

Тилекке каршы, өзгөчө кырдаал режиминде илдетти алдын алуу максатында үйдө болуу, психикалык жана экономикалык жактан элибизге бир топ кыйынчылыктарды алып келди. Күнүмдүк акча тапкан жарандарыбыз сыртка жумуш издегени чыгууга, карантин режимин бузууга аргасыз болушту.

Карантин бул франсуз тилинен "quarantaine" же итальян тилининен "quaranta" - кырк күн.

Карантин - жугуштуу оорулардын таралып кетүүсүн алдын алуу максатындагы административдик, санитардык жана эпидемияга каршы чаралардын бири.

Сүрөттүн автору Вячеслав Оселедко. 

Джон Хопкинс атындагы ден соолукту коргоо борборунун  изилдөөчүлөрүнүн айтымында, вакцина изилдеп табууга кеминде 1,5 жыл кетет, демек вакцина табылмайынча вирус арабызда калат. Эң башкысы , элибиз коронавирус илдетинин алдын алуу тууралуу маалыматтарды толук билүүсү маанилүү.

Демек, пандемия учурунда коронавирус илдетин алдын алуу үчүн кандай эрежелерди колдонуу керек?

  • Беткап тагуу
  • Социалдык аралыкты сактоо
  • Колду бат-баттан жуу жана кол кургаган соң санитайзер менен тазалоо
  • Коомдук транспортто айдоочуларга жана жургүнчүлөргө шарт түзүп берүү
  • Жакын адамдарыңыз тобокелдик факторго кошулса (курагы 60 жаштан жогору болгондор) аларды караңыз

Беткап тагуу

Баарыбыз билгендей беткап тагуу боюнча дүйнөдө дарыгерлер арасында бир топ талаш-тартыштар жаралды. Бир дарыгер беткап таккыла деп кайрылса, экинчи дарыгерлер беткапты ооруган адам гана тагуусу шарт, оорубаган адам такпай койсо болот деген пикирлерди айтып жатышат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоонун уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебреисустун айтуусу боюнча беткап тагуу илдетти жуктурбоонун эң эффективдүү ыкмалардын бири болуп саналат.

Кимдер беткап тагуусу шарт?

  • Дени сак адам коронавирус илдетине шектелген бейтапты үй шартында карап жатканда
  • Эгер сиз чүчкүрүп же жөтөлүп жатсаңыз

Беткап тагуунун эффекти болуш үчүн колду курамында спирт камтылган (спирттин түрүнө жараша 60 же 70 пайыздан кем эмес) антисептик менен же самын менен бат-бат жууп туруу. 

Маанилүү! Беткапты колдонгон адам аны кийиштин гана эмес, кантип жок кылуунун эрежелерин дагы билүүсү зарыл.

Медициналык беткаптарды колдонуу жана жок кылуу эрежелери:

  • Беткапты кийерден мурун, колду курамында спирт камтылган суюктук менен тазалап, андан соң самын менен жууп салыңыз
  • Беткап сиздин мурдуңузду, оозуңузду боштуксуз жаап турушу керек
  • Беткапты колуңуз менен тийбеңиз, унутуп тийип кетсеңиз спирт камтылган суюктук менен колуңузду кайра тазалаңыз, самын менен жууп салыңыз
  • Беткап суу болуп калгандан кийин, аны жаңысына алмаштырыңыз жана бир жолу колдонулган беткапты кайра колдонбоңуз
  • Беткапты чечүү үчүн арткы серпилгичин кармап, беткапты алып салыңыз (беткаптын маңдайына тийбей), ошол замат кайра иштетиле турган таштанды идишке ыргытып салыңыз
  • Колуңузду спирт камтылган суюктук менен тазалаңыз жана акырында самын менен жууп салыңыз

Төмөндөгү видеодо беткап такпаган киши вирустун жайылуусуна шарт түзүп берип жатат, беткап таккан киши вирусту жайууга тоскол кылып жатат:

Чүчкүргөндө вирус канчалык аралыкка жайылышы мүмкүн:

Кийинки таблицада беткап тагуу канча пайыз эффективдүү экени көрсөтүлүп жатат:

Окумуштуулардын айтуусу боюнча, эгер калктын  60% пайызы беткап колдонсо мамлекет пандемияны өз көзөмөлүнө алса болот.

Беткап тагуунун мааниси:

  • Вирус жуктурган адам башка адамга жуктурбоонун алдын алат. Себеби беткап ооздон чыккан тамчылардын жайылышына тоскоол болот
  • Оорубаган адам ооруган адамдан вирустун кабыл алуусуна тоскоол болот

АКШнын жугуштуу оорулардын башкы дарыгери Энтони Фаучинин айтуусу боюнча, эгер жарандардын 100 пайызы беткап тагып жүрүшсө, жакындарыбызды вирустан толук түрдө коргой алабыз. 

Колду бат-баттан жуу, жана кол кургаган соң санитайзер менен тазалоо

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча вирус ар кандай тыш жактарда бир нече саат же күн бою жашай алат. Эгер сиз ошол жерлерди кармап, андан соң бетиңизди кармасаңыз, вирус сиздин көзүңүз, мурдуңуз же оозуңуз аркылуу организмге кириши мүмкүн.

Азыркы убакытта интернет булактарында бетиңизди кантип кармабоо же колду кантип жуу тууралуу көптөгөн маалыматтар бар. Бетиңизге тийүү үчүн, эң негизгиси - бул аң-сезим. Адаттан арылмайынча, бетиңизге тийбөөгө аракет кылыңыз. Колуңузду бат-баттан жууп туруңуз, көчөгө чыгаардан алдың жана үйгө келгенден кийин. Суу менен самын вирусту өлтүрүүдө эң чоң салым кошот.

Ушул тууралуу карантин башталганда Кыргызстанда жайгашкан бир топ элчиликтердин жана эл аралык уюмдардын жетекчилери #challenge20sec хештеги менен социалдык тармактарда флешмоб уюштурушкан. Флешмобдун бир кезеги АКШнын элчисине Доналд Лу мырзага да тийген болчу: 

Колду туура жуунун эрежеси

Кранды ачыңыз. Колуңузду таза сууга чылаңыз. Суунун температурасы эч кандай мааниге ээ эмес. Колдун бетин толугу менен жаап коюу үчүн жетиштүү самынды колдонуңуз. Алаканыңызды, манжаларыңыздын, тырмактардын жана билектин ичи ортосундагы боштукту сүртүңүз. Колдоруңузду, манжаларыңызды буруп, алаканыңыз менен арткы бетиңизди сылаңыз. Бармагыңызды жууңуз.  

Колуңузду кеминде 20 секунд жууңуз.

Колуңузду таза суу менен чайкап алыңыз. Таза сүлгү менен колуңузду кургатыңыз. Сүлгү менен кранды жабыңыз. Эми колуңуз таза болду. Эгер жаныңызда самын болбосо, курамында спирт камтылган санитайзерди колдонсоңуз болот. Албетте, колду жуу тууралуу маалыматтарды кайра-кайра угуп тажадык, бирок бул ыкма иштейт. Коронавирус илдетин жуктууруну минималдаштыргыбыз келсе, колду жуушубуз керек.

Төмөндөгү видеодо эмне үчүн самын менен колду жуу маанилүү экени көрсөтүлгөн:

Социалдык аралыкты сактоо

Коронавирус илдетинин жайылуу түрү байланыш, аба тамчысы жана тамчы аркылуу. Эл көп чогулган жерлер, жабык бөлмөдө тыгыз олтурган учурлар илдеттин жайылуусуна толук шарт түзүлүп калат. Окумуштуулардын кеңеши боюнча вирусту жайылтпоо үчүн адам баласы күнүмдүк жүрүш-туруш кыймыл аракетин өзгөртүүгө мажбур болот.

Мисалы, 2020 жылы 7-майда Оренбург облусундагы Соль-Илецк шаарынан 541 мигрант келген, алардын арасынан 10-майда 55 адамда коронавирус илдети катталды. Себеби, жүргүнчүлөр 2 күндөн ашык автобус менен жол жүрүшкөн, социалдык аралык сакталган эмес.

   

Саламаттык сактоо министрлигинин сүрөтү.

Алдын алуу мүмкүн беле?

Отургучтары 30 кишиге эсептелген автобустун ичинде эң аз дегенде 10 киши социалдык аралыкты сактап, беткап  тагып, кармагычтарды санитайзер менен тазалап, автобусту саат сааты менен желдетип турганда балким эч ким чалдыкмак эмес. Тилекке каршы, баарыбыз билебиз 30 кишиге ылайыкталган бир автобуста 30дан ашык жарандарыбыз келген.

Экинчи мисал, кафе же ресторанда мааракени майрамдап жатканда, сизге коронавирус илдети менен белгисиз ооруган официант табакта тамак алып келди. Коронавирустун жуктуруунун бир түрү “байланыш” аркылуу болгондуктан, сиз да илдетти жуктуруп алышыңыз мүмкүн.

Бишкектин мэри Азиз Суракматов 23-майда кезектеги брифингде элибиз эң коркунучтуу жана эң жоопкерчиликтүү баскычка келип жеткенин айтып кетти.

Себеби, 25-майдан тартып экономиканы кайра жандандыруу максатында көптөгөн мекемелердин иштөөсүнө уруксат берилет. Эгер бул убакытка чейин мамлекет тарабынан өзгөчө кырдаал жана комменданттык саат киргизилип вирустун жайылышына жол бербесе, азыркы убакытта эл тарабынан жоопкерчиликти алууга убакыт келип жетти.

Жарандар кандай жоопкерчиликти алуусу керек?

Ишканалардын башчылары максималдуу түрдө коопсуз шарт түзүп берүүсү керек. Биринчиден, үй шартында иштегени мүмкүнчүлүк болгондорду үйдө калтыруу, өзгөчө кошумча оорулары бар жана жаш курагы 60 жаштан ашкандар.

Мисалы: Твиттер, Гугл, Фейсбук платформалары пандемия бүткөнгө чейин кызматкерлердин баарын үй шартында иштөөгө уруксат берди. Себеби, үй шартында твиттердин кызматкерлери жакшы натыйжа көрсөтүштү жана алар үчүн бул эң коопсуз болгондугун билдиришти.

Кыргыз Республикасы технология боюнча өнүккөн мамлекеттер менен атаандаша албаса да, катуу тартип менен төмөндөгү эрежелерди сактап коронавирус илдетин жайылтпоого шарт түзө алат.

  • Кире бериште күзөтчү жумушка келген кызматкерлердин дене ысымын текшерип, колдорун сөссүз түрдө санитайзер менен тазалаган соң имаратка киргизүү
  • Ишкерлердин баары 100% беткап тагуу
  • Социалды аралыкты сактоо үчүн офистеги столдорду 1,5 метр аралыкта болуусу жана жумушчулардын арасын бөлүү
  • Колду бат-баттан тазалап туруу үчүн ар бир столдо дезинфекциялоочу каражаттарды камсыз кылуу
  • Чогулуштун катышуучулары 5 кишиден жогору болбошу керек
  • Жумушчулар өз ара көп убакытта сүйлөшүп турбашы керек
  • Бөлмөнү бат-баттан желдетип туруу
  • Лифт менен колдонгондо дезинфекциялоочу суюктукту жана лифтти басуу үчүн салфетканы колдонуп таштанды таштай турган жерге таштагыла
  • Тамактанууга кезек кезеги менен 1 же 2 киши социалдык аралыкты сактап баруу
  • Кимде коронавирустун белгилери болсо, дароо дарыгерлерге кайрылып, илдет такталса бейтапканага жаткырылып, жанында болгондор изоляцияланышы керек

Коомдук транспорт

2020 жылдын 25-майдан тартып коомдук транспорт иштеп баштады. Айдоочу өз жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун ойлоо максатында байланышты минималдаштыруу керек.

Мисалы, "Намба такси" кызматы айдоочу менен жүргүнчүнүн аралыгын төмөндөгү сүрөттөгүдөй жабышкан:

Транспортко кирүүдөн мурда беткапты кийүү:

Автобустун ичинде социалдык аралыкты сактоо:

Сүрөттүн автору Вячеслав Оселедко. 

Жакын адамдарыңыз тобокелдик факторго кошулса (60 жаштан жогору болгондор) аларды абайлаңыз

Кээ бир өнөкөт оорулар – кант диабети, астма, боор оорулары, салмагы жогору болгондор коронавирус илдетин жуктуруп алуу коркунучу чоң жана илдеттин татаалдап кетишине мүмкүнчүлүк түзөт.

Эксперттердин айтуусу боюнча, бир гана жол бар: эгер сиз тобокелдик тобуна кирсениз, өзгөчө этият болушуңуз керек.

Мисалы көпчүлүк адамдар бир күндө колуну 7 жолу жууса, сиз 14 жолу жуушуңуз керек. Башкалар аралыкты 1,5 метр сактаса, сиз 2-2,5 метр сакташыңыз керек .Эгер 20-25 курактагы жигит дүкөнгө бир жумада 2 же 3 жолу барса, сиз бир жумада бир жолу барганга аракет кылышыңыз керек. Улгайган жана өнөкөт оорулары бар адамдарга мүмкүн болушунча үйдө болуу шарт. Карантин режиминде дайыма үйдө болуу мүмкүн эмес экенин дагырерлер билип турат, бирок бул эң эффективдүү жолдордун бири.

Жыйынтык:

Вирустун жайылышын токтотуу бир гана президенттин, парламенттин, саламаттык сактоо министирликтин күчүндө эмес, бүт элибиздин да колунда.

Ар бир жаран төмөндөгү эрежелерди сактоосу шарт:

  • Беткап тагуу
  • Колду жуу
  • Эл көп чогулган жерлерге барбоо
  • Мааракелерге жана той-аштарга катышуудан жана аларды уюштуруудан баш тартуу
  • Социалдык аралыкты сактоо

Максималдуу түрдө бир бирибизди колдоп, эмоциялык стабилдүүлүгүбүздү сактап, дарыгырелердин кеңештерин аткарып жана жакындарыбызды эрежелерди сактоого чакырсак, вирусту жеңүүгө чоң кадам таштайбыз. Эң башкысы, коронавирус менен күрөшүүдө ата-энелерибиз тобокелдик топко киреерин унутпайлы, аларды сактап калалы. Күч биримдикте.

Башкы сүрөт Республикалык штабдын расмий Telegram-каналынан алынган.

       

Бул макала «Сорос-Кыргызстан» фондунун «COVID-19 - Медиа кол кабыш» долбоорунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну Саясий-укуктук изилдөө борборунун жоопкерчилиги болуп саналат жана "Сорос-Кыргызстан" Фондунун көз карашын билдирбейт

4262

Написать комментарий: