Статья

#МедиаКолкабыш: Коронавирус менен күрөшүүдөгү кыргыз вирусологиялык илимдин орду

Бул макала «Сорос-Кыргызстан» фондунун «COVID-19 - Медиа кол кабыш» долбоорунун колдоосу менен даярдалган.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында  “New York Times” гезити мурдагы Советтер Союзу өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда COVID-19 менен күрөшүү 1938-жылы калыптанган кара тумоого каршы иш-чараларды уюштургандай деңгээлде болгонун жазып чыкты.

Америкалык гезит мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдө коронавирус АКШ менен Европадагыдай тез тарабай, көп адамды өлүмгө учуратпай жатканынын сырын издеген. Буга гезит Ысык-Көлдө 2013-жылы суур союп, андан кара тумоо жугузуп, кайтыш болгон 15 жаштагы өспүрүмдү мисал келтирди.

Советтер Союзу 1920-жылдары чыккан кара тумоого каршы атайын агенттик түзгөн. Алыскы тоолуу аймактарга чейин бул агенттик көзөмөлдөп, тумоону токтоосуз басуунун мыкты стратегиялык, тактикалык схемалары даяр эле. Дал ушул ооруга каршы күрөшүү ыкмасы учурда Кыргызстанда жана мурдагы советтик өлкөлөрдө колдонулуп жатат”, - деген автор 2013-жылдагы Ысык-Көлдө чыккан кара тумоо, ага карата карантиндик чаралардын тез ишке ашуусу тууралуу кеңири баяндап, үлгү катары сыпаттап, кыргызстандык дарыгер-эпидемиолог Равшан Маймуловдун айткандарын мисал келтирген.

Бирок ушул тарыхый тажрыйбага карабастан, совет доорунан калган билимдерибизди эсепке албаганда, азыркы учурда өлкөдө вирусту изилдеген, анын жайылуу ылдамдыгын аныктап, мындан аркы божомолдорду жасаган заманбап илимий жетишкендиктерибиз абдан сейрек болууда же жокко эсе деп айтсак да болот.

Медицина тармагындагы илимпоздор азыр фундаменталдык изилдөө жүргүзбөй эле, дарыгерлерге бейтаптарды дарылоо жолдору боюнча практикалык кеңештерди берип жатышат. Албетте, COVID-19 жаңы вирус болгондуктан, аны так изилдөө, калк арасындагы жайылуу динамикасын аныктоо жеке эле кыргыз медицинасы эмес, дүйнөлүк ири державалардын илимпоздорунун да башын катырууда.

Ошентсе да, айрым коңшу өлкөлөр бул көйгөйдү өнүккөн мамлекеттерден адистерди чакырып, алардын кеңешин алуу менен чечип жатышат.

Кыргыз илимпоздору коронавирус менен күрөшүүгө кандай салым кошту?

Алдыда дагы кандай иштерди аткаруусу керек? Эмнеге мамлекет вирус менен күрөшүүдө илимий инструменттерге астейдил мамиле жасап жатат? Илимди практикалык медицинадан бөлүп кароо менен COVID-19 вирусуна каршы турууга мүмкүнбү?

Сүрөттө: Оорулардын алдын алуу жана профилактикалык медицина борборунун лабораториясы

Жалпы абал, өксүгөн илимий божомол

Кыргызстанда 18-мартта коронавирустун алгачкы учуру катталды. Бул оорунун өлкөдөгү алдын алуу, прогноздоо иштери Кытайдын Ухань шаарында вирус жайылып, калаа карантинге алынганда эле, 2020-жылдын январында дүйнөдө башталган.

Кыргызстанда да Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана профилактикалык медицина борборунда коронавирусту прогноздоо башталганы менен карантин чаралары, чек аралардагы санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукка байланыштуу илимий сунуштар, божомолдор февралдан тарта башталган.

Аталган борбордо саналуу гана вирусолог, эпидемиологдор иштейт.

Алардын лабораториялык-техникалык мүмкүнчүлүктөрү да чектелүү. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун көрсөтмөлөрүнө ылайык илимий прогноздоо медицина илимдеринин доктору Зуридин Нурматовдун жетектөөсүндө болду. Бул процесстин COVID-19 менен күрөшүүдөгү мааниси кандай?

Коомдук саламаттык боюнча эксперт Айбар Султангазиевдин айтымында, вирустун илимий божомолунан өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык абал эле эмес, бүтүндөй мамлекеттик структуралардын иштөөсү, социалдык-экономикалык жашоо да көз каранды. Маселен, илимпоздордун айткан жоромолуна таянып, оорунун качан туу чокусу катталары, карантиндик чараларды баштоо же токтотуу, өзгөчө абал же кырдаал режимин киргизүү ишке ашырылат.

Биз көп жылдардан бери Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эле сунуштарын аткаруу менен өз алдыбызча илимий негиздерге таянып, изилдөө жасаганды унутуп калганбыз. Санитардык көзөмөл борборунун функциясына вирустун жайылуусун анализдеп, дарыланып жаткан бейтаптар, каза болгондор, айтор бардык статистиканын негизинде мындан ары пандемия Кыргызстанда кандай өңүттө өнүгөт деген суроого жооп бериши керек эле. Бизде, тилекке каршы, так анализдер жасалбай жатат. Мындан тышкары бизде Өзгөчө кооптуу жана карантиндик оорулар борбору бар. Дал ушул мекемеде прогноздоого багытталган бир чоң бөлүм иштейт. Абалды талдап, оорунун мындан аркы жүрүшүн божомолдоо үчүн кандайдыр бир каражат деле талап кылынбайт. Болгону ооруну жуктургандар, алар менен байланыш болгондордун санын, каза болгондорду аныктап эле, дүйнөдөгү башка даяр үлгүлөр менен салыштырып чыкса так маалымат алууга шарт түзүлөт эле. Азыр бизге укмуш жабдылган вирусологиялык лабораториянын деле кереги жок. Себеби, аны биз иштетүүгө, кароого каражатыбыз жетпейт. Ооба, өнүккөн өлкөлөрдө коронавирустун штаммын изилдеп, генетикасына чейин киришип, миллиондогон инвестициялар илимге салынууда. Биз андай кыла албасак да, жок дегенде даяр үлгүлөр менен, колубузда бар статистиканы да толук кандуу илимий анализ жасай албай жатабыз”, - деген пикирде Султангазиев.

Анын айтымында, дал ушундай ачык, так илимий прогноздор жетишсиз болгондуктан, оору качан туу чокусуна жетип, качан токтойт, экинчи толкун болобу деген суроолор арбып, ал тургай коронавируска ишенбеген элдин саны көбөйүп, карантин шарттарын, эпидемиологиялык талаптарды аткарбагандар (бет кап кийбей, аралык сактабай) арбууда.

Советтер Союзунан калган көрөңгө

Эмне себептен жогоруда эксперт айткан илимий иштер жетиштүү деңгээлде жүрбөй жатат? Кыргызстанда балким илимпоздордун саны азбы же бул тармакка чечим чыгаруучу органдар көңүл бурбайбы?

Кыргызстан, дегеле Борбор Азия чөлкөмү жугуштуу инфекциялык оорулардын көмүлүп турган очогу болуп саналат. Ушундан улам 19-кылымдан тарта эле Орусиянын падышалык бийлиги бул аймакка тумоого каршы станцияларды, карантиндик бекеттерди курган.

1890-жылдары алгач ирет азыркы Кумтөр кени жайгашкан тоого Орус падышалык бийлигинин тумоого каршы станциясы курулган.

Советтер союзу маалында күйдүргү, кургак учук, кара тумоо сыяктуу жугуштуу оорулар чөлкөмдү улам каптай бергендиктен, 1938-жылы Борбор Азияда санитардик эпидемиологиялык, вирусологиялык борборлордун түйүнү негизделген. Кыргызстанда азыркыга чейин сакталып, бир нече вирусолог, эпидемиолог, окумуштуулардын башын бириктирген дал ушул советтик биликтен мурас калган бирикме “Профилактикалык медицина” аттуу илимий өндүрүштүк борбор болуп саналат.

Аталган борбор COVID-19 дүйнөгө жайылып баштагандан тарта эле ооруга байланыштуу изилдөөлөрдү жасоого өткөн. Бул иштер негизги 3 багытка бөлүнгөн.

Кыргызстанга кирип жаткан тест системалардын сапатын аныктоо. Март айынан бери экспресс тесттер менен ПЦР (полимердик чынжыр реакциялуу) анализдердин сапаты изилденип, өлкөгө Кытай, Орусия, Белорусиядан келген коронавирусту аныктоочу экспресс тесттердин сапаты төмөн болуп чыкты. Ушундан улам борбор Саламаттык сактоо министрлигине COVID-19ду аныктоодо ПЦР анализдерин гана колдонууну сунуштады.

Тесттердин сапатына байланыштуу окумуштууларды, коомчулукту түйшөлткөн бир топ окуялар да болду. Маселен миңдеген тесттер тоңдурулуп, анализдерди көпкө күткөн учурлар катталды. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын профессору Нурлан Бримкулов коронавируска чалдыккан бейтаптардын аз санда болуусун дал ушул сапатсыз тесттердин айынан такталбай, белгисиз болуп жатканы менен түшүндүрөт.

“Кыргызстанда вирус өтө аз санда катталып жатканына албетте, кубансак болот, бирок бул жерде дагы бир орчундуу, шектүү көйгөй бар. Бизге келген COVID-19ду текшерчү тест системалардын сапаты күмөн жаратууда. Гуманитардык жардамга келгендерди ылгабай эле пайдаланып жатабыз. Ал тургай лабораториянын кызматкерлери тест системаларынын сапатын текшерип, биздеги вирустун генетикасына болгон реакциясын карап, толук изилдеп чыкканга да убактысы болбой жатат. Менин кооптонгонум – сапатсыз тесттерден улам жана жапырт текшерүү болбогондуктан, өлкөдө вирусту алып жүргөндөр алда канча көп болушу мүмкүн”, - деген ойдо Бримкулов.

Оорунун жайылуу, айыгуу, кайра кайталануусу боюнча прогноз жасап, даяр маалыматтарды анализдөө. Борбордун вирусологу, профессор Зуридин Нурматов башында турган, беш кишилик топ февраль айынан бери коронавирустун өлкөдөгү жайылуу динамикасы, качан токтойт, качан оору туу чокусуна чыгат деген суроолорго жооп издөө менен алек.

Дал ушул беш кишилик топтун чыгарган жыйынтыгынын негизинде Кыргызстандагы өзгөчө абал жана кырдаал режимдерин алуу, коюу сыяктуу орчундуу чечимдер кабыл алынууда. Алардын канчалык деңгээлде так, туура иштеп жатканын анализдөө азырынча мүмкүн эмес. Адистердин аздыгы, илимий изилдөөнү алар кошумча каражатсыз аткаргандыктан, бул оор жана түйшүктүү ишке тартылгандар өтө аз.

Ал арада дүйнөдөгү коронавирустун жайылуу тенденциясы, ал тургай карантиндик режимди кайсы өлкө, кантип сактап жатканын онлайн режимде көрсөткөн ондогон тиркемелер, АКШдагы Жон Хопкинс университетинин изилдөөлөрү күнүгө чыгып жатат.

Коронавирус инфекциясы күз айларында аба алмашканда кайрадан кайталанышы мүмкүн деп божомолдонууда. Кийинки эпидемиологиялык толкун азыркыдан да күчтүү болушу мүмкүн.  Ушул себептен “Профилактикалык медицина” илимий бирикмесинин жетекчиси, профессор Омор Касымов биринчи кезекте саламаттык секторуна күч келтирбеш үчүн медициналык кызматкерлердин ооруга карата иммунитетин текшерүүнү сунуштап жатат.

“Окумуштуулардын баары коронавирусту мезгилдик тумоо деп жатышат. Климаттык өзгөрүүлөрдөн улам оору басаңдашы мүмкүн. Кыргызстан континенталдык климатка ээ болгондуктан, жай айларында бизде оору азаят деп божомолдоп жатабыз. Бирок, күз, кыш айларында коркунуч кайра күчөйт. Ошого азыртан даярданышыбыз керек. Бардык кызматтар иммунизацияны, сасык тумоого каршы эмдөөнү пландуу түрдө ишке ашырып,  саламаттык сакчыларын, кары-картаңдарды, мектеп окуучуларын, мугалимдерди сасык тумоого каршы эмдесе туура болот. Себеби, сасык тумоо менен коронавирустун штаммы окшош келип, аны ажыратып кароого бизде илимий техникалык базабыз жетишпейт. Вирустун этиологиясын изилдеген окумуштуулар дээрлик жок. Биздин бирикмедеги иштеген адамдар тек гана илимий даража алыш үчүн жүргөндөр. Болбосо 5 миң сомдук айлыкка ким келет? Илимий тажрыйба жүргүзүүгө керектүү каражаттарды биз эптеп донорлорго жазган долбоорлордун алкагында алабыз. Маселен, ошол эле тест системалардын сапатын текшерүүгө мамлекет акча берген жок, кошумча эл аралык долбоордун каражатына жасадык. Азыр санитардык гигиена, эпидемиология, вирусологияны изилдеп, окугусу келген жаштар дээрлик жокко эсе”, - дейт профессор.

Альтернативдүү илимий кеңештер жана чет өлкөнүн илимпоздоруна ишенбөө

Марттын аягында мурдагы Саламаттык сактоо министри, кардиохирург, профессор Талантбек Батыралиев көз карандысыз илимпоздорду, чет жакта иштеп жүргөн кыргызстандык дарыгерлердин башын бириктирип, коронавирусту дарылоо боюнча илимий кеңеш түзгөн.

Ага удаа эле 1-апрелде Саламаттык сактоо министрлигинин алдында өлкөнүн башкы пульмонологу, профессор Талант Сооронбаев башында турган эксперттик-кеңеш берүүчү топ түзүлдү. Бул эки илимий кеңеш өз ара кызматташпай, эки багытта иш алып барууда.

Батыралиев баштаган топ азыр коронавирусту дарылоодогу тармактык өзгөчөлүктөргө байланыштуу илимий-теориялык макалаларды орус жана кыргыз тилдеринде массалык маалымат каражаттарына жазып жатат.

Ал эми Сооронбаевдин консультативдик кеңеши COVID-19 вирусуна чалдыккан бейтаптарды дарылоо, аларга дары-дармектерди жазуу, ар түрдүү медициналык, техникалык жабдуулардын колдонулуусу, ошондой эле медициналык кызматкерлердин эпидемиологиялык санитардык көзөмөлү, ооруканалардагы инфекциялык көзөмөл сыяктуу практикалык кеңештерди аралыктан эле аймактардагы дарыгерлерге беришүүдө.

Эки топ тең чет элдик адистер менен тынымсыз кызматташып, кеп-кеңеш алып жатышканын айтышат. Илимпоздордун азыркы функциясы  вирустун алдын алуу, ага чалдыккан өнөкөт оорулууларды дарылоонун илимий-клиникалык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу кеңеш берүү укугу менен гана чектелүүдө.

Министрликтин алдындагы илимий кеңеш берүүчү топтун жетекчиси Талант Сооронбаевдин айтымында, алардын жумушчу тобунда жыйырма бештей илимий кызматкерлер бар. Алар күнүгө онлайн консилиум кылып, коронавируска чалдыккан ар бир бейтаптын дарылоосуна түздөн түз кийлигишип жатат. Сооронбаев чет өлкөлүк адистер менен консултативдик гана негизде сүйлөшпөсө, аларды атайын алып келип, оору менен күрөшүүдө тажрыйбасын колдонууга зарылдык жок дейт.

Бирок, альтернативдүү илимий кеңеш түзгөн профессор Батыралиев министриликтин кызматкерлеринин бул иш аракетин сындап чыкты. Анын оюнда кайсы бир мамлекеттик кызматты ээлеп турган дарыгер пандемия учурунда бейтап менен түздөн түз аралашып, анын абалын жакындан көрүүгө милдеттүү деген көз карашта.

Ошентип элүүгө чукул кыргыз илимпоздору азыр коронавирусту дарылоо, аны анализдөө жаатында бир пикирге келе албай, эки топко бөлүнүп алышты.

Ал арада Өзбекстандын бийлиги февралдын башында эле Түштүк Кореянын Илимий ачылыштарды медициналык жактан тастыктоо бирикмесинин төрагасы, профессор-вирусолог Чой Жа Вукту чакырып, коронавирус менен күрөшүү боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин кеңешчиси кылып дайындады.

Сүрөттө: Туштүк Кореядагы дезинфекциялоо иштери

Дүйнөнү сапаттуу диагностикалык тест системалары менен камсыздоо жагынан Туштүк Корея алдына өлкө салбай келет. Ошондой эле оору менен күрөшүү жаатында илимий тажрыйбаны сураган өлкөлөргө биздин профессорлор аябай эле берүүдө. Казакстандын президенти да биздин өлкө башчылар менен байланышып, COVID-19га каршы күрөштө айрым кеңештерди сураганын корей басма сөзү жазууда. Мындан тышкары Израил, Германиянын окумуштуулары да биздин илимпоздор менен кызматташууда”, - дейт сеулдук журналист Чан Юн.

Мына ушул жагдайда кыргыз илимий чөйрөсү эмнеге коңшу Өзбекстан же Казакстандай башкалардан жардам сурабайт деген суроо жаралат.

Буга коомдук саламаттык боюнча эксперттер бир нече жүйөнү келтиришүүдө.

Биринчиден, кыргызстандык илимпоздордун көбү мамлекеттик кызматтарда иштеп, кыргыз медицинасындагы көйгөйлөрдү башкалар көрүп, ачыкка чыгуусун каалашпайт.

Экинчиден, бул тармак “меники” деген “жеке басарлык” позиция күчтүү болгондуктан, алар чет өлкөлүк илимпоздор тургай өз ара ынтымакка келе алышпай убара.

Үчүнчүдөн, өнүккөн өлкөлөрдүн тың адистерин алып келип, иштетүүгө Кыргызстандын материалдык мүмкүнчүлүгү жетишсиз.

Дагы бир жүйө - коронавирус жаңы оору болгондуктан, аны жеткиликтүү изилдеген адистер дүйнөдө аз.

Жыйынтык

COVID-19 менен күрөшүүдө илимий тажрыйбаларга таянган маалыматтар, прогноздор жеке эле медициналык кызматкерлер, бейтапты дарылоого маанилүү болбостон, азыркы тапта дүйнө коомчулугу үчүн да өтө кызыгып окуй турган маалымат болууда. Ооруну жайылтпоо, эпидемиологиялык көзөмөл менен алек болгон медициналык кызматкерлердин ишин туура баалоо үчүн да илимпоздордун анализдери сөзсүз керек.

Бирок, тилекке каршы, Кыргызстанда бул багытта илимий теориялык иштерди аткаруу  бир нече факторлордон улам кечеңдеп жатат.

Коронавирустун статистикалык моделин, божомолун түзүүгө жетиштүү адистер аз. Алар колдонуп жаткан методикалык куралдар көбүнчө англис тилинде болгондуктан, которууга, иштеп чыгууга убакыт коройт. Ушундан улам прогноздоо кечеңдеп жана кээде туура эмес берилип калган учурлап болот (маселен, оорунун туу чокусу 24-30-апрель деген сыяктуу). Анткен менен дүйнөдө бир да илимпоз пандемия, аба аркылуу жуккан жугуштуу оорунун прогнозун так жасай албайт деген түшүнүк бар.

Материалдык техникалык база, лабораториялар жетишсиз болгондуктан, тесттер кечигип, туура эмес чыккан учурлар болду.

Ушундан улам Саламаттык сактоо министрлиги жеке секторду да ооруну аныктоо процессине катышууга чакырды.

Мамлекет тарабынан илимий изилдөөлөргө каражат дээрлик бөлүнбөйт. Советтер Союзунан бери сакталып келе жаткан медициналык айрым борборлордо илимий иш үчүн долбоорлорду жазгандар айлык акыга гана иштейт. Лабораториялык тесттер, керектөөчү каражаттар, ал тургай алардын иш сапарларына багытталган акчалай чыгымдар төлөнбөйт.

Вирусология, эпидемиология боюнча илимпоздун минималдык айлыгы 5 миң сомдун тегерегинде.

Ушундан улам медициналык жогорку билим алууну каалаган жаштар вирусология менен санитардык эпидемиологияга кызыгышпайт.

Жеке эле коронавирус эмес, кайсы бир оору менен күрөшүүдө илимий негиздер, мурда жасалган анализдер, прогноздор өтө маанилүү. Практик дарыгер сөзсүз түрдө аларды окуп, таанышып чыкмайынча бейтапка толук кандуу жардам бере албайт.

Коронавирус пандемиясы балким кыргыз медицинасындагы бул өксүккө көңүл буруп, мындан ары вирусология жана эпидемиологиялык багыттагы адистерди даярдап, алардын илимий иштери үчүн шарт түзсө, калктын саламаттыгы үчүн өтө пайдалуу болмок.  

Коронавирустун токтотулушу боюнча акыркы прогноз

"Майдын акырында оору токтойт деген божомолубуз бар" - деп, Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу, профилактикалык медицина борборунун вирусологу Зуридин Нурматов 3-майда брифингде билдирди, "Азаттык" радиосунун маалыматы боюнча.

Башкы сүрөттүн автору Темир Сыдыкбеков.

          

Бул макала «Сорос-Кыргызстан» фондунун «COVID-19 - Медиа кол кабыш» долбоорунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну Саясий-укуктук изилдөө борборунун жоопкерчилиги болуп саналат жана "Сорос-Кыргызстан" Фондунун көз карашын билдирбейт

1996

Написать комментарий: