Статья

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжалдар болуп жаткан мезгилде Кыргызстандын саясий улутунун калыптанышы

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдардын басылбай, биринин артынан бари болуп жатканын көрүп, алар жергиликтүү элдердин жөн гана араздашуусу эмес, бул Тажик бийлигинин атайын ишке ашырылып жаткан мамлекеттик саясаты болушу мүмкүн деген ойго келесиң.

Тажик аскерлеринин автоматтардан сырткары, минометторду да колдонгону бул ойду бекемдейт. Андан сырткары өтө кыска убакыттын аралыгында Кыргызстан жактагы чек арага аскер техникасы да алып келинген, бул тууралуу видеолор бар.

Эң башкысы, Коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 16-сентябрда «Азаттыкка» берген интервьюсунда «Кыргызстан Ворух анклавына коридор бербейт» деп айтканынын эртеси эле чек арада жаңжал чыгып жатат.

Анын айтымында, Ворухка коридор ачыла турган болсо анда Кыргызстан үчүн жаңы эксклав пайда болушу мүмкүн эле.

Кыргызстандын аймагын гранатомет менен аткылашын жана биздин чек арачынын өлүмүн – бул, кандайдыр бир деңгээлде, вице-премьер министрдин сөзүнө жооп катары бааласак болот.

Тажик бийлигинин бул аскердик-саясий стратегиясын өлкөдөгү ички коомдук-саясий кырдаал шарттайт. Президент Рахмондун 25 жылдык башкаруусу коомдо чоң чыңалууну жаратты. Эң кирешелүү тармактардын бардыгына өз балдарын жана туугандарын коюу менен Рахмондун режими өлкөнүн бардык активдерин колго алган.

Аны менен катар режим бийликке ыңгайсыз болгон бардык адамдардан арылганы жетишти, айрымдары дайынсыз жоголуп кетти же чет жерге чыгып кетүүгө аргасыз болушту, кээ бирлери камакка алынды, акыркы айларда ырайымсыздык менен басылган бул өлкөдөгү абак бунттарынын көбөйүп кетишинин себеби ушуга байланыштуу болушу мүмкүн.

Өлкөдөгү аймактык бөлүнүү күчтүү болгондуктан президент Рахмон негизинен жердештери кулябдыктардын кланына таянат. Памир сыяктуу айрым аймактар борбордук бийликти көп деле тогото беришпейт, ыңгайы келсе ага каршы көтөрүлгөнгө да даяр.

90-жылдагы кандуу окуяларды эл унута элек, болбосо Тажикстандын эли эчак эле көтөрүлмөктүр. Башка жагынан алганда, ал убактан бери согуштун ырайымсыз жүзүн көрбөгөн жаңы муун пайда болду, ошого жараша алар өлкөнүн келечегин башкача көрүшөт. Андан сырткары Тажикстан 2020-жылда боло турган президенттик шайлоонун алдында турат, бул убакта өлкөдөгү кырдаал өтө курчуп кетиши ыктымал.

Ушундай кырдаалда президент Рахмон элдин көңүлүн башкага бурдурушу керек. Эгерда ал элди «бириктире турган» факторду таба турган болсо эң сонун болмок, анда президент улуттук кызыкчылыкты коргогон фигурага айланат эле.

Тажик бийлгинин талдоочулары ушундай фактор катары Кыргызстанга байланыштуу чек ара маселелерин сунуштаган окшойт. Мындай чечимге келип жатып алар кыргыздарда аймактык бөлүнүү күчтүү деген жаңылыш ойду жетекчиликке алышкан.

Чет элдик талдоочулар 2019-жылдын 7-8 августтарында Кой-Ташта болгон окуяны Кыргызстандагы аймактык бөлүнүүнүн белгиси деп жаңылыш тыянак чыгарышкан. Чындыгында, бул окуялар коом айрым саясатчы лидерлердин айланасында эмес, мамлекеттик бийликтин айланасында бириккенин көрсөттү.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камалышы, айрым чет элдик талдоочулар каалагандай жана алар бизге таңуулагысы келгендей аймактык бөлүнүүнүн негизиндеги араздашууларга алып келген жок. Тескерисинче, Кыргызстандын эли өзүнүн зиректигин жана саясий жактан жетилгенин көрсөтө алды.

Кыргыз коомунун, өзгөчө 2020-жылга белгиленген парламенттик шайлоо учурунда, бөлүнүп кетүү мүмкүндүгүнө ишенгиси келген айрым чет элдик күчтөр кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды атайылап курчутуп жаткандай.

Ушуну менен алар «эки ишти бир бүтүрүп» алгысы келет: биринчиден, өзүлөрүнүн шайлоолорундагы (Тажикстанда президенттик шайлоолордон сырткары жазында парламенттик шайлоолор да өтөт) бурмалоолордон элдин көңүлүн алаксатып, ички саясаттагы чыңалууну тышкы саясаттагы кырдаалга буруу; экинчиден, алар парламенттик шайлоолор учурунда Кыргызстандын бөлүнүп жарылып кетишин күтүшөт, мындайда чек ара маселеси бизде экинчи орунга жылдырылып калышы мүмкүн.

Бирок мындай ойлогон чет элдик талдоочулар жаңылышат. Дагы бир жолу кайталагым келет, 2019-жылдын 7-8августтарындагы окуялар Кыргыз элинин бөлүнүүсүнүн эмес, биригүүсүнүн акты болду.

Аймактык кызычылыктарга майдаланбай, ата-бабаларыбыздан калган мурасты, жалпы мекенибиздин кызыкчылыгын тандап алдык.

Бул күндөрү кыргыз-тажик чек арасында болуп жаткан окуялар элибизде жалпы биримдик сезимин бекемдөөдө. Ар бирибиз Баткендик болобуз!

Жогоруда айтылгандарга таянып, Кыргыз Республикасынын бийлигине жана жарандык коомуна төмөнкү иш-чараларды жүргүзүлүшүн сунуштайбыз:

Генштаб жана КРдын Коргоо иштери боюнча мамкомитети чагымдардын болушун эске алуу менен 2020-жылдын аягына чейин кыргыз-тажик чек арасындагы аймакта аскер күчтөрүнүн санын өстүрүшү керек;

Тышкы иштер министрлиги ЖККУ, ЕККУ, БУУ эл аралык аянтчаларын колдонуп кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын курчушу тууралуу маселени көтөрүп, 2020-жылы Тажикстанда өтө турган шайлоолорго жана алардын аймактык коопсуздук маселесине терс таасирин тийгизиши мүмкүн экендигине эл аралык дипломаттардын көңүлүн бурууга аракет кылуусу зарыл;

Тажик бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан өкмөттүк делегация мурда сүйлөшүп жетишилген ар бир макулдашуунун бузулушу боюнча позициясын катулатуу зарыл. Андай кылынбаса макулдашуулар бузула берет;

Чек арага жакын жерде жашаган Кыргызстандын жарандары Тажикстандын авторитардык режиминин шартында жашаган ушундай эле эли менен достук алака-мамилелерди түзүшү зарыл. Биздин ата-бабалар дайыма ынтымак-ырашкерликте жашап келишкен. Жемкорлукка баткан бийлик өкүлдөрү өзүлөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөп эки бир тууган элди жектешүүнүн аңына түртүп салышына жол бербешибиз керек;

Кыргызстандын жарандык коому биримдигин көрсөтүп, аймактык бөлүнүү тууралуу таңууланган жоромолдорду жокко чыгарышы зарыл. Бул нерсе айрым чет элдик талдоочуларды туура эмес бүтүмдөргө түртүүдө. Бул нерсеге жетүү максатында элдин биримдигин көрсөткөн ар түрдүү акцияларды, иш-чараларды өткөрсө болот. Азыр биз байкап жаткан саясий улуттун калыптануусу мындан да ары өнүгүп-өсүп, бекемдеп туруусу гана керек.

Улуу немис ойчулуу Иммануил Кант 1795-жылы эле элди согушка авторитардык бийлик түртөөрүн айткан болчу. Жөнөкөй калкка кан төгүүнүн кереги жок. Бийлик демократиялык жол менен шайланган өлкөдө эл өзү тынчтыкта жашоо тууралуу макулдашып алалат.

Тилекке каршы, авторитардык башкаруучулар өз бийлигин сактап калуу амалында ички саясий кырдаал менен катар сырткы саясаттагы кырдаалды да өз кызыкчылыгында колдонгондон баш тартпайт. Тажик жана кыргыз элдери илгертиден бери ынтымак-ырашкерликте жашап, кыйын кезеңдерде дайыма бир-бирине жардам берип келишкен. Азыркы оор кырдаалда да биз бир-бирибизге урмат сый мамилени, ынтымагыбызды сактап калабыз деп ишенем.

Саясат илимдеринин доктору Азамат Темиркулов.

Саясий-укуктук иликтөөлөр борбору эксперттерге ар түрдүү пикирлерин билдирүүгө эркин аянтча түзүп берүүгө даяр, бул пикирлер борбордун көз карашы менен дал келбеши мүмкүн.

2033

Написать комментарий: