Статья

"МАРАЛ" РАДИОСУ: Ооганстан жана Борбор Азия: Кыргызстан жаңы геосаясий «оюнчуга» айландыбы?

"Марал FM" радиосунун котормосуМакаланын түп нускасы орус тилинде Саясий-укуктук изилдөөлөр борборунун сайтында «Макала» бөлүмүндө жарыяланган.

Америкалык аскерлердин Ооганстандан чыгып кетиши жана өлкөдөгү бийликтин толугу менен «Талибан» кыймылынын колуна өтүшү Борбор Азияны жаңы геосаясий чындыкка дуушар кылды.

Америка аскерлери жана алардын союздаштарынын 20 жыл аралыгында Ооганстанда жүрүүсү Борбор Азия өлкөлөрү үчүн өздөрүнүн суверинтетин бекемдеп, реформаларды ишке ашырып, экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн туруктуулукту камсыздап келген. АКШ Борбор Азиядагы коопсуздуктун гаранты жана донору катары аймактагы өлкөлөрдүн улуттук экономикасын жана мамлекеттик институттарын өнүктүрүп алуусу үчүн геоэкономикалык мүмкүнчүлүктөрдү да сунду. Аймактагы өлкөлөр коопсуздукка жана чек араны бекемдөө маселелерине эч кандай ресурстарын коротушкан да жок.

Бүгүнкү күндө Борбор Азия өлкөлөрүнүн күн тартиби өзгөрдү. Эми негизги маселе – мамлекеттердин чек арасын чыңдоо жана коопсуздукту камсыздоо. Аймактагы бардык өлкөлөрдө кыйын социалдык-экономикалык кырдаал турат. Ага кошумча COVID-19 пандемиясынын кесепеттери да абалды ого бетер курчутууда.

Борбор Азия үчүн 2015-жылдан 2021-жылга чейин түзүлгөн геосаясий мүмкүнчүлүктөрдүн терезеси жабылды.

Бул аралыкта Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери эл аралык аренада геосаясий салмагын жогорулатып, алака-катышты жакшыртып, иш-аракеттерди координациялоо боюнча бирдиктүү күн тартибин иштеп чыгуу үчүн бир канча ирет жолугушту. Ар түрдүү форматтагы кеңешмелерди өткөрдү. Мунун баары тышкы «оюнчулардын» катышуусу жок өттү. Анткени глобалдык жана регионалдык «оюнчулар» башка аймактагы жана эл аралык көйгөйлөр менен алектенип жаткан.

Азыркы тапта Ооганстандагы жана аймактагы күчтөрдүн салмагы алмашкандыктан, абал кескин өзгөрдү. АКШнын Ооганстандан чыгып кетүүсү алардын глобалдык багыты жана күн тартиби өзгөргөнүнөн кабар берип турат. Алар бардык концентрациясын Кытай жана Орусияга каршы туруу үчүн бурду. Геосаясатка киргизилген мындай түзөтүү Пакистан, Кытай жана Орусия үчүн «жагымдуу» болду. Ал эми Индия Ооганстан жана Борбор Азиянын көйгөйлөрүн чечүүчүлөрдүн катарынан дээрлик чыгып калды десек болот.

Регионалдык лидерликке умтулган Иран үчүн абал бир тараптуу эмес: аларга бир жагынан көйгөй, экинчи жагынан геосаясий мүмкүнчүлүк пайда болуп турат. Ирандын максаты Кавказ жана Борбор Азияда алдыга чыгуу болуп саналат.

2020-жылы Карабахтагы согуш жана Ооганстандагы абалдын өзгөрүүсүнөн улам дагы бир эски геосаясий «оюнчуну» оюн талаасына кошту. Ал – Түркия. Муну Азербайжанда жакында эле өткөн Түркия, Азербайжан жана Пакистандын аскерий контингеттеринин ири масштабдуу машыгуусу далилдеп турат.

Буга жооп катары Иран да Азербайжан менен чектеш аймагында аскерий машыгууларды өткөрүп, Армения менен мамилени бардык тараптан чыңдоого аракет кылууда.

Бул жагдайды алдын ала бир нерсе деп айтуу мүмкүн эмес, ал Кавказ менен Борбор Азия үчүн бир күнү жарыла турган абалды пайда кылып турат. Мындайча айтканда, постсоветтик алкактын туруктуу «коопсуздук куру» күмөн жаратат. Тагыраак айтканда, Борбор Азия жана Кавказ үчүн өтө олуттуу геосаясий чакырыктар жана коркунучтар пайда болууда.

Учурда 1993-жылы Фредрик Стар тарабынан киргизилген «Чоң Борбор Азия» (Борбор Азия өлкөлөрү жана Ооганстан) түшүнүгү кайрадан актуалдуу. Ошондой эле CASA-1000, ТАПИ сыяктуу ири долбоорлор да актуалдуулугун жоготуп, тагдыры суроо астында турат. Геоэкономикалык абал түп-тамырынан өзгөрдү. Борбор Азияны Түштүк Азияга «куроо» мүмкүнчүлүгү барбы? Ошол эле учурда суроо да жаралат: Борбор Азиядагы коопсуздук үчүн ким гарант жана донор болуп берет? Орусия, Кытай же башка геосаясий «оюнчубу»?

Быйыл Борбор Азиянын бардык мамлекеттери эгемендигинин 30 жылдыгын белгилөөдө. Ар кимиси ар кайсы геосаясий долбоорлордун мүчөсү (ЕАЭБ, ШКУ, ЖККУ ж.б). Мунун баары аймактагы өлкөлөрдүн абалын татаалдаштырып жатат. Анткени алар баары биргеликте жаңы коркунуч жана чакырыктарга каршы чара көрүүдө бирдиктүү координация жасаса жакшы болмок.

Ушул жылдын 15-сентябрында АКШ, Улуу Британия жана Австралия биргеликте жаңы аскерий-саясий AUKUS альянсын түздү.Муну менен Кытай өзүнө күтүлбөгөн жаңы глобалдык чакырык алды. Эми бул өлкөлөр Индо-Тынч океан аймагында жана дүйнөлүк океанда Кытайды ооздуктап турган күч болот. Кытай үчүн бир сутканын ичинде бардык деңиз, аба жана кургак жолдорду аскерий базаларынын жардамында жаап коюусу мүмкүн.  Мындай сценарий Дональд Трамптын изоляционизминен айырмаланып, АКШ президенти Жо Байдендин шайлоо алдындагы «Америка кайра келди» программасында камтылган болчу. Биз азыр посткоронавирустук дүйнөдөгү жаңы күн тартибинин түзүлүшүнө, иштелип жатканына күбө болуп жатабыз.

Мына ушунун баарын эске алганда, Ооганстан жана Борбор Азиянын келечеги регионалдык мүнөзгө ээ. Борбор Азия глобалдык жана регионалдык «оюнчулар» – АКШ, Кытай жанаОрусиянын геосаясий тирешүүлөрүнүн чордонуна айланышы мүмкүн. АКШ көп жылдар бою СССРдин жана Орусиянын гана көзөмөлү астында турган бул аймакты «глобализациялады» жана геосаясий оюндар үчүн «ачып» берди.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орунбасары Таалатбек Масадыковдун Ооганстанга алгачкылардан болуп гуманитардык жүк менен визит жасаганы да көп нерсени айтып турат. Кыргызстан Борбор Азияда Ооганстандагы абалды жөнгө салуу үчүн биринчи болуп «кол узатып», геосаясий «оюнчуга» айланууда. Кыргызстанда конфликти жөнгө салуу үчүн өзүн объективдүү фактор катары көрсөтүп алуу мүмкүнчүлүгү турат.

Борбор Азия өлкөлөрү өз аймагынын туруктуу болушун жана гүлдөп өсүшүн кааласа, келечекте өздөрүн суверендүү мамлекет катары сактап калгысы келсе, анда дүйнөдөгү жаңы геосаясий чындыктарга дароо жана бекем адаптацияланышы керек.

Автор саясат таануучу Эдил Осмонбетов

Автордун пикири жана позициясы редакциянын көз карашын чагылдырбайт.

195

Написать комментарий: