Статья

"МАРАЛ" РАДИОСУ: Өлкөсүн өзгөрткөн лидерлер жана алардын "антиподдору"

"Марал FM" радиосунун котормосу.

Өз өлкөсүн таанылгыс кылып, түп тамырынан бери өзгөрткөн  бардык көрүнүктүү, лидер-реформаторлор эки маданияттын, эки дүйнө караштын алып жүрүүчүлөрү болуп саналган. Бири этникалык, салттуу маданият, экинчиси жалпы европалык маданият.

Мисалы Сингапурдун мурунку лидери Ли Куан Ю этникалык кытай, бирок ал англиялык билим-тарбияны алып чоңойгон. Ли Куан Юнун жеке калыптануусунда анын атасы маанилүү роль ойногон. Ал баласын англис тилин үйрөнүүгө багыттаган. Анын эл арасында “банан” деген лакап аты да бекеринен эмес. Анткени анын сырткы көрүнүшү сары жүздүү кытай болсо, ички маңызы, алган билими, жүрүм-турум тарбиясы “ак” англичан болчу.

Дагы бир мисал, Осмон империясынын калдыгынан азыркы заманбап Түркияны курган реформатор Мустафа Кемал Ататүрк гректердин Салоник шаарында (ошол кезде Осмон империясынын курамында турган) туулган. Ал жаштайынан европа маданиятына аралаш өсүп, өзүнө эки европа жана азия маданиятын сиңире алган.

Петр I жаштайынан Москванын немистер жашаган тарыхий районунда чоңойгон. Ал чет өлкөлүк элчилер, немис соодагерлери, кол өнөрчүлөр менен ымалада болуп, европа маданиятына, илим жана техникасына сүңгүп кирип, Батыштын тажрыйбасын алуу керек деген пикирге келген. Орусиянын императору болгон соң Голландия жана Англиядан окуудан өтүп келип, феодалдык Орусияны европалык державага айлантууга жол баштаган.

“Кытайдын экономикалык кереметинин” Дэн Сяопин Францияда билим алган. Ал СССРдин жаңы экономикалык саясаты менен таанышып, аны КЭРдин экономикасы үчүн колдонгон. Натыйжада Кытай Компартиясынын башкаруучу позициясын калтырып, өлкө экономикасын рыноктук мамилеге өткөргөн.

Түштүк Кореянын үчүнчү президенти Пак Чон Хи аскердик милдетин япон армиясында офицер катарында өтөгөн. Ал АКШнын колдоосу астында “Түштүк кореянын экономикалык кереметин” ишке ашырууга бел байлаган.

1917-жылдагы Октябрь социалисттик революциясынын уюштуруучусу жана СССРдин негиздөөчүсү Владимир Ленин жана анын жакын санаалаштары да Батыш өлкөлөрүнө качууга мажбур болуп, эмиграцияда жүрүшкөн. Демек, алар да Орус империясынын келечегин эркин жана өнүккөн европа өлкөлөрүнүн катарында көрүшкөн.

Мына ушундай гана Батыштын билимин, дүйнө карашын өзүнө сиңирген лидер-реформаторлор гана салттуу, архаикалык коомду өзгөртүп, коомдук аң-сезимди өстүрүп, өлкөнү өнүгүү жолуна сала алат.

Ал эми лидер-реформаторлордун антиподдору өзүн “элдин лидери” деп атап, катардагы карапайым калктан же билими, же менталитети, же тарбиясы менен айырмаланбайт. Алар мына ушунусу менен өзүн калкка жакын сездирип, элдин ишениме кирет. Эл ага “өзүбүздүн бала”, демек, биздин көйгөйдү түшүнөт, бизди алдабайт деп ишенет.

“Элдик лидерлердин” эң негизги таасир берүүчү куралы – этникалык маданиятка басым жасап, улутчулдук чакырыктар, элге жакын көйгөйлөрдү кайра-кайра айтып пропагандалоо. Өзүн толук кандуу маданияттуу жетиштирүү үчүн башка элдин, цивилазациялардын жетишкендиктерин, артыкчылыктарын өзүнө сиңире билиши керек. Тилекке каршы алар аны четке кагат.

Мындай “элдик лидерлер” кооз сөздөр жана куру убадалардан сырткары эч нерсе жасай албаганын тарых бир нече ирет далилдесе да, алар өзүнүн билимсиздиги, тар түшүнүктөрү жана мамлекетти башкарууга жөндөмсүз экенине карабай, системалык каталарды кайталап, өлкөнү дагы да начар акыбалга түртүп келишет.

Буга эң жакшы мисалы КЭРдин дагы бир башкаруучусу Мао Цзэдунду айтсак болот. Ал өзүнүн илимге каршы келген экономикалык эксперименттери менен өлкөнүн экономикалык жашоосун кыйратып, массалык ачкачылыкка алып келген. Окумуштуулар, маданият өкүлдөрү жана башкаруучу кадрлардан бери саясий репрессияга учураган.

Мао Цзэдундун жана башка 20-кылымдагы авторитардык лидерлердин идеологиялык атасы катары Лениндин “антиподу” Сталин айтылып жүрөт. Ал жабык өлкө саясатын жүргүзүп, дүйнөлүк прогресстен алыстап казармалык-аскерий принцибинде башкарган.

Белгилей кетүүчү жагдай, 20-кылымдын башында, 20-30-жылдар арасында большевиктердин партиясынын ичинде да Лениндин революцияга чейинки “эски-европалык” санаалаштары менен Октябрь революциясынын фонунда жылдызы жанган, айыл-кыштактардан келип топтолгон жаш саясатчылардын ортосунда идеологиялык тирешүү болгон. Алар Сталиндин башкы тирөөчү болуп, партиянын эски мууну же Лениндин “эски-европалык” идеялаштары менен күрөшүүдө чоң жардамчы болгон. Сталиндин жеңиши менен Орусия өнүккөн европалык өлкөлөрдөн жүзүн бурган.

Бүгүнкү күндө «вождизм» айрым африкалык өлкөлөрдө маал-маалы менен бийликти күч менен алып, ордуна кайра эле ошолорго окшогон саясий топтордун келүүсү гүлдөп өсүүдө. Мындай өлкөлөр 1961-жылы дүйнөлүк колониализм саясаты кулагандан бери “өзүнө келе албаган мамлекеттердин” катарын толуктап, жарым кылымдан ашса да, жараксыз саясий система, дагы бир жараксыз башкарууну пайда кылып келет.

Тилекке каршы, мына ушундай эле сценарий Кыргызстанда да ишке ашып келет. Адам укуктарынын сакталбашы, эл аралык келишимдерге баш ийбөө, сөз эркиндигин чектөө, саясий, оппозициячыл күчтөргө кысым көрсөтүү сыяктуу тенденция өнүгүүдө. Тышкы саясатта да демократиялык эмес өлкөлөргө карап түздөнгөн жагдайлар бар.

Мындай негативдүү сценарий 90-жылдардын ортосунда башталып, Аскар Акаев өзүнүн жакын чөйрөсүндөгү советтик башкаруучу элитанын өкүлдөрүн “тазалап”, алардын ордуна облустук, райондук бийлик эшелонунан чыккан, билими тайкы бирок жаңы президенттик башкарууга колдоо көрсөткөндөрдү топтогон.

Андан ары, белгилүү “эмнеге жакын жүрсөң, ошондой болосуң” принциби менен башкаруучу “чоңдор” өтө тездик менен деградацияланып, мамлекеттик башкаруу системасын талкалады. Коомдун нааразычылыгын пайда кылып, коом фрагментардык – аймактык, кландык өзгөчөлүгүнө карап бөлүнүп, “өзүбүздөн чыккан” деген түшүнүктөгү трибунанын бакырчаактарын өйдө карай түртө баштады.

Бул тамсилдин моралы: Эгер башкаруучу топ билимсиз жана компетентсиз болсо, элдин арасында авторитети жок болсо, анда сөзсүз аларга каршы альтернативдүү күч, бийликти колго алып, биз башкарабыз деген “элдик лидерлер” же “талаа командирлери” пайда болору анык.

Автор тарых илимдеринин доктору, Кыргыз-орус славян университетинин профессору Аскар Жакишев

Макаланын оригиналы орус тилинде Саясий-укуктук изилдөөлөр борборунун сайтында “Мнение” бөлүмүндө жарыяланган.

Автордун пикири жана позициясы редакциянын көз карашын чагылдырбайт.

43

Написать комментарий: