Статья

Жаңы шайлоо системасын киргизүүнүн чакырыктары жана тобокелдиктери

28-июлда, каникулга тарап кетерден бир кун мурун ЖК “КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын (мындан ары шайлоо жөнүндө мыйзам) долбоорун бир эле учурда экинчи жана үчүнчү окуудан кабыл алды. Мыйзамдын демилгечиси – КР Президенти. 107 депутат мыйзамды колдоп берди, экөөсү каршы болду.

Шайлоо тууралуу мыйзамдын биринчи окуусу 22-июлда өткөн. Анда ЖКнын 99 депутаты “макул” болсо, каршы добуш бергендер жетини түзгөн. Бул мыйзамды кабыл алууда ЖК Конституциянын жана өз Регламентинин бир катар талаптарын бузду: мыйзам долбоорун жарыялаган жок, ал боюнча коомдук талкуу да, парламенттик угуу да өткөргөн эмес, ошондой эле экинчи жана үчүнчү окууну эч кандай негизи жок эле бириктирип салды. Ар бир окуунун ортосунда 10 күн аралык болушу керек деген талап да бузулду.

Мыйзам долбоору боюнча ЖК депутаттары шайлоо системасынын бири-биринен көз карандысыз болгон эки түрү боюнча шайланаары мурда белгиленген. Бирок ЖКда мыйзам долбоору каралып жатканда эки шайлоо системасынын түзүлүшү өзгөртүлүп, шайлоонун бардык катышуучулары үчүн татаалдашты.

Ушул соңку өзгөртүүлөр бир мандаттуу округду кубаттап жаткан президент менен преференциалдык системаны колдогон депутаттардын ортосундагы саясий компромисстин жыйынтыгы болушу ыктымал. Бирок бул шайлоону уюштуруучулар үчүн да, шайлоочулар үчүн да бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Аларга төмөндө кенен токтололу.

ЖК 28-июлда кабыл алган шайлоо жөнүндө мыйзамдын долбоору менен Жумушчу топ даярдаган жана 2021-жылдын июнь айынын башында КР Президентинин сайтына жарыяланган мыйзам долбоорун салыштырып көрөлү. Бөлүштүрүлө турган мандаттардын саны өзгөрдү:

  • бир мандаттуу округдардан 35 эмес, 36 мандат болуп калды;
  • ошого жараша бирдиктүү жалпы республикалык округда партиялык тизме боюнча пропорционалдык шайлоо системасында 55 эмес, 54 мандат бөлүштүрүлөт;
  • бул 54 орунга преференциялык добуш берүү киргизилди;
  • саясий партиялар үчүн шайлоо босогосу 3%дан 5%га көбөйтүлдү, аймактык босого 0,5% болуп калды.

Партиянын талапкерлеринин тизмесин аныктоодо коомдун ар кайсы топторунун өкүлчүлүгү төмөндөгүдөй болду:

  • Талапкерлердин 15%дан кем эмеси 35 жаштан жогору болбош керек, 15%ы ар кайсы этникалык топтордун өкүлдөрү болушу шарт. Ошол эле учурда ар бир топтун 3төн кем эмес талапкери биринчи турган 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;
  • 2ден кем эмес талапкер – мүмкүнчүлүгүнөн чектелүү жарандар, анын бирөөсү тизмеде биринчи турган 25 талапкердин катарында болушу талап.

Парламентке шайланчулар өздөрү үчүн ыңгайсыз болгон айрым жерлерди мыйзамдан алып салышты. Мыйзамдын алынып салынган жерлери азыркы эл өкүлүнүн орточо түспөлүн ачык мүнөздөп турат. КР Президентинин сайтына жарыяланган мыйзам долбооруна салыштырганда, ЖК кабыл алган мыйзамда төмөндөгү талаптарды алып салышты:

  • талапкер өзүнүн жана жакын туугандарынын кирешеси тууралуу маалыматты көрсөтүшү керек;
  • бир мандаттуу округдарда талапкер шайлоочулардын жыйыны менен көрсөтүлөтдеген жери, эми талапкер БШКга гана арыз берип койсо жетиштүү;
  • шайлоо дайындалганга чейинки алты айдан кем эмес мөөнөттө партияны каттоо/кайра каттого болбойт деген талап эми жок. Башкача айтканда, партия шайлоо дайындалганга бир күн калганда да катталышы мүмкүн;
  • жумушчу топ сунуштаган гендердик квота боюнча норма алынып салынды. Партия талапкерлеринин тизмесинде аялдар менен эркектердин кезектешүүсү эки позициядан ашпаш керек деген сунуштун ордуна, аракеттеги “үч позициядан ашпаш керек” деген квотаны сактап калышты. Бирок шашылыш өзгөртүүдө мыйзам долбоорун аягына чейин окубай коюшкан көрүнөт. Андан ары мындай деп жазылган:

Партия алган мандаттарды бөлүштүргөндө, алгач 30%дан кем эмес мандатты шайлоочулардын эң көп добушун алган аял талапкерлердин ортосунда бөлүштүрүшөт. Калган мандаттар аялдар квотасы боюнча БШКда катталган тизме партиясындагы тартип боюнча аял талапкерлердин ортосунда бөлүштүрүлөт.  

Ошентип, ЖК партиянын ичинде нааразылыкка жана чыр-чатакка негиз жаратып койду. Партиянын тизмесинде аялдар 25%ды түзөт, а мандаттар болсо 30%дан кем эмес аял-талапкерлерге берилиши керек. Бул пайыздык дал келбестиктен улам, шайдоодон кийин партия мандат алып калса, анда тизме боюнча эркектерден төмөндө турган аял-талапкерлер тизмеде жогору чыгарылып, мандат алышы керек.

Кабыл алынган мыйзамда депутаттык мандатка талапкер сөзсүз түрдө жогорку билимдүү болушу керек деген норма киргизилди. Ниет, балким, жакшыдыр. Бирок КРда айрым жогорку окуу жайлары каалаган адамга жогорку билим, анын ичинде юридикалык билим тууралуу дипломдорду акчага сатып, жазасыз калып келе жатканы кимге жашыруун? Мындай шартта депутаттыкка талапкерге коюлган жогорку билим тууралуу талап депутаттардын курамынын сапатына таасир деле этпейт.

Депутат Дастан Бекешовдун сунушу боюнча чектөөлөр киргизилди: партиялар үчүн үгүтчүлөрдүн саны 10 миңден, бир мандатчылар үчүн 500дөн ашпашы керек. Үгүтчүлөрдүн саны тууралуу эсептер туура чыгарылган болсо, бул жакшы норма - добуш сатып алуунун алдын алат. Талапкерлер жана партиялар үгүтчүлөргө гана акы төлөй алышат. Бул норма киргенге чейин партиялар адамдарга добуш сатып алуу үчүн эмес, үгүттөш үчүн акы төлөгөндөй түр көрсөтүшчү.

Ал ортодо киргизилип жаткан шайлоо системасынын ар бир түрүнүн артыкчылыктары жана кемчиликтери бар. Бир мандаттуу округдарда ошол округда шайлоого катышкан шайлоочулардын эң көп добушун алган талапкер шайланды деп табылат (бул салыштырмалуу көпчүлүктүн мажоритардык системасы). Ошентип, бир мандаттуу округдарда шайлоо бир тур менен өтөт. Бул бир мандаттуу округдарда эки турлуу шайлоону (абсолюттук көпчүлүктүн мажоритардык системасы) өткөрүүгө байланыштуу маселелерди жокко чыгарат. Бул боюнча Кыргызстанда 1995, 2000 жана 2005-жылдардагы парламенттик шайлоолордон убайымдуу тажрыйба да бар.

Бир мандаттуу округдарда эки турлуу система биринчи турда талапкерлердин санынын көбөйүшү сыяктуу көйгөйдү көрсөттү. Биринчи турда талапкерлер канчалык көп болсо, кимдир бирөөсүнүн добуштардын 50%дан ашыгын алуу мүмкүнчүлүгүн ошончолук азайтат. Ошондой эле экинчи тур өзүнчө уюштурууну, каржыны, убакытты талап кылат – бул аралыкта талапкерлер жана алардын шайлоочулары белгисиздикте жана чыңалууда турушат. Шайлоонун жыйынтыгын чыгаруунун убакыты созулган үчүн талапкерлердин нааразылыгы күчөйт, шайлоо округдарында электоратты мобилизация жүрөт, көпчүлүк округдар боюнча соттук процесстер орун алат. Анан да добуш сатып алуу салты бир мандаттуу округдардан келип чыккан. Көп сандаган ушундай кемчиликтерди эске алуу менен, эки турлуу шайлоону колдонгон өлкөлөрдүн басымдуусу бул системадан баш тартышты.

Салыштырмалуу көпчүлүктүн мажоритардык системасында жеңүүчү жалгыз турда дароо эле аныкталат. Бирок ошол эле учурда бир мандаттуу округдарда бир эле талапкер утат, калган бардык талапкерлерге берилген добуштар күйүп кетет. Сөз болуп жаткан системанын негизги кемчилиги – округдагы шайлоодо жеңишке жеткен талапкерге добуш бербеген шайлоочуларга карата адилетсиздик. Бардык шайлоо системасында жеңилгендер болот жана алар үчүн берилген добуштар күйүп кетет. Бирок, мисалы, пропорционалдык системада шайлоочулардын добуштарынын азыраагы гана эсепке алынбай калат.

Мыйзам долбоору боюнча бир мандаттуу округдарда талапкер саясий партиялар тарабынан да, өзүн-өзү көрсөтүү аркылуу да чыгарылат. Өзүн-өзү көрсөткөндөргө округдардагы шайлоочулардын жыйыны менен көрөтүлүү потенциалдуу шайлоочулары менен жолугуп, алардын колдоосуна ээ болуу мүмкүнчүлүгүн түзмөк. Шайлоочулардын жыйынын алып салуу менен, ЖК депутаттары саясий партияларды өзүн-өзү көрсөтүүчүлөр менен бирдей эмес шартка коюп койду. Партиянын съездин өткөрүп, маселени партиянын жетекчиси менен макулдашуунун ордуна талапкер үчүн түз эле БШКга арыз берүү жеңил эмеспи.

Көрсөтүлүү ыкмасына карабай, кандай болгон күндө да бир мандаттуу округдан келген депутат жеңиши үчүн негизинен өз популярдуулугуна жана округдагы шайлоочуларына милдеткер болот. Андыктан бир мандаттуу округдар индивидуализмдин өнүгүшүн шарттайт.

Жыйынтыгында ЖКда өз округундагы шайлоочуларынын кызыкчылыгына, демек, көбүнесе жергиликтүү кызыкчылыктарга ыктаган 36 депутаттуу болобуз.

36 жана 54 сандарынын катышын эске алганда (айырма – 18 мандат), бир мандаттуу округдагы талапкер катышкан шайлоочулардын болжолдуу түрдө 2,7% добушун алышы керек. Ошол эле учурда бирдиктүү жалпы республикалык округдагы талапкер болжол менен добуштардын 1,85%ын алышы шарт. Көп эмес, бирок кантсе да бир мандатчынын мандаты жалпы республикалык округдагы депутаттын мандатына караганда салмактуураак.

Шайлоочулардын анык бир тобунун таламын талашкан мындай айрым талапкерлердин ЖКдагы жүрүм-туруму башкачараак болот. Андай депутаттар менен макулдашуу, мыйзам чыгаруу жана прламенттин чечими аркылуу кандайдыр бир ыраттуу саясатты жүргүзүү кыйыныраак болуп калат. Жеке кызыкчылыктардын арты менен өз ара талашып-тартышкан мындай мыйзам чыгаруучулардын катышы бат-бат өзгөрөт, карама-каршылыктуу жана ыраттуу эмес чечимдерге алып келет. Парламенттин күтүлбөстүгү дагы күчөйт.

Жаңы параллелдүү шайлоо системасы аракеттеги пропорционалдык шайлоо системасынын жабык партиялык тизмеге байланыштуу бир катар көйгөлөрүн чечет. Ал шайлоочуларга өздөрүнө жаккан талапкеринин шайланып келишине таасир этүүгө мүмкүнчүлүк берет, шайлоочулар менен депутаттардын ортосундагы мыкты байланышты камсыздайт, партия лидерлеринин өз билемдик менен башкаруу мүмкүнчүлүгүн азатайт. Ошол эле учурда жаңы система добушту сатып алууну, бай партиялардын үстөмдүгүн жокко чыгарбайт, бирок ички партиялык коррупциянын көлөмүн азайтат.

Преференциялык система пропорционалдык шайлоо системасындагы 54 орунга гана жайылтылганы менен, ал мурдагы шайлоо системасынын бир катар көйгөйлөрүн чечет: шайлоочу партиянын тизмесинин ичинде мандаттардын бөлүштүрүлүшүнө таасир эте алат, бул партиялык коррупциянын жана партия лидерлеринин өз билемдик менен башкаруусун азайтат, шайлоочунун депутат менен байланышын жакшыртууга өбөлгө түзөт. Бир мандаттуу округдарда болобу, ачык тизмеде болобу, инсанга багытталган шайлоо шайлоочуларга жеңилдик алып келет – алар партияларды эмес, айрым инсандарды карашат. Ошол эле учурда пропорционалдык системада шайлоочу алгач партияны тандашы керек болот. Партияны тандабай туруп,  талапкерди тандаганы өтпөйт. Ошентип, жаңы эки шайлоо системасы жана эки бюллетенди толтуруу , анын ичинде бирөөсүнүн эки бөлүктөн турушу шайлоочуга талапкерлерди жана партияларды изилдөө боюнча өтө чоң жоопкерчиликти жүктөйт. Ушунун баары коомчулук мамлекеттик органдарга ишеним артпай, ЖКны кыртышы сүйбөй турган чакта ишке ашып жатат.

Бирок жаңы шайлоо системасынын негизги көйгөйү – анын татаалдыгында. Эки башка шайлоо системасы киргизилип жатат, ар биринин кыйынчылыктары бар жана ишке ашырууда бир катар этаптарында шайлоо катышуучуларынын арасында талаш-тартыштарды жаратышы ыктымал. Алсак: 

  • бир мандаттуу округдарды уюштуруу үчүн өлкөдөгү административдик-аймактык чек араларды сактоого аракет кылуу менен, калкынын саны болжол менен бирдей болгон 36 округду бөлүү керек;
  • преференциялык система үчүн башкаруунун автоматташтырылган системасына тиешелүү программаларды иштеп чыгып, сыноодон өткөрүү керек, бюллетендерди басып чыгаруу зарыл;
  • эки системаны тең изилдеп-үйрөнүп, нускамаларды жазуу керек жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу талап;
  • анын үстүнө шайлоо тууралуу жаңы мыйзамдын жоболорун өз убагында жана натыйжалуу ишке ашыруу үчүн шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын, БШКнын ишмердүүлүлүгүн мөөнөттөрдү жана процедураларды так кармангыдай уюштуруу керек.

Бул жаңы чакырыктардын баары ката кетирүү тобокелдиктерин жаратат, анын жыйынтыгында өлкөдө парламенттик шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө нааразалыктар, чыңалуулар болушу мүмкүн. Жогорку Кеңештин мындай аз гана сандагы депутаттарын (90 орун) шайлоо  үчүн мынчалык көп жаңычылдыктарды киргизүү, анан да аларды кыска аралыкта ишке ашырууга бел байлоонун тобокелдиги бир топ.   

Сүрөттүн автору Марат Акимбек уулу, "Азаттык" Радиосу

1561

Написать комментарий: