Статья

Жогорку Кеңешке шайлоо тууралуу мыйзам жана аны кантип кабыл алуу керек

Бенжамин Франклиндин айтымында, мыйзам сыйланбаган жерде ачарчылык башталат.

КР Жогорку Кеңешинин (ЖК) азыркы алтынчы чакырылышынын ыйгарым укуктуу мөөнөтү өткөн жылдын 4-октябрында бүткөн. 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Өзүн легитимдештирүү үчүн ЖК 2020-жылдын 22-октябрында Конституциялык мыйзам кабыл алды. Ага ылайык, парламенттик шайлоо 2021-жылдын 1-июнуна чейин дайындалышы керек эле. Бирок 1-июнга чейин шайлоо дайындалган жок. Ошондуктан 24-июнда ЖКда азырынча мыйзам долбоору жарыяланды, ал боюнча мурдагы мыйзамдын күчү кетти деп таанылат.

Коомчулук парламенттик шайлоонун дайындалышын күтүп жатат. Бирок ага чейин ЖКны кантип шайлоо керектиги тууралуу мыйзам кабыл алынышы шарт. ЖК Регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан каникулга тарады. ЖКнын узак отуруп калган алтынчы чакырылышы азыркы сессиянын алкагында мыйзамды кабыл алууга үлгүрбөй калды. Шайлоо тууралуу мыйзам долбоору бүтүндөй коомчулуктун кызыкчылыгына тийиштүү болгон соң, ЖК өз ишмердүүлүгүнүн өзөгүн түзгөн принципти – ачыктык принцибин (Регламенттин 4-беренеси) карманууга, мыйзам долбоорун демилгелегенде жана аны өткөрүүдө  коомдук талкууларды жана парламенттик угууларды өткөрүү талабын (47-берененин 1-бөлүгү) сактоого милдеттүү.

Шайлоо тууралуу бул мыйзам долбоору ачык каралып, Конституциялык мыйзам чыгаруу боюнча комитетте Жогорку Кеңештин ар бир депутатына тийиштүү документтерди берүү аркылуу талкууланышы керек. Анткени шайлоо мыйзамы конституциялык дэнгеелинде мыйзамы болуп саналат. Эң негизгиси – бул долбоору ЖКда үчтөн кем эмес окуудан кабыл алынышы талап. Конституциянын 86-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, конституциялык мыйзамдар Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес добушу менен кабыл алынат. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн чечими менен бул мыйзам долбоору боюнча төртүнчү окуу дайындалышы мүмкүн (55-берененин 4-бөлүгү).  Мыйзам долбоору боюнча ар бир окуунун ортосундагы аралык 10 иш күнүнөн кем болбойт (55-берененин 9-бөлүгү).

Шайлоо тууралуу мыйзамды кабыл алганда депутаттар Регламенттин 55-беренесинин 20-бөлүгүндө негиздемелер бар деп аталган мыйзам долбоорун бир учурда үч окуудан өттү деп кабыл ала албайт. Анткени шайлоо тууралуу мыйзамдын мааниси жана мазмуну ошол бөлүктө каралган учурларга таптакыр дал келбейт. Себеби бул мыйзам долбоорундагы өзгөртүүлөр аны Конституцияга же жаңы кабыл алынган мыйзамдын нормаларына шайкеш келтирүүгө караганда алда канча көп жана олуттуу; анын үстүнө мыйзамдын бир беренесин ошол эле мыйзамдын башка беренесине шайкеш келтирүү тууралуу сөз болуп жаткан жери жок; грамматикалык каталарды оңдоо, мамлекеттик жана расмий тилдердеги шайкеш эмес жерлерин жоюу же эл аралык келишимдерди ратификациялоо тууралуу да сөз жок.

Шайлоо тууралуу мыйзамдын мааниси жана мазмуну – ЖК депутаттарынын санын 120дан 90го кыскартууда же башка бир формалдуу айла-амалдарда эле эмес. Шайлоо тууралуу мыйзам парламенттик шайлоону уюштуруу жана өткөрүүгө, ошондой эле жаңы шайлоо системасына байланыштуу коомдук мамилелердин кеңири комплексин жөндөйт – булар Конституцияда да, башка мыйзамдарда да каралбаган.

Ошол үчүн шайлоо тууралуу мыйзамды дароо үч окуудан кароого ЖКнын эч кандай юридикалык негиздемеси жок. Бул мыйзамдуулук принциптерин жана конституционализмди одоно бузуу болуп калат. Ансыз да 2020-жылдын октябрынан бери ЖКга андай бузуулар мүнөздүү болуп калды. Эгер ЖК июль-августта иштесе, анда ЖКнын кезексиз сессиясы чакыртылышы керек.

Сүрөттүн автору Айгерим Акылбекова, "Азаттык" Радиосу.

4243

Написать комментарий: