Статья

Жогорку Кеңешке шайлоо: депутат кандай шайланса, ошондой иштейт - парламенттик өкүлчүлүктүн табияты тууралуу

Парламенттик шайлоо качан өткөрүлөт деген суроого улай эле ЖКнын азыркы курамына нааразылыктар күч. Жогорку Кеңештин курамы, депутаттар кимдин кызыкчылыгын кантип коргошу, эл өкүлдөрүнүн ким экендиги көптөгөн факторлордон көз каранды, анын ичинде шайлоочулардын билим жана маданият деңгээлинен, өлкөнүн саясий элитасынын сапатынан, шайлоолордун демократиялуулугунун деңгээлинен жана өлкө жетекчилигинин ниетинен көз каранды. Ошол эле учурда шайлоо тууралуу мыйзамда белгиленген шайлоо түзүлүштөрү ЖКнын кейпине жана анын курамына таасир эте алат.

Адам анык бир мандатка кантип ээ болуп келишинен анын кийинки аракеттери көз каранды. Башкача айтканда, депутат сыяктуу кубулушту эмне жаратса, кийин ошол нерсе анын маңызына айланат. Маңыз деп ошол кубулушту жараткан жана анын азыркыдай сыпатын аныктаган нерсени айтабыз. Депутат деген кызмат адамынын маңызы – эмнени арты менен депутат болуп калгандыгында.

Ошентип эгер индивид шайлоонун, бир кыйла адамдын колдоосу менен депутат болсо, кийин ал өз жардамы жана шайлоочуларга кызматы аркылуу ошол байланышты актап, сактап калууга аракеттенет. Эгер индивид сатып алуу же административдик ресурсту колдонуу аркылуу депутаттык кызматка келсе, кийин ал “добушун саткан” деп шайлоочуларына текебердик менен карап, кетирген акчасын коррупция же кызмат абалынан кыянат пайдалануунун башка түрү аркылуу кайтарып алууга аракеттенет.

Баса, 2021-жылдын 31-майында КР Президентинин сайтына жарыяланган “КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунда административдик ресурсту колдонуу жана добушту сатып алуу сыяктуу шайлоо мыйзамын одоно бузуулар менен күрөшүү чаралары каралган.

Алсак, эгер талапкер же партия тарабынан одоно бузууларга жол берилсе, ал жагдай добуш берүүнүн жыйынтыгынан шек жаратса же шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир этсе,  анда БШК ошол талапкер же партия боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгара алат. Бул башка партиялар жана талапкерлер алган добуш пайызын эсептөөгө таасир эткен үчүн баары шайлоо мыйзамдарын сактоого гана тырышпай, атаандаштарынын мыйзам бузууларын табууга түртөт.

Добушу жокко чыгарылган талапкер, партия ЖКга өтчү кийинки шайлоого катыша албайт. Үй комитет башчылары, турак-жай ээлеринин шериктигинин төрагалары  мыйзам боюнча үгүт жүргүзүп же кол топтоого укуксуз. Мындан ары андай аракеттер администартивдик ресурсту кыянат пайдаланууга кошулат жана жазаланууга жатат.

Шайлоо системасынын ар кандай параметрлери депутаттардын мандатынын табиятына, ага улай эле парламенттеги жүрүм-турумуна түрдүүчө таасир эте алат. Депутат кимдин же эмненин арты менен өз кызматына келгенин, кимге карыздар экенин билет.

Саясий-укуктук изилдөөлөр борбору кенен жазгандай, КР Президентинин сайтындагы ЖКга шайлоо тууралуу мыйзам долбоору боюнча ЖКнын 90 депутаты шайлоо системасынын көз карандысыз эки түрү боюнча шайланат:

  • 55 депутат бирдиктүү жалпы улуттук шайлоо округу боюнча пропорционалдык системада, жабык партиялык тизме менен шайланат (мындан ары бирдиктүү округ);
  • А 35 депутат бир мандаттуу шайлоо округунан шайланат. Округ боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын эң көп добушун алган талапкер шайландыдеп эсептелет.

Шайлоо округунун кайсы түрү аркылуу шайланып келгенине, ким аны көрсөткөнүнө жана ага ким добуш бергенине карап, депутат өзүн шайлоочулардын анык бир тобуна жана/же өз партиясына милдеткер сезет.

Бирдиктүү шайлоо округунда талапкерлерди партиялар жабык тизме аркылуу көрсөтөт. Жабык тизмеде шайлоочу жеке талапкердин шайланышына таасирин тийгизе албайт. Талапкердин партиялык тизмедеги ордун партиянын лидерлери же болбосо партиялык демократия орун алган уюмдарда партия өзү аныктайт. Шайлоодон кийин талапкердин тизмедеги орду өзгөртүлүүгө жатпайт.

Эгер бирдиктүү округда шайлоочу анык бир талапкердин шайланышын кааласа, анда ал өз талапкеринин партиясына добуш бериши керек. Бирок талапкер да, партия да анык бир талапкер кайсы жакта жашаган, кандай шайлоочулардын добушун алганын так биле алышпайт. Мындан улам партия кайсы талапкер канча добуш алып келгенин аныктай албайт, бул жаатта божомолдор гана болушу мүмкүн. Талапкерлер алардын партиясына жеңиш алып келген добуштардын санына жана өзүнүн партиялык тизмедеги ордуна карап парламентке келишет.

Жыйынтыгында бирдиктүү округдан шайланган депутат өз мандаты үчүн шайлоочуларын эмес, партиясынын лидерин  көбүрөөк кадырлайт. Эң популярдуу, көпчүлүк шайлоочулар кубаттаган депутат да ал үчүн шайлоочулардын азыраак бөлүгү гана добушун бергенин так билет, анткени ЖКга башка партиялар да өтүп жатпайбы. Ошол үчүн анык бир шайлоочу же шайлоочулардын тобу кайрылса, депутат өз мандаты үчүн так ошол шайлоочуга милдеттүү экенине так ынана албайт.

Себеби партия бүткүл өлкө боюнча ат салышты. Бул алыстоого жана ишенбөөчүлүккө, шайлоочу менен депутаттын ортосундагы байланыштын жоктугуна, ошондой эле партия лидерлеринин кызмат абалынан кыянат пайдаланышына, партиянын ичинде коррупция менен адилетсиздиктин жаралышына алып келет. Ушундан улам Кыргызстанда мындай шайлоо системасына нааразылыктар пайда болгон.

Бирок экинчи жагынан алып караганда, партиялардын жабык тизмеси калктын анчейин көрсөтүлбөй жаткан катмарына: аялдарга, жаштарга, этникалык азчылыкка, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга квота киргизүүгө мүмкүндүк берет. Бардык нерсе партия лидерлеринин толук карамагында болбойт. Тизме жабык болгондо, шайлоочу ар бир партиядагы талапкерлердин узун тизмесинен башы айланбай, оңой добуш берет, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө да шайлоо жыйынтыктарын чыгарууга жеңил болот; партияларга шайлоочулардын добушу үчүн чогуу күрөшкөн бирдиктүү уюм катары өнүгүүгө шарт түзөт.

Мындай көп партиялык шайлоо башка талапкерлер үчүн берилген бардык добуштар жок болуп кетчү бир мандаттуу округга салыштырмалуу адилеттүүрөөк, пропорционалдуурак жана көптөгөн социалдык топтордун кызыкчылыгын чагылдырган жыйынтыкты берет.

Мыйзам долбооруна ылайык, бир мандаттуу округдарда талапкерлер саясий партиялардан да, жашаган жери боюнча шайлоочулардын чогулушунан да көрсөтүлөт. Талапкер партиядан көрсөтүлгөн учурда ал үчүн партия менен байланыш маанилүү, ошол эле маалда округдагы жеңиши үчүн өз популярдуулугуна жана округдагы шайлоочуларына карыздар болот. Округдагы шайлоочулардын чогулушу аркылуу көрсөтүлгөн талапкер көбүрөөк округга байланып калат. Ошентип, ЖКга өз округдарындагы шайлоочулардын кызыкчылыктарын, демек, көбүрөөк жергиликтүү кызыкчылыктарды коргоого ынтызар 35 депутат келет.

Бирок бүтүндөй ЖК шайлоочулардын анык бир тобунун буйрутмаларын көздөгөн айрым саясатчылардан турса, парламенттик чечим жана мыйзам чыгаруу аркылуу ырааттуу бир саясатты жүргүзүүгө кыйын болот. Мыйзам чыгаруучулардын түбү жок талашына байланган, көп сандаган жеке кызыкчылыктардын катышы бат-баттан өзгөрүп турат, карама-каршылыктуу, чатышкан, тартипсиз аракеттерге жана мыйзамдарга алып келет. Парламент күтүүсүз жоруктарга бай болот.

Ошол эле учурда ЖК жалпы өлкөнүн бирдиктүү кызыкчылыктарын коргогон жалпы улуттук орган экени белгилүү жана ал жергиликтүү кызыкчылыктардан жогору болушу керек. Жергиликтүү маселелер менен бийликтин жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары (өкүлчүлүк жана аткаруу) алектенет. Бүтүндөй өлкө жеке маселелерден турары айкын, бирок бул жергиликтүү кызыкчылыктар гана эмес. Эгер парламент жергиликтүү кызыкчылыктардын өкүлдөрүнөн гана турса, анда өлкө деңгээлиндеги маселелер менен ким алектенет? Анткени бүтүн өз бөлүктөрүнүн суммасынан чоң экени белгилүү эмеспи.

Ошентип, бирдиктүү округда шайлоо системасынын параметрлери 55 депутаттын өз партиясынын өкүлү катары чыгышын, өлкөнүн жалпы кызыкчылыктарын ойлошун кубаттаса, бир мандаттуу округдардан келген 35 депутат өз округдарындагы ар түрдүү кызыкчылыктарды биринчи орунга коет. Шайлоо системасынын мындай дизайны Кыргызстандын көйгөйлөрүн чечүүгө түрткү берет. Мында жер-жерлердин да, бүтүндөй өлкөнүн да кызыкчылыктары эске алынат.

Өлкөдөгү өкүлчүлүк жана көп партиялуулукту анализ кылуу үчүн башкаруунун президенттик жана парламенттик формаларынын ортосундагы айырмачылыкты эске алуу керек деп эсептелинет. Окумуштуулар макул тапкан бир жагдай бар: парламенттик башкаруу күчтүү партияларды жаратат. 2010-жылдагы Конституциянын тушунда Кыргызстан акырындык менен күчтүү партияларга келмек. Алар өлкөнү өнүктүрүүнүн үстүндө ойлонууга мажбур болмок.

Азыркы – 2021-жылдын 11-апрелиндеги Конституциядагыдай, мыйзам чыгаруучу орган өкмөттү түзүү жана аны отставкага кетирүүгө таптакыр катыша албай алганы; президент парламенттин макул эместигин айланып өтүп, мыйзам долбоорун жеке өзү референдумга алып чыга алышы; депутатты чакыртып алуу коркунучу турганы; легитимсиз, бирок ЖК менен тең жарышкан Элдик Курултайдын болушунан улам партиялардын күчтөндүрүүсү жана башкаруунун формасын – Кыргызстандын күн тартибиндеги маанилүү маселе болбой калат.

Сүрөттүн автору Марат Тагаев, "Азаттык" Радиосу. 

 

4439

Написать комментарий: