Статья

Кыргызстанда диний азчылыктардын дин тутуу эркиндиги канчалык сакталууда?

2019-жылдын август айында Базар-Коргон районунун Абдраимов айылында тургундардын арасында чыр чыккан. Анда 50дөй жашоочу айылда Жахабанын күбөлөрү салып аткан сыйынуу жайынын курулушуна каршы чыгышкан эле. Сыйынуу жайынын короосуна чогулган элдин айрымдары ал жерди толугу менен жаап салуу керек экенин айтса, айрымдары Жахабанын күбөлөрүнөн уруксат кагаздарын көрсөтүүнү талап кылышкан. Эгерде Жахабанын күбөлөрүндө документтери бар болсо, анда курулуш иштерин улантууга тоскоол болбой турганын айтышкан. Бул жаңжалда Жахабанын күбөлөрүнө физикалык жактан кол салуу болгон эмес, бирок абал бир топ эле курчуп кеткен эле.

Кыргызстан үчүн мындай диний негиздеги жаңжалдар жаңы эмес. Эгемендүүлүк алгандан бери өлкө мындай окуялардын көбүнө күбө болуп келүүдө. Диний чөйрөнү жөнгө салуу үчүн Кыргызстанда 1996-жылы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия (Дин комиссиясы) негизделген. Түптөлгөндөн бери Дин комиссиясы 3,500дей диний уюмду каттоодон өткөргөн. Алардын көпчүлүгүн (3,000дейин) мечит, медреселер түзсө, калганы диний азчылыктарга таандык болуп эсептелет. Бул статистикалык маалыматтар кандайдыр бир деңгээлде өлкөдөгү диний абалдан дагы кабар берет десек болот. Өлкө калкынын 80-90% мусулмандар түзөрү айтылып келет. Ал эми калган 10-20% диний азчылыктар жана ошондой эле эч кайсы динге ишенбегендер (атеисттер, агностиктер жана башкалар) түзөт.

Дин эркиндиги боюнча Демократиянын дүйнөлүк абалы индексинин базасы Кыргызстанды 2019-жылы орто деңгээлде иш алып барган өлкөлөрдүн катарына киргизген. Ал эми Борбор Азиядагы коңшулаш мамлекеттер төмөнкү деңгээлде иш алып барган өлкөлөрдүн катарын толуктаган. Бирок ошол эле базадан көз карандысызыдык алган Борбор Азиядагы мамлекеттердин бардыгы 30 жылга жакын убакыттан бери орточо дүйнөлүк көрсөткүчтөн төмөн деңгээлде иш жүргүзүп келатканын көрүүгө болот (1-таблицаны караңыз).

Бул изилдөө Кыргызстандагы диний азчылыктар туш болгон көйгөйлөрдү аныктоого багытталат. Иштин жыйынтыктары өлкөдөгү жалпы эле диний азчылыктын мүчөлөрүнө, айрыкча диний азчылыкка кирген кыргыздарга тиешелүү болуп саналат.

Диний негизде куугунтукталып же басмырлангандар кыргыз христиандар экени маалым. Диний азчылыктарга байланыштуу чыр-чатактар же жалпы эле көйгөйлөр дал ушул кыргыз христиандардын башынан өтүп атканы белгилүү. Айрыкча аймактарда жашагандардын ар кайсы деңгээлде көйгөйлөргө туш болуу ыктымалдыгы жогору. “Кыргызбы демек мусулман болуш керек” деген көз караш коомдук жашоодо үстөмдүк кылып, исламдан башка динди тутунган кыргыздар көбүнесе терс мамилеге туш болушат.

Мисалы, элет жериндеги диний азчылыктар туш болгон көйгөйлөргө элден чыгарып коюу, шылдыңдап мазактоо, басмырлоо сыяктуу көрүнүштөр кирет. Ошондой эле дыйканчылык кылгандарга сугат суу берилбей, трактор, комбайн өңдүү техникалар келбей коюп, экономикалык жактан зыян тарткан учурлар кездешет. Эң эле орчундуусу — кыргыз христиандардын сабалышы жана сөөгүн жерге берүүдө абалдын курчуп кетиши. Андан тышкары сыйынуу жайын салууга каршылык көрсөткөн, же болбосо сыйынуу жайын талкалап, өрттөп кеткен окуялар да катталганын кошумчалап кетүүгө болот.

Диний көп түрдүүлүк

Кыргызстандагы диний көп түрдүүлүк 1991-жылы Советтер союзу урап, өлкө эгемендик жолуна түшкөндөн кийин пайда боло баштаган. Өз Конституциясында Кыргызстан жарандарына дин тутуу эркиндигин берип, ошол эле маалда дин менен мамлекеттик башкарууну эки башка ажыратып, секулярдык өлкө экенин ачык белгилеген.

Дегеле Кыргызстан диний багыттагы өзүнүн эркин мыйзамдары менен коңшу өлкөлөрдөн айырмаланып келген. Бул болсо өз кезегинде диний чөйрөнүн дагы өз алдынча эркин жашоосуна жана өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн. Натыйжада сырттан көптөгөн диний уюмдар келип, Кыргызстандагы диний чөйрөдөгү көп түрдүүлүккө негиз салган. Сырттан келген уюмдардын көбү простестант багытындагы христиандарды түзөт.

Бирок Кыргызстандагы диний көп түрдүүлүккө бир эле христиан багытындагы уюмдар салым кошкон деп айтуудан алыс болуу керек. Ислам багытында дагы чет жерде билим алган кыргызстандыктар жана чет жерден келген диний уюмдар өлкөдөгү мусулман коомчулуктун ичиндеги көп түрдүүлүккө эбегейсиз салым кошкон.

Ошентип өлкө эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарында диний чөйрө эркин коё берилген болсо, 2006-жылы дин чөйрөсүндөгү биринчи мамлекеттик концепция иштелип чыккан. Ага улай эле 2008-жылы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзам кабыл алынып, диний уюмдардын ишин көзөмөлгө алуу аракети башталган. Мисалы, диний уюм катары каттоо үчүн 200 жарандын колун топтоо жана ал тизмени жергиликтүү бийлик менен макулдашуу сыяктуу шарттар кошулуп, бул болсо диний азчылыктарга дагы таасир эткен. Салыштыруу үчүн, мурда диний уюмду каттоо үчүн 10 жарандын колун топтооо жетиштүү болчу жана тизмени жергиликтүү бийликтен ырастоо зарыл эмес эле.

Кыргызстандагы Жахабанын күбөлөрү

Жогорудагы 2008-жылкы мыйзам Жахабанын күбөлөрү сыяктуу диний азчылыктарга таасирин тийгизген. Жахабанын күбөлөрү Кыргызстандын аймагына биринчилерден болуп 1950-жылдары келгени айтылат. 1991-жылы өлкө эгемендүүлүк алган соң Жахабанын күбөлөрү 1998-жылы расмий каттоодон өтүшкөн. Бишкекте жайгашкан Жахабанын күбөлөрүнүн диний борборунун жетектөөчү комитетинин төрагасы Алымбек Бекмановдун айтымында, азыркы күндө Кыргызстанда 5 миңден ашуун Жахабанын күбөсү бар жана алардын басымдуу бөлүгүн кыргыздар түзөт.

Өлкө боюнча Жахабанын күбөлөрүнүн каттоодон өткөн 41 диний уюму бар. Алардын көпчүлүгү (34) Бишкек жана Чүй облусунда жайгашкан. Ысык-Көл облусунда 4, Талас облусунда 1, Токтогул жана Кочкор жергесинде дагы бирден диний жамаат каттоодон өткөн. Алардын баары 2008-жылы диний уюмдар жөнүндөгү мыйзам өзгөргөнгө чейин катталган. 2010-жылдан бери алардын Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарындагы диний жамааттарын каттоодон өткөрүү аракети бийликтин ар кайсы баскычтарында четке кагылып келет.

Жалпысынан соңку он жылдан бери Жахабанын күбөлөрү мыйзам боюнча өз укугун коргоо үчүн ар кайсы деңгээлде мамлекеттик мекемелер менен соттошуп келе жатканын айтууга болот. Бул көрүнүш кандайдыр бир деңгээлде Энтони Гиллдин дин эркиндинин саясий тамырлары жөнүндө келтирген сунуштары менен үндөшүп кетет.

“Күчтүү диндер диний азчылыктардын үстүнөн көбүрөөк мамлекеттик көзөмөл киргизилишин (башкача айтканда, дин эркиндин чектөөнү) каалашат. Диний азчылыктар көбүрөөк дин эркиндигин берген мыйзамдар болушун артык көрүшөт. [...] Диний саясат үстөмдүк кылган динге артыкчылык берип, азчылыкты түзгөндөрдү басмырлоого багытталат.”

Абдраимовдогу Жахабанын күбөлөрү

Изилдөө Жалал-Абаддагы Абдраимов айылында 2020-жылы жүргүзүлдү. Абдраимов айылы Бишкектен түштүктү көздөй 535 км алыстыкта жайгашкан. 13,000дей калкы бар бул кыштак өлкөдөгү көп улуттуу жана эң чоң айылдардын бири болуп саналат. Калктын көпчүлүк бөлүгүн кыргыздар (85%) түзсө, калганы өзбектерден (14%), уйгурлардан, тажиктерден, орустардан жана башкалардан турат.

Айылдагы Жахабанын күбөлөрүнүн жамаатында 50дөй мүчөсү бар. Алардын көпчүлүгү Абдраимовдо жашашат. Бул жыйналышка коңшу айылдардан келип кошулган Жахабанын күбөлөрү да бар. Жыйналыштын мүчөлөрүнүн арасында чет элдик миссионерлер жок, алардын баары кыргыз Жахабанын күбөлөрү болуп эсептелет.

Жашоочулардын нааразычылыгын жараткан сыйынуу жайы, же Жахабанын күбөлөрү атагандай Падышалык зал, айылдын ортосунда жайгашкан. Киришүү бөлүмүндө дагы кыскача сөз болгондой, 2019-жылы августта тургундар аталган сыйынуу жайдын курулушуна каршылык билдиришип, акыры анын тагдырын чечүү үчүн райондук деңгээлде комиссия түзүлгөн. 2019-жылдын сентябрында түзүлгөн райондук комиссия Жахабанын күбөлөрүнүн Падышалык зал курууга керектүү документтери жок экенин айтып, тиешелүү мекемелерден уруксат алганга чейин курулуш иштерин токтотуп туруу чечимин чыгарган.

Бул чечим Жахабанын күбөлөрүн ынандырган эмес. Алар тескерисинче бул чечимди адилетсиз деп таап, өздөрүн басынтуу катары кабыл алышкан. Жахабанын күбөлөрү мыйзам сыйлаган жаран болууга аракет кылаарын жана мамлекетке тиешелүү бюрократиялык кагаздарды ар дайым биринчи орунда бүтүрүп, андан кийин гана иш кыларын айтышат. Ошентип жаңжал басылган соң алар 2019-жылдын декабрь айына чейин Падышалык залдын курулуш иштерин бүтүрүүгө жетишкен. Бул жерде алар 2020-жылдын март айынын ортолоруна чейин жыйналыш өткөрүп жүрүшүптүр. Нью-Йорктогу (АКШ) Жахабанын күбөлөрүнүн Жетектөөчү кеңешинин коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөө киргизген чечимине ылайык, өткөн жылдын март айынын 20ларынан тарта Падышалык залдарда жыйналыштар өткөрүлбөй жатат. Ошондон бери Абдраимовдогу Падышалык зал дагы жабык турат. Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын күбөлөрү сыяктуу эле Кыргызстандагы Жахабанын күбөлөрү дагы жүзмө-жүз жолугушууларды токтотуп, бардык иш-чараларын онлайн режимде өткөрүп келатышат.

Алар айылдын ортосундагы үйдү сатып алып, сыйынуу жайын салганга чейин ошол эле айылдин чет-жакасындагы эки жерде жыйналыштарды өткөрүп келишкен. Жыйналыш өткөргөн жерлерди алар ижарага алып колдонушкан. Экөө тең салыштырмалуу түрдө айыл  четинде жайгашкан менен ал жактарда дагы сыйынуу жайынын айланасындагы коңшу- колоңдор тарабынан түшүнбөстүктөр катталган. Эшик-терезелерди сындырып, эшиктерин  мык менен каккылап, мешти уурдап кеткен учурлар болгон. Айланасы тосулган эмес болгондуктан өткөн-кеткен таш ыргытышы мүмкүн деп майда-чүйдө иш катары көз жумуп коюшкан. Анын үстүнө милицияга кайра-кайра кайрылууну эп көрүшкөн эмес экен. Бир жолкусунда сыйынуу жайын бузуп кирип, алардын адабияттарын өрттөп кеткенде алар милицияга кайрылышкан. Ким кылганы ошол бойдон табылган эмес. Бул иштер 2010-2015- жылдарга чейин болгон экен.

Бийлик өкүлдөрү

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Жахабанын күбөлөрүнө карата көз карашы бир беткей эмес. Айыл өкмөттө жогорку кызматты ээлегендер менен сүйлөшө келгенде кээ бири диний азчылыктар жөнүндө сүйлөшүүнү каалаган жок. Ал эми айыл өкмөттүн кээ бир кызматкерлердин айылдагы Жахабанын күбөлөрү жөнүндө сырттан гана маалыматы бар. Жахабанын күбөлөрү менен көп деле сүйлөшпөгөндүктөн жана алардын жыйналыштарына барып көрбөгөндүктөн бул диний азчылыктын өкүлдөрү жөнүндө жеткиликтүү маалыматка ээ эмес. Ошондуктан айыл тургундарындай эле ал дагы ар кандай жоромолдорго ишенет.

Базар-Коргон райондук администрациясында дагы жогорку кызматтарды ээлегендер дал ушул Абдраимов айылынын тургундары болуп саналат. Жалпысынан (райондогу жана айылдагы) бийлик өкүлдөрүндө аталган диний уюм жана анын окуусу жөнүндө дээрлик маалыматы жок, болсо да ал кандайдыр бир чечим кабыл алуу үчүн жетишсиз. Ал эми мамлекеттик мекемелер менен диний азчылыктын ортосундагы байланыш болсо дээрлик жөнгө салынган эмес.

Жахабанын күбөлөрү кыргыз жараны болсо дагы (райондогу жана айылдагы) бийлик өкүлдөрүнүн “өгөйлөгөн” мамилесине туш болуп келишет. Башкача айтканда, Жахабанын күбөлөрүнө “бөтөн эл” сыяктуу мамиле кылынганын байкоого болот. Башкача айтканда, аларды айылдын эле тургундары, ошол коомдун бир мүчөсү катары кабыл алуу бир аз тоскоолдуктар менен коштолот. Ал эми тоскоолдуктар көбүнесе стереотиптерге негизделген.

Изилдөөнүн мурдагы бөлүмдөрүндө дагы айтылгандай, “кыргыз демек мусулман” деген көз караш калк арасында терең орноп калган жана бийлик өкүлдөрүндө дагы басымдуулук кылат. Мусулман эмес кыргыз элден эле чыгып калбай, аймактардагы мамлекеттик кызматкерлердин дагы көңүл борборунан сыртта калган. Конституцияда көрсөтүлгөн ишеним жана абийир эркиндиги кепилдик берилген менен аймактарда диний азчылыктын өкүлдөрү “бөтөн” адамга айланып, коомдун (айлана-чөйрөсүндөгү адамдардын, бийлик өкүлдөрүнүн жана башкалардын) терс көз карашына кабылышат. Алардын ишеним тандоосуна айланасындагылардан дагы, бийлик өкүлдөрү тарабынан дагы сый-урмат кылынбайт. Кыргыздардын башка динге кирүүсү кандайдыр бир чочулоо менен коркунуч катары кабыл алынат.

Негизинен (райондогу жана айылдагы) бийлик өкүлдөрү деле өздөрүн мусулман деп эсептегендиктен башка диндеги/ишенимдеги кыргыздарга карата жекече терс көз карашта. Инсан катары ар бир жаран каалагандай көз карашта боло алат, бирок мамлекеттик кызматкерден мыйзам таламын талашкан, мыйзамдуу аракеттерди жасоо күтүлөт. Тилекке каршы, айрым жарандардын өзүнүн жеке ишеними жана көз карашы мамлекеттик кызматты аткарууда таасир эткенин айтууга болот. Мунун баары биринчи орунда (башка себептер менен катар) маалыматтын жетишсиздигинен, башкача айтканда диний сабаттуулуктун төмөндүгүнөн болуп жатканынан кабар берет. Жалпы эле калк арасында, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлердин/бийлик өкүлдөрүнүн диний сабаттуулугун (өзү тутунган дин жөнүндө жана башка ишенимдер жөнүндө маалымат алууну) жогорулатуу маселеси курч турат.

Корутунду

Изилдөө көрсөткөндөй, мындай иш-аракеттер (башка себептер менен катар) көбүнесе калк арасындагы диндер тууралуу маалыматтын жетишсиздигинен улам келип чыгууда. Дин тутуу эркиндигинин бузулушун жана диний негиздеги чыр-чатактарды жоюу үчүн Дин комиссиясы башка мамлекеттик институттар менен биргеликте жарандардын диний сабаттуулугун жогорулатуу багытында алдыда иштерди алып барышы керек болот. Бул маселени чечүүнүн жолдорунун бири — орто мектептерде диндер тууралуу бейтарап сабактарды киргизүү жана калк арасында бейтарап маалыматтык кампанияларды өткөрүү болуп эсептелет.

Өз кезегинде диндер жөнүндө мектеп окуучуларына билим берүү жана жарандарга маалымдоо иштерин жүргүзүү кыргызстандыктардын баарына бирдей түшүнүктүү болгон терминдердин калыптанышына өбөлгө түзөт. Бул айрыкча бир тараптуу маалымат тараткан журналисттер үчүн дагы өтө чоң мааниге ээ. Жалпыга маалымдоо каражаттарында диний азчылыктарга карата басынткан, каралаган материалдарды кезиктирүүгө болот. Ал эми маалымат алган аудитория ошол материалдардан таасирленип, диний азчылыктарга карата терс көз караш калыптанууда. Кыргызстандыктарга өлкө ичиндеги көп түрдүү диний чөйрөнү аңдап түшүнүүгө шарт түзүп берүү кажет. Бул өз кезегинде коомдо диний азчылыктар боюнча калыптанып калган терс көз караштарды азайтууга салым кошот.

Дин комиссиясы диний уюмдардын чоң-кичинесине карабастан баары менен тыгыз иштешип, диний уюмдар аралык кызматташтыкты колдоосу зарыл. Мындай кызматташтык өлкөдөгү диний көп түрдүүлүктү кабыл алууга жана өнүктүрүүгө салым кошот. Бардык жарандар диний ишенимине жана башка көз караштарына карабастан мамлекет тарабынан таанылышы жана укуктары корголушу керек. Жарандар ишениминен улам бөлүнүп, басмырланбашы кажет. Тескерисинче, аларга жаран катары мамиле кылынышы керек. Ошондой эле өлкөдөгү диний саясатты жөнгө салган бирден-бир мамлекеттик институт болгон Дин комиссиясында кызматкерлердин саны жетишсиз болууда, айркыча аймактарда. Ошондуктан аймактарда Дин комиссиясынын кызматкерлеринин санын көбөйтүү орчундуу маселелердин бири болуп саналат.

Жарандарынын бардык укуктары корголгон, мыйзам үстөмдүгү орногон жана эл аралык деңгээлде аброю бийик болгон өлкөгө айлануу үчүн кыргыз бийлиги бул чөйрөнү дагы көз жаздымда калтырбай иш алып баруусу кажет. Мамлекеттик мекемелердин, өзгөчө укук коргоо органдарынын, кандай гана түрдө болбосун басынтууга же кодулоого жол бербей кийлигишүүсү керек. Ошондо коомдогу кандай гана болбосун басынтуу азаят. Белгилүү бир деңгээлде аталган көйгөйлөр Кыргызстандагы мамлекеттик институттардын алсыздыгынан келип чыгып жатканын кошумчалап кетүү керек.

Бул макала “Сорос-Кыргызстан” фондунун “Изилдөө программасынын” алкагында жүргүзүлгөн изилдөөнүн негизде жазылган жана өзүнчө автордук материал болуп эсептелинет. Изилдөөнүн толук версиясы менен бул жерден таанышууга болот (https://soros.kg/srs/ru/home_ru/resources/publications/fellowship_program_publ/).

Сүрөт Religion.gov.kg сайтынан алынган.

3782

Написать комментарий: