Статья

Конституциянын долбоору жана Кыргызстандын адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттемелери

Кыргыз Республикасынын адам укуктары боюнча мыйзамдары жогорку эл аралык стандарттарга канчалык жооп бериши керек деген соңку жылдардагы талкууларга азыркы конституциялык реформа кайрадан жан киргизди. БУУнун Уставдары жана БУУнун адам укуктары боюнча ратификацияланган негизги келишимдерине ылайык, Кыргызстан эл аралык укуктун субъектиси катары милдеттемелерди моюнуна алганын белгилеп кетүү керек. Адам укуктарынан айырмаланып, башкаруунун формасы, административдик-аймактык түзүлүш, мамлекеттин светтик мүнөзү жана ушул сыяктуу маселелер биздин өлкөнүн суверенитеттик чөйрөсүнө кирет.

Конституцияга киргизилчү өзгөртүүлөргө карабай, БУУнун тиешелүү органдары (Адам укуктары боюнча кеңеш, Келишимдик органдар – комитеттер ж.б.) Кыргыз Республикасы (КР) өз ыктыяры менен моюнуна алган адам укуктары боюнча милдеттемелерин аткарышын көзөмөлдөйт. Мисалы, Кыргыз Республикасы кезинде КРде адамдын укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушу тууралуу жеке билдирүү (башкача айтканда арыз) берүүнү караган негизги эки келишимге кошулган – Факультативдик протоколдор (ФК) боюнча Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пактыга жана Аялдарга карата дискриминациянын бардык формаларын жоюу тууралуу конвенцияга.

Укуктар жана эркиндиктердин бузулушу тууралуу эл аралык органдарга билдирүү жиберүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө жобо Конституциянын текстине киргизилеби же алынып салынабы, бул укук КРнын БУУнун келишимдери боюнча тиешелүү милдеттемелери менен баары бир камсыздала берет.

БУУнун органдары – БУУнун Комитеттери (келишимдик органдары), БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши, анын ичинде Атайын докладчылар тарабынан КРдеги адам укуктары боюнча абалдын көзөмөлдөнүшүнүн бир нече механизмдери бар.

Атайын докладчылар (тематикалык) адам укуктары бузулган фактылар боюнча жеке билдирүүлөрдү кабыл алышат жана карашат, Докладдарды чыгарышат. Универсалдуу мезгилдүү обзор БУУга мүчө өлкөлөрдүн ар бириндеги адам укуктары жана эркиндиктери боюнча маселелерди сунуш кылуу жана кароо циклдерин камтыйт.

Келишимдик органдар (комитеттер) келишимдердин аткарылышы тууралуу мамлекеттердин докладдарын жана бейөкмөт уюмдардын альтернативдик докладдарын маал-маалы менен карайт, тийиштүү чараларды кабыл алуу тууралуу өкмөткө сунуштарын чыгарат, бузуу фактылары тууралуу жеке арыздарды карайт, одоно же массалык укук бузууларды иликтөөнү демилгелейт. БУУ органдарынын сунуштарынын аткарылышы тиешелүү органдар тарабынан көзөмөлдөнөт.

БУУга мүчө жана адам укуктары боюнча негизги келишимдердин катышуучусу катары Кыргыз Республикасы үчүн Конституциянын долбоорунун, анын текстинин өз моюнуна алган  ыктыярдуу милдеттемелерге шайкеш келишин камсыздоо маанилүү. Антпесе БУУнун комитеттеринде (келишимдик органдарда) же Адам укуктары боюнча кеңеште улуттук докладдарды коргоого чыкканда адам укуктары боюнча милдеттемелер бузулганын жана мыйзамдарды, практикаларды келишимдердин жоболоруна шайкеш келтирүү зарылдыгын мамлекетке улам эскерте беришет. 

2021-жылдын 11-апрелинде референдумга коюлган КР Конституциясынын долбоору жалпысынан алганда КР мүчө мүчө болгон БУУнун эл аралык келишимдери кепилдеген адамдын универсалдуу укуктарынын жана эркиндиктеринин бардык тизмесин камтыйт.

Адам укуктары боюнча келишимдердин жоболору жарандыгына (келишимдердин текстинде алар “ар бири” же “эч ким” деп белгиленген), жарандык институтка байланыштуу жарандын укук жана эркиндиктерине (БУУ келишимдеринин текстинде “жаран” деген сөз колдонулат) карабай, ар бир адам үчүн универсалдуу деп эсептелинген укук жана эркиндиктерди кубаттайт жана мамлекеттик иштерди алып барууга катышуусун кепилдейт. Конституциянын долбоору мамлекеттик башкарууга катышуу маселесин жарандын укуктары жана эркиндиктерине кошуу аркылуу адамдын укуктары жана эркиндиктери менен жарандын укуктары жана эркидиктерин (КР жарандыгына тиешелүүлүк белгиси боюнча) туура чектейт.

Бирок эл аралык келишимдерде жана Конституция долбоорунда укук жана эркиндиктерди баяндоодо айырмачылыктар бар. Мисалы, төмөндөгүдөй айырмачылыктар:

  • Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пактыдагы айрым укуктар долбоордун текстинде укук деп аталбайт (мисалы, никеге укук), бирок алар боюнча кепилдиктер тийиштүү жоболордо камтылган.
  • Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пактыдагы айрым укуктар жана эркиндиктер КР Конституциясынын долбоорунда башкача аталат: мисалы, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пактыдагы “дин тутуу жана ишеним эркиндигине укук” же “ойдун, абийирдин жана диндин эркиндиги” долбоордо “абийирдин жана дин тутуунун эркиндиги” деп бекитилген.
  • Айрым укуктар жана эркиндиктер өз алдынча укук катары өз-өзүнчө беренелерге ажыратылган: “маалымат жана идеяларды издөө, алуу жана таратуу эркиндиги” ар кандай жол менен Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пактыга пикирди эркин билдирүү укугунун курамына кирет, а долбоордо болсо бул өз алдынча укук.
  • Кээ бир укук жана эркиндиктер, тескерисинче, Конституция долбоорунда бириктирилген. Мисалы, “ойдун эркиндиги” жана “пикирдин эркиндиги” - Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пактысы боюнча эки башка укук, а КР Конституциясынын долбоорунда алар чогуу кетет. Мындан улам Баш мыйзамда айрым бурмалоолор пайда болуп жатат, алар анык бир укуктарды ишке ашыруу жана коргоодо көйгөйлөргө алып келиши ыктымал. Айталы, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакты боюнча ойдун эркиндиги чектөө үчүн эч кандай негиздемени карабайт (абсолюттук эркиндик), а пикирдин эркиндигине Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пактыда жол берилиши мүмкүн болгон чектөөлөр каралган. Демек, Конституция долбоорунда ойдун эркиндиги үчүн чексиздик кепилдиги жок, анткени ал пикир эркиндиги менен байланышта кетип жатат (32-берененин 1-пункту).

(5) Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пактыдагы адамдын айрым маанилүү укуктары жана эркиндиктери Конституция долбоорунда көрсөтүлгөн эмес. Мисалы, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пактыда согушту пропагандалоого тыюу түз көрсөтүлгөн. Долбоордо бул жобо жок.

Ошол эле учурда КР Конституциясынын айрым беренелери боюнча адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктерине карата төмөндөгүдөй анык бир тобокелдиктер бар.

Укук жана эркиндиктерди коргоо Кыргызстандын укук колдонулуучу иш-тажрыйбасында тоскоолдуктарга бет келиши мүмкүн, себеби укук жана эркиндикти чектөөнүн жол берилген чеги ашып кеткен (укук жана эркиндиктерди чектөөнүн шайкештик принцибинин бузулушу). КР Конституциясынын долбоору укук жана эркиндиктерди чектөөнүн негиздери тууралуу жалпы беренени камтыганы үчүн ушундай абал пайда болот. Ал негиздеме боюнча адамдын бардык укуктары жана эркиндиктери “улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын жана адебин коргоо, башка тараптардын укук жана эркиндиктерин  коргоо максатында чектелиши мүмкүн”. Буга карама-каршы эл аралык келишимдерде адамдын ар бир укугу жана эркиндиги боюнча чектөөнүн өзүнчө шарттары аныкталат.

Ошондуктан адам укуктары тууралуу негизги келишимдердин жоболорундагыдай кылып эле Конституцинын долбоорунда ар бир укук же эркиндикке карата өзүнчө жол берилчү чектөөлөрдү аныктоону сунуштайбыз. Конституция долбоорунун 23-беренесинин 2-пункту адамдын жана жарандын бардык укуктарын жана эркиндиктерин чектөө үчүн бардык негиздерди тизмектөө менен бул милдетти чечпейт. Бул милдет КРнын аракеттеги Конституциясынын 20-беренесинде жакшы чечилген. Ушуга байланыштуу КРнын 2010-жылдагы Конституциясынын 20-беренесине мазмуну жагынан окшош беренени Конституция долбоорунда эске алуу керек.

Конституция долбоорунда адам укуктары жана эркиндиктерине байланыштуу эл аралык келишимдерде жок жаңы терминдерди ойлоп табышкан. Алсак, 10-берененин 4-бөлүгүндө: “Өсүп келе жаткан муунду коргоо максатында Кыргыз Республикасынын элине таанылган адеп-ахлактык баалуулуктарына, аӊ-сезимине карама-каршы келген иш-аракеттер мыйзам менен чектелет” деп жазылган. Мындагы Конституциянын долбооруна ылайык чектелиши мүмкүн болгон “иш-аракеттер” деген сөз эл аралык келишимдерде жок. Ал Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пактыда каралган укук жана эркиндиктерди камтышы мүмкүн, мисалы, билдирүү эркиндигин, ММК эркиндигин. А булар долбоордун ушул жобосунда сүрөттөлгөн негизге таянып чектөөгө жатпайт. “Адеп-ахлактык баалуулуктар”, "элдин коомдук аң-сезими” деген түшүнүктөр анык эмес, аларды юридикалык колдонуу кыйын, алар кеңири чечмелөөгө жатат, ошондуктан өз билемдик менен колдонуу коркунучуна ээ. Андай экен КР сакталышын милдет кылып өз моюнуна алган негизги укуктар жана эркиндиктердин бузулушуна алып келиши мүмкүн. 10-берененин 4-бөлүгүндөгү бул жобо Конституциянын долбоорунан алынып салынышы керек.

Конституциянын долбоорундагы 10-берененин 4-бөлүмүн ("коомдук аӊ-сезимге карама-каршы келген" иш-аракеттерден өсүп келе жаткан муунду коргоо тууралуу) Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пактынын 18-беренесинин 4-бөлүмүнө шайкеш келтирүүнү сунуштайбыз. Ага ылайык, ата-энелер өз ынанымдарына жараша балдарына диний жана адеп-ахлактык тарбия берүү эркиндигин мамлекет сыйлайт (ушул маселеге Баланын укуктары тууралуу конвенциянын 5, 14, 18 жана 19-беренелери да арналган). Бардык укуктар жана эркиндиктер жеке мүнөзгө ээ. Долбоордо 10-берененин 4-бөлүгү калтырылса, мамлекет эл аралык келишимдерде жок "калктын коомдук аң-сезими" деген түшүнүктү коргойт, муну менен ата-энелердин укуктарын бузат.

Баланы тарбиялоо маселелерин (долбоордун бир катар жоболору ушуга байланыштуу: 10-берененин 5-бөлүгү, 20-берененин 3-бөлүгү, 26-берененин 2-бөлүгү, 27-берененин 1-бөлүгү) баланы тарбиялап жаткан жана өз ынанымдарына жараша баласынын динге мамилесин калыптандырууга укуктуу болгон ата-энелердин укуктарына кепилдиктерди эске алуу менен аныктоо керек. Эл аралык келишимдерде адеп-ахлактык же диний тарбиялоо деген термин колдонулат. Ал ата-энелер жана аларга мамлекет тарабынан жардам берилиши менен үзгүлтүксүз байланышта. "Элдин коомдук аң-сезиими" деген түшүнүктө дин тутунууга же эч бир динди тутунбоого укуктуу болгон ата-энелердин мыйзамдуу укуктарына кийлигишүү тобокелдиги бар. Бул жагдайда "эл" деген субъект орунсуз. Башка суроо - баланы анын саламаттыгына жана өнүгүүсүнө зыянын тийгизген зомбулуктан жана маалыматтардан кантип туура коргоо керек? Бул маселе Баланын укуктары тууралуу конвенциясында көптөгөн эркиндиктерге тиешелүү болуп бир катар тармактарда "баланын мыкты кызыкчылыгында" принциби менен чечилген. Баланын мыкты кызыкчылыгында принциби Конституция долбоорунун 27-беренесинин 2-бөлүгүндө бекитилген.

Долбоордун 10-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, "Чектелүүгө жаткан иш-аракеттердин тизмеси жана жеткиликтүүлүгү, таратылышы чектелген маалыматтардын тизмеси мыйзам менен аныкталат". Долбоордун 10-беренесинин 5-бөлүгүндөгү жобонун негизинде чекке карабай, ар кандай түрдөгү маалыматты жана идеяларды каалагандай формада издөөгө, алууга жана берүүгө болгон универсалдуу укук жатат. Демек, бул жобо долбоордун маалыматты эркин издеп, алып, сактап, колдонуп жана таратуу укугуна арналган 33-беренесинин мазмунуна көбүрөөк байланыштуу. Бирок жогоруда белгиленгендей, 33-беренеде дал ушул укукка тиешелүү болгон жол берилгендиги жана шайкештиги тууралуу жоболор жок. Ошондой эле долбоордо сөз, басма сөз жана ММКлардын эркиндигин чектеген мыйзамдардын кабыл алынышына тыюу салуу тууралуу 63-беренени камтыйт. 63-берененин кепилдиктери долбоордун 10-беренесинин 5-бөлүгүндөгү жобону эске алганда декларативдик гана болуп калышы мүмкүн. 10-берененин 2-бөлүгүндөгү цензурага тыюу жана ММКнын эркиндиги, 10-берененин 4-бөлүгүнөн улам чектөө киргизүү мүмкүнчүлүгүнүн алдын албайт. 10-берененин 4-бөлүгүндөгү "иш-аракеттердин тизмесин" тасманы коюуга, көргөзмө өткөрүүгө, башкача айтканда, каалаган маданий, массалык, оюн-зоок, агартуучу, билим берүүчү жана башка иш чараларга тыюу салуу мүмкүндүгү катары чечмелесе болот. Мындай түшүнүктө "иш чара" термини эл аралык келишимдердеги көптөгөн укуктуктар жана эркиндиктерге тиешелүү болушу мүмкүн (мисалы, пикирдин эркиндиги, маалыматты издөө, чогултуу жана таратуу эркиндиги, чогулуу эркиндиги, билим алууга укук). Чектөөгө жаткан иш чаралардын тизмеси цензурага жол ачышы мүмкүн. Бул учурда негизсиз жана ченеми келишпеген чектөөлөрдөн коргоону эл аралык келишимдердин тийиштүү жоболорунан (Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пактынын 12-беренесинин 3-бөлүгү, 18-беренесинин 3-бөлүгү, 19-беренесинин 3-бөлүгү) же "демократиялык коомго зарылдыктан" (Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пактынын 21-беренеси, 22-беренесинин 2-бөлүгү, Баланын укуктары тууралуу конвенциянын 15-беренесинин 2-бөлүгү) издөөгө туура келет.

Долбоордун ММКга арналган 10-беренесинин 3-бөлүгүндө маалыматтык коопсуздук маселелери жаралат. Ошол эле учурда бул термин эл аралык укукта ММК эркиндигине эмес, телекоммуникациялык инфратүзүмгө байланыштуу колдонулат. Ошондуктан долбоордун 10-беренесинен бул пунктту алып салуу сунушталат. 

КРнын бардык Конституциялары (ар кайсы жылдарда) адатта адам укуктары жаатында өлкө моюнуна алган милдеттемелерди эске алчу. Азыркы долбоор да ушул салтты карманууга аракет кылып жатат. Бирок Конституциянын талкуудагы долбоорундагы айрым беренелердин туура эмес туюндурулушунан улам КРнын адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттемелеринин аткарылышын тобокелдикке салышы мүмүн болгон тенденциялар да пайда болду.

Адам укуктарынын жана эркиндиктеринин ишке ашышы эки нерседен: укуктар жана алардын чектелиши тууралуу жобонун туура бекитилишинен (жогоруда сүрөттөлгөндөй), ошондой эле мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарынын акылга сыярлык чектелишинен жана талаптагыдай тең салмактуулугунан (бул абдан маанилүү) көз каранды. Бийликтин ар кайсы бутактары тең салмакта болгондо, алар адам укуктары жана эркиндиктери кепилденген мыйзамдардын бузулушунан бири-бирин кармап турат.  Адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин натыйжалуу коргоо үчүн көз карандысыз жана адилеттүү сот акыйкаттыгы керек, мунун негиздери да Конституция долбооруна бекитилиши талап.

Сүрөт Photo.kg сайтынан алынды

 

 

3009

Написать комментарий: