Конституционализмди орнотуп, сактап кала алган (башкаруучулардын бийлигин конституция нормалары менен чектөө) өлкөлөр адатта илимий-техникалык прогресс, экономикалык кубаттуулук, маданий өнүгүү жана элдин бакубат турмушу боюнча алдыда турат. Конституционализмди тандоо менен адамдар колуна бийлик тийгендердин өз билемдигинен көз каранды болбош үчүн анык бир укуктар, принциптер, баалуулуктар, институттар жана процесстер өтө маанилүү экенин таанышат.
Бул инструменттердин бардыгы Кыргыз Республикасынын (КР) Конституциясында жана мыйзамдарында бекитилген жана алар баары үчүн, анын ичинде ЖК депутаттары үчүн да милдеттүү. Кеңири коомчулуктун макулдугуна негизделген универсалдуу эрежелердин (мыйзамдын бийлиги) бийлиги элди башкаруучулардын өз билемдигинен эркин кылат.
Бирок азыркы Кыргызстанда конституционализм олуттуу көйгөйлөргө бет келди. 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган күндөн бери Кыргыз Республикасынын (КР) Жогорку Кеңешинин (ЖК) 6-чакырылышы өз ыйгарым укуктарын мыйзамсыз узартып алып, Конституциянын, ЖК Регламентин жана башка мыйзамдардын, ошондой эле КРнын эл аралык келишимдеринин материалдык жана процедуралык нормаларын жаза тарпай биринен сала экинчисин бузуп келет.
ЖКнын ошондой кадамдарынын акыркысы – 2021-жылдын 11-апрелинде КР Конституциясы тууралуу Мыйзамды референдумга алып чыкканы. КР ЖК депутаттарынын басымдуу бөлүгү эмне үчүн муну ишке ашырганына карабай, мындай мыйзам бузуулар бардык процессти, ага улай Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдүн мазмунун да легитимсиз кылат. “Конституциялык реформа” процессинин легитимсиздигин аныктоо үчүн коомчулук КР Жогорку Сотунун Конституциялык Палатасынын бул жөнүндө чечимине муктаж деле эмес, анткени мыйзам бузуулар айдан ачык жана талашсыз мүнөзгө ээ.
Процедура - мыйзамдын жашоо формасы. Башкача айтканда, мыйзам процедуралык формада ишке ашырылат. Ошол эле учурда процедуралык нормалар – укуктун нормаларындай эле нормалар (мамлекеттик зордоо чаралары менен камсыздалган жүрүм-турумдун жалпыга милдеттүү эрежелери) деп саналат. Материалдык нормалар укук субъектисинин укуктарын, милдеттерин, жоопкерчиликтерин аныктаса, процедуралык нормалар ишти талкуулоо жана алып баруунун расмий тартибин орнотот.
Укуктун континенталдык системасын карап көрөлү. Кыргызстандын укуктук системасы да ушул жакка кирет. Мында процессуалдык укук материалдык укуктун жашоо формасы болот; материалдык укук биринчи орунда, а процессуалдык – экинчиде. Бирок англо-саксон укук системасында сот процедуралары укуктун негизги булагы болуп, анын негизинде материалдык укук акырындап калыптанган. Башкача айтканда, англо-саксон укук системасында процессуалдык укук материалдык укук пайда болгонго чейин жашаган, соттор биринчи кезекте процессуалдык эрежелерди карманышкан. Бул укуктук системанын жетишкендиги - бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда колдонулган эл аралык укуктун ар кандай бутактарынын калыптанышына негиз болуп бергени.
Жөнөкөй мыйзамдарга караганда конституцияларды өзгөртүү процедуралары аябай олуттуу жана татаал, анын себептери төмөндөгүдөй:
Конституция укуктун үстөмдүгүн жана эл бийлиги – демократияны коргогондуктан, баш мыйзамдын өзү жетиштүү деңгээлде түшүнбөй жана талкуулабай туруп макул деп табылган шашылыш өзгөртүүлөрдөн корголушу керек. Ошондуктан, Конституцияга өзгөртүү киргизүү процедуралары жөнүндөгү КР Конституциясы жана мыйзамдарынын нормалары эч кынтыксыз сакталышы зарыл, болбосо конституциялык түзүлүштүн негиздерине зыян келгени тууралуу сөз кетиши мүмкүн.
КР Конституциясынын, мыйзамдарынын жана ЖК Регламентинин процедуралык нормалары демилгелөө тартиптерин, кароо, талкуулоо этаптарын жана чечим кабыл алууну аныктайт. Ушул аркылуу ЖК өз ишмердүүлүгүнүн принциптерин сакташын кепилдейт. Алардын катарында ачык-айкындуулук; эл кызыкчылыгы үчүн ишмердүүлүк; эл аралык укуктун жалпы кабылданган нормаларын сактоо жана сыйлоо; КР Конституциясын жана мыйзамдарын сактоо; пикирди эркин билдирүү жана чечимди коллегиалдуу кабыл алуу; саясий көп түрдүүлүк принциптери бар. (ЖК Регламентинин 4-беренеси).
Дүйнө өлкөлөрү өз конституцияларын жакшы ойлонулбаган өзгөртүүлөрдөн кантип коргошот
Мындагы негизги талаптар: конституцияны коомдун жыргалчылыгы үчүн гана өзгөртүү үчүн кеңири коомдук талкууну уюштуруу; алысты көрө албаган же жеке кызыкчылыгын көздөгөн өзгөртүүлөрдөн конституцияны коргоо үчүн жетиштүү консенсустун болушу.
Азыркы конституциялар ар кандай формулаларды колдонушат, алар жөнөкөй мыйзамдарга караганда конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү процессин кыйыныраак кылат. Адатта төмөндөгүдөй механизмдер болот: (a) парламентте квалификациялуу көпчүлүк эрежеси; (б) референдум; (c) кош чечим эрежеси, ал анык бир убакытка карманууну же эки ортодогу шайлоолорду камтышы мүмкүн.
Мындай принцип конституцияны өз билемдик менен бир тараптуу өзгөртүүгө тоскоолдук жаратууга багытталган. Мисалы, конституцияны өзгөрткүсү келгендер ЖК депутаттарынын 2/3 добушун алыш үчүн оппозиция же макул болбой жаткан депутаттар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек болот. Мындай көпчүлүктү талап кылуу жогорку кызмат адамдарына фундаменталдык эрежелерди оңой же бир тараптуу тартипте өзгөртүшүшүнө жол бербейт жана ар бир өзгөртүү саясий күчтөрдүн кеңири спектри тарабынан колдоого алынып жатканын кепилдейт.
Конституция мамлекеттин укуктук жана саясий негизи болгондуктан, анын легитимдүүлүгү суверенитеттин булагы – элден чыгышы керек. Бул конституцияны иштеп чыгуу жана талкуулоо боюнча иш чаралардын басымдуусуна адамдардын чындап тартылышы менен камсыздалат.
Референдумга талаптар – шайлоочулардын катышуу босогосунун жоктугу калктын анча чоң эмес пайызы конституцияга өзгөртүү киргизе аларын билдирет (мисалы, 2001-жылы Ботсванда шайлоочулардын 5%га жетпегени келип, өзгөртүүлөрдү кабыл алган). Шайлоочулардын минималдык катышуусун жөндөгөн конституциялар электораттын 40%нан (Дания) 50%га (Корея) чейинкисин түзөт. Референдумда чечим кабыл алуу үчүн талап кылынган көпчүлүк добуш - добуштардын (жарактуу) 50%дан ашыгынан тарта айрым учурларда 3/4 бөлүгүн түзөт.
Конституцияны өзгөртүүгө чоң тоскоолдук жараткан талап – конституцияга өзгөртүүлөрдү биринчи бекитүү менен соңку бекитүүнүн аралыгында парламенттик шайлоо өткөрүлүшү керек (мисалы, Финляндия, Греция жана Панама). Бул конституцияга өзгөртүү киргизүү процессине шайлоочуларды кыйыр түрдө – шайлоо аркылуу тартууга мүмкүндүк берет. Мисалы, Нидерланддарда өзгөртүүнү парламент эки жолу кубатташ керек: шайлоого чейин парламенттин бир курамы менен, жалпы шайлоодон кийин экинчи жолу эки палатада 2/3 көпчүлүк добуш менен.
Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү 70тен ашык конституция өзгөртүүсүз жоболорду камтыйт, аларды өзгөртүүгө тыюу салынган. Мисалы, улуттук биримдик (Индонезия), дин макамы (Тунис), көп партиялуулук (Румыния), башкаруунун демократиялык же республикалык формасы (Франция), шайлоо укугу (Бразилия), адамдын негизги укуктары (Германия) жана президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн чектөө (Гондурас).
Көпчүлүк конституциялар бөтөнчө каатчылык маалдарда (өзгөчө абал же аскердик абал, мисалы, Камбоджа, Эстония, КР) өзгөртүү киргизүүгө тыюу салат. Бул чыңалуу же зордоо шартында өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн алдын алат, айталы, бийликти узурпациялоо үчүн жалпы коркунучту, коомдук талкууга мүмкүнчүлүктүн жоктугун жана оппозициялык ишмердүүлүк чектелип турганынан пайдаланып кетишет.
Анык бир адамдардын өзгөртүү киргизишине тоскоолдук жараткан чектөөлөр бар: конституцияга кызматтын макамына байланышуу киргизилген өзгөртүүлөр аракеттеги кызмат адамдарына колдонулбайт. Андай өзгөртүүлөр өзгөртүү кабыл алынгандан кийин кызматка келген адамдарга карата гана күчкө ээ болот. Мисалы, президенттик ыйгарым укуктардын мөөнөтүнүн узартылышы өзгөртүү кабыл алынып жатканда иштеп жаткан президентке жайылтылбайт (Түштүк Корея). Бул анык бир чиновниктердин өз кызыкчылыгында конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизишинен качууга жардам берет.
Жаңы Конституцияны кабыл алуу тууралуу референдумду дайындоодо ЖК тарабынан процедуралардын бузулушу
Бул бузуулар бир катар эксперттер жана уюмдар тарабынан жакшылап анализденген. Биз толуктагандан кийинки бузуулардын тизмеси төмөндөгүдөй:
КР ЖКнын 6-чакырылышы жол берип, мындай деңгээлдеги мыйзам долбоорунун депутаттардын үтчөн бир бөлүгү менен киргизилиши Конституция талаптарын бузат жана юридикалык жактан негизсиз. Бул - парламенттин ээн баштыгы. Мыйзам долбоорун мынтип киргизүүнү, Конституция талап кылгандай, 300 миң шайлоочунун ордуна 30 миң шайлоочунун демилгеси менен алмаштырып койгонго тете (11-берененин 2-пункту). Андыктан ЖК төрагасы мыйзам долбоорун артка кайтарууга милдеттүү эле, КР Президенти болсо укукка жат жол менен пайда болгон референдумду 2021-жылдын 11-апрелине дайындоо боюнча Мыйзамдын долбооруна кол коюуга укуксуз эле.
Белгилей кетели, 2020-жылдын 17-ноябрында 80 депутат киргизген 2021-жылдын 10-январына референдумду дайындоо мыйзамынын жана конституциянын долбоорлору - ЖК кабыл алган долбоорлор эмес. Бул мыйзамдардын долбоорлорунун тексттерине өзгөртүү киргизилгени белгилүү. А ЖК Регламенти боюнча конституция долбоорунун киргизилген расмий текстин ЖКда референдумду дайындоо мыйзам долбоору талкууланган учурда өзгөрткөнгө болбойт (66-берененин 2-бөлүгү). Демек, ЖК алардын кароосуна расмий киргизилбеген референдумду дайындоо тууралуу Мыйзам долбоорун, анын ичинде Конституциянын өзүнүн да долбоорун кабыл алды.
8) Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу референдумду дайындоо боюнча Мыйзамды кабыл алуу мөөнөттөрү бузулган – ЖКга мыйзам долбоору келип түшкөн күндөн тарта бир айдан кем эмес (ЖК Регламентинин 66-беренесинин 3-пункту; Референдум тууралуу конституциялык мыйзамдын 12-беренесинин 3-бөлүгү). Мыйзам долбоору ЖКга 2021-жылдын 1-мартында келип түшкөн, бирок эки күндөн кийин – 3-мартта биринчи окуудан кабыл алынып, 10 күн ичинде толугу менен кабыл алынды.
9) 11-мартта ЖК мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окуудан кабыл алды, муну менен эки одоно катага жол коюшту: экинчи жана үчүнчү окууну мыйзамсыз бириктирип салышты, окууларды өткөрүү мөөнөттөрүн бузушту. Окуулардын ортосундагы аралык 10 иш күнүнөн кем болбошу керек (ЖК Регламентинин 55-беренеси). 1. Бүгүнкү күндө мыйзамды дароо эки окуудан (биринчи жана экинчи) кабыл алуу үчүн өлкөдө өзгөчө абал же мыйзам менен аныкталган башка негиздемелер жок. 2. Ошол эле учурда биринчи жана кийинки окуунун ортосунда 10 эмес, 6 гана иш күнү өттү.
10) Конституцияга өзгөртүүлөрү киргизүү боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзамдын долбоору мыйзам (ЖК Регламентинин 66-беренесинин 3-пункту; Референдум тууралуу конституциялык мыйзамдын 12-беренесинин 3-пункту) талап кылгандай депутаттардын 2/3 добушу менен кабыл алынган жок.
3-марттагы биринчи окуу учурунда 96 депутат каттоодон өткөнү айтылган. Бирок бардык бузууларды, анын ичинде ЖК отурумунда кворумдун жоктугун далилдеген видеоматериалдар бар. Расмий маалымат боюнча “макул” деп 87 депутат добуш берген, “каршы” – 9. Бирок бул чындыкка коошпойт: отурумга келбеген 6 депутат “добуш бергендердин аты-жөнү жазылган” тизмеде “макул” дегендердин катарында жүрөт. Анын үстүнө “добуш бергендердин” экөөсү ошол учурда СИЗОдо отурган. Демек, ЖКда керектүү 80 добушту ала алышкан жок, добуш берүүнүн жыйынтыгы болсо жалган.
11-марттагы экинчи жана үчүнчү окууда расмий маалымат боюнча “макул” деп 94 депутат добуш берген, “каршы” – 6; каттоодон өткөндөр – 100. ЖМКлардын маалыматында, залда 83 гана депутат болгон. Каршы болгон 6 добушту алып салсак, “макулга” 77 добуш калып жатат, а талап боюнча 80 добуш керек эле.
Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жасалмалоо үчүн депутаттардын жоопкерчилиги
Бул жөнүндө юристтер көп эле айтып, жазып чыгышты. Кыскача белгилеп өтөлү. КР Жазык кодексине ылайык, расмий документти (биздин учурда добуш берүүнүн жыйынтыктарын) жасалмалоо эки жарым жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат (КР Жазык кодексинин 359-беренесинин 1-бөлүгү).
Келбеген кесиптештеринин ордуна бир катар депутаттар баскычтарды басышкан. А КР ЖК Регламенти мыйзам долбоору үчүн жок депутаттардын ордуна добуш берүүгө жол бербейт. Чечүүчү добушту (чектөөлөрү менен) бирөөгө берүү укугу мыйзам долбооруна тиешеси жок маселелерде гана ишке ашат (КР ЖК Регламентинин 86-беренеси). Демек, добуш берүү баскычтарын баскан депутаттар кызмат абалынан кыянат пайдаланышты жана алар жоопкерчиликке тартылышы керек. КР Жазык кодексине ылайык, жооптуу кызмат адамы өзүнүн кызматтык абалын кызматынын кызыкчылыктарына каршы, жеке кызыкчылыгын көздөп пайдаланса, жети жарым жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылып, 180 000 сомдон 220 000 сомго чейинки айып төлөйт (КР Жазык кодексинин 32-беренеси).
Сүрөт Photo.kg сайтынан алынды
Комментарии